Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Жээнбеков: БУУ терроризмге каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун аракетин координациялашы керек


Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат.
Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрдагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы видеокайрылууда терроризм маселесине токтолду.

Жээнбеков БУУнун Бишкекте жайгашкан Глобалдык контртеррористтик башкармалыгынын ишине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Терроризм жана экстремизм да биздин дүйнөгө олуттуу коркунуч келтирет. Террористтик коркунучка каршы күрөшүүдөгү эл аралык коомчулуктун аракеттерин координациялоо боюнча негизги ролду БУУ ойношу керек. БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясынын натыйжалуу ишке ашырылышын жактайбыз», - деди президент.

Мамлекет башчы Жээнбеков Кыргызстан Борбор Азияда өзөктүк куралдын болбошун жактай турганын айтты.

Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы, экология маселелерине токтолду. Жээнбеков Кыргызстан БУУнун бардык аракеттерин колдой турганын айтып, уюм өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү экенин билдирди.

21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатат. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыгат. (TSh)

XS
SM
MD
LG