Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Жээнбеков БУУнун жыйынында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кылды


Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат.
Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы жалпы дебаттардын алкагында видеокайрылуу жасады. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды.

Анда Жээнбеков Кыргызстан адам укуктарын бекемдөө принциптерин карманарын белгилеп, өлкөнүн өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин түзүлгөнүн айтты. Ал стратегияда ар бир жарандын укугун коргоо каралганын билдирди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого бардык эл аралык байкоочулар чакырылганын айтып, саясий жарыш ачык өтө турганын белгиледи.

«Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүшү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз», - деди президент.

Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу, экология маселелерине токтолду. Жээнбеков Кыргызстан БУУнун бардык аракеттерин колдой турганын айтып, уюм өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү экенин билдирди.

Президенттин толук кайрылуусу бул жакта.

21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыгат. (TSh)

XS
SM
MD
LG