Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Макрон Шинжаңга эл аралык миссия жөнөтүүгө үндөдү


Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бирикккен Улуттар Уюмун (БУУ) Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном облусундагы жагдайга көңүл бурууга чакырды.

Ал 21-сентябрда аталган уюмдун Башкы Ассамблеясындагы видео кайрылуусунда аймакка бул уюмдун атынан эл аралык миссия жөнөтүүнү сунуш кылды.

Буга чейин Шинжаңда негизинен уйгур, казак жана кыргыз улутундагы миңдеген мусулман жарандар лагерлерде эркинен тыш камалып турганы жөнүндө маалымат чыккан. Бээжин мындай дооматты такай четке кагат жана мындай жайларды «кесип үйрөтө турган борборлор» деп атайт.

Эммануэл Макрон БУУнун Башкы Ассаблеясынын жыйынында аталган уюмдун адам укуктарын коргоо боюнча негизги милдетин эске салды. Ушундан улам Кытайдын Шинжаң аймагындагы абалды текшерип-иликтөөгө чакырды:

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

«Негизги адам укуктары - бул Батыштын эле идеясы эмес. Бул БУУнун мүчөлөрү өз эрки менен кол койгон, макулдашкан текстте жазылган биздин уюмдун принциптери. Ушундан улам Франция уйгур азчылыгынын абалына байланыштуу жамааттык тынчсызданууну эске алуу менен Шинжаңга миссия жөнөтүүнү сунуш кылат».

Азырынча Макрондун мындай сунушу колдоо табар-таппасы белгисиз.

Бир катар Батыш мамлекеттери, эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз камап турганы үчүн айыпташат. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде эркинен тыш, катаал шартта кармалып турганын айтып, жардам сурашкан.

Вашингтон Бээжинди Шинжаңдын тургундарын эмгекке мажбурлап, негизсиз кармап, калктын санын күчтөп көзөмөлдөп, алардын маданиятын жана мусулмандардын ишенимин жок кылууга аракет кылып жатат деп күнөөлөйт. Өткөн аптада АКШ Шиңжаңда өндүрүлгөн, жасалган кытайлык товарларды алып кирүүгө тыюу салган.

Мындан көп өтпөй эле, 17-сентябрда Кытай бийлиги өзү «кесиптик окуу борборлору» деп аталган жайлар тууралуу баяндама жарыялаган. Анда 2014-жылдан тартып былтыркыга чейин жыл сайын борборлордон Шинжаңдын 1,3 миллион калкы билим алып турганы белгиленген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин АКШнын дооматтарын четке каккан:

«Шинжаңдын иши - бул Кытайдын гана ички маселеси жана Кошмо Штаттардын буга байланыштуу комментарий бергенге акысы жок. АКШдагы айрым саясатчылар узак убакыт бою Шинжаңдын адам укуктарын коргоо боюнча опол тоодой аракеттерин болбогон бир үгүт аркылуу жокко чыгарып келди. Алардын дооматы таптакыр негизсиз жана жалган, туура эмес маалымат болуп саналат».

Өткөн жылдын аягында АКШнын Өкүлдөр Палатасы Кытайдагы мусулман азчылыгынын таламын талашкан мыйзам долбоорун да кабыл алган. Ал документте да мусулмандарды ар тараптан кысымга алган саясатына байланыштуу Бээжинге басым-кысым көрсөтүүчү чаралар жазылган. Андан мурдараак АКШнын Сенаты да Кытайдагы уйгурларга байланыштуу мындан жумшагыраак чаралар каралган мыйзам долбоорун колдогон.

Бээжин документти «Кытайга карата кара ниет чабуул» деп баалаган жана анын кесепети оор болорун эскерткен. Анын алдында Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган.

Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.

XS
SM
MD
LG