Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Шинжаңдагы төрөткө каршы саясат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы уйгур жана башка аз улуттардын саны көбөйтпөө үчүн катаал чараларды көрүп жатканы тууралуу иликтөө жарыяланды.

Кытай боюнча эксперт Адриан Зенц жана «Associated Press» агенттиги жарыялаган иликтөөлөрдө Бээжин негизинен мусулман аялдарды төрөттөн калтыруу үчүн ар кандай ыкмаларды жана каражаттарды колдонуп жатканы, бойдон мажбурлап алдырган учурлар көбөйгөнү айтылат. Кытай бийлиги болсо мындай дооматты четке кагууда.

Төрөт үчүн айып

Кытайдын Шинжаң аймагынан келген казак тектүү Гүлнара Өмүрзак үчүнчү баласын мындан беш жыл мурун төрөгөн. Ошол маалда дарыгерлер ага бойго бүтүрбөгөн каражатты - спиралды мажбурлап салдыртышкан. Көп өтпөй эле жергиликтүү бийлик үчүнчү баласын «мыйзамсыз төрөлгөн» деп чыккан:

«2015-жылы күйөөм лагерге камала электе, үчүнчү баламды төрөгөндө баары мыйзамдуу деп, мага баламдын бардык документтерин, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жарандыгы тууралуу күбөлүгүн беришкен. Кийин күйөөм лагерге киргенден кийин эле үчүнчү баламды мыйзамсыз төрөлгөн деп чыгышты».


Бийлик Гүлнара Өмүрзакка экиден көп балалуу болгону үчүн 2,5 миң доллардан ашык айып салган. Эгер төлөбөй турган болсо күйөөсү жаткан лагерге камап коюшарын айтып опузалашкан:

«Айып төлөгөнгө менин бир дагы тыйыным жок болчу. Жанымды араң багып отургам. Күйөөм камакта болчу, өзүм балдарым менен батирде жашачумун. Күйөөмдүн камалганын уккандан кийин үч балам тең ыйлайт. Эки кызым «Эгер сен да камалып калсаң бизди ким багат, каякка барып жашайбыз?» деп ыйлашат».

Гүлнара Өмүрзак Шинжаңда аялдардын боюнан мажбурлап алдырткан, төрөттөн калтырган көрүнүштөр көбөйгөнүн, мындан улам келиндер төрөгөндөн чочулап калышканын кеп салды:

«Алар эч кимден сурабай туруп эле ийне сайып, бойдон зордоп түшүрүп салышат. Эгер алар баланын төрөлүшү мыйзамсыз дешсе, анда аборт жасатышат. Ага көнбөгөндөрдү жанагы аты жаман жайга - лагерге жөнөтүп салышат. Ошондуктан элдин баары коркот. Азыр мендей болуп төрөгөндөн деле коркуп отурушса керек».

Кытай боюнча эксперт Адриан Зенц 29-июнда жарыялаган иликтөөдө Кытайдын мындай саясаты бара-бара демографиялык геноцидге алып келиши мүмкүн экени айтылат. Ошондой эле бул жагдай боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керектиги белгиленген.

Эксперт иликтөөсүндө кытай өкмөтүнүн расмий документтерин, жергиликтүү тургандардын айткандарын колдонгон:

«Кытай бийлиги Шинжаңдагы төрөттү азайтуу үчүн системалуу жана ырайымсыз аракет көрүп жатат. Биз бойго бүтүрбөй турган каражаттарды мажбурлап жапырт салдыруу, төрөттү чектөө саясатын бузгандар кабылган коркунучтарды, боюнда бар-жогун жапырт текшерүү тууралуу, эми болсо аялдарды мажбурлап төрөттөн калтырган далилдерди айтып жатабыз».


Адриан Зенцтин иликтөөсүнө ылайык, Кытайда «Бир үй-бүлөгө бир бала» деген саясат жоюлгандан кийин соңку жылдары жатынга бойго бүтүрбөй турган каражатты салуу азайган. Бирок мындай көрүнүш Шинжаңда көбөйгөн.

Эгер 2014-жылы Шинжаңда 200 миң мындай каражат колдонулган болсо, 2018-жылы 330 миңге көбөйгөн. Ошол эле учурда Шинжаңда балдардын төрөлүшү соңку жылдары 24 пайызга азайган. Ал эми жалпы өлкө боюнча төрөт 4,2 пайызга гана төмөндөгөн.

Негизинен уйгурлар басымдуулук кылган Кашкар, Хотан өңдүү райондордо балдардын төрөлүшү 2015-2018-жылдары дээрлик 84 пайызга азайган. Былтыр да ушундай эле көрүнүш уланган. Баяндамада Кытай бийлиги төрт айылда аялдардын төрөтүн 20 пайызга азайтуу пландалып жатканы белгиленген.

Буга чейин Бээжин өзү «тарбиялоочу лагерлер» деп аталган жайларга байланыштуу эл аралык коомчулуктун сын-дооматына кабылган. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытайда жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармалып отурат. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG