Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:37

Кытай «кесиптик борборлор» тууралуу баяндама чыгарды


Шинжандагы постто турган полиция кызматкери, Кытай.
Шинжандагы постто турган полиция кызматкери, Кытай.

Кытай «кесиптик окуу борборлору» тууралуу баяндамасын жарыялап, ага Шиңжандын 7,7 миллион адамы тартылганын ырастады.

Кытай бийлиги 17-сентябрда «кесиптик окуу борборлору» тууралуу документти жарыялады. Анда 2014-жылдан 2019-жылга чейин жыл сайын борборлордон Шинжаңдын 1,3 миллион калкы билим алып турганы белгиленген. Документ АКШ кытайлык товарларды алып кирүүгө тыюу салгандан үч күндөн кийин жарыкка чыкты.

22 миллион элдин 7,7 миллиону «кесиптик окуудан» өткөн

Кытайда жарыяланган жаңы документте «кесиптик окуулар» жарандардын ишке орношуусуна жана жакырчылыкка каршы күрөшүүгө жардам берери айтылган.

«Шинжаңда жаңы доордун талаптарына ылайык билим менен иш жөндөмүнө ээ болгон инновациялык жумушчу күчү даярдалды», - деп айтылат баяндамада.

Баяндамада ырасталгандай, «кесиптик окуу борборлорунда» Шинжаң жашоочуларын мандарин тилинде (кытайдын түндүк диалекти, дунган тили да мандарин тилине кирет) жазууга жана өз оюн эркин айтууга, «калаа шартындагы турмушка» ылайыкташкан кесиптик жөндөмгө жетүүнүн жолдорун үйрөтүшкөн. Кытай бийлиги борборлордогу окуудан кийин айылдан келген адамдар өз алдынча иш баштап, заводдорго жумушка киришкенин айтууда.

Баяндама жарыяланардан үч күн мурда АКШ президентинин акимчилиги Шинжаңда иштеген кытайлык беш компанияга пахта, кийим-кечек, чачка коюлчу каражаттар менен компьютер жабдууларын ташып кирүүгө тыюу салды. Буга аталган аймакта мыйзамсыз эмгек күчүн пайдаланышы ыктымал деген божомол негиз берген. Андан мурдараак Вашингтон Шинжаңдагы адам укугунун бузулушуна тиешеси бар делген бир топ компаниялар менен кызмат адамдарына санкцияларды салган.

Шинжаңдагы мусулман зайыптар менен Кытай аскерлери.
Шинжаңдагы мусулман зайыптар менен Кытай аскерлери.


Бийлик Шинжаңдагы жакырчылыкты «жикчилдик» менен түшүндүрдү

Эл аралык коомчулук Шинжаңдагы миллиондон ашуун уйгурлар менен ислам динин тутунган этникалык топтордун адам укугун одоно бузуп, аларды саясий лагерлерде шыкап салганын айыптап келет. Чет өлкөгө карабашын калкалап качып чыккан абакта кармалгандардын дээрлик баары лагер дегендери кесипке үйрөтчү окуу жайы эмес, ал жерде кармалгандар зордук-зомбулукка, кыйноого кабылып, мажбур ишке чегерилерин айтышат.

Кытай андай айыптоолорду четке кагып, жайнаган лагерлерди «кесипке окутуучу борборлор» деп атайт, ал жерде кытай тили менен адистиктерге окутушат деп эсептейт.

«Шинжаңдагы жумуш менен камсыздоо жана эмгек укугу» деген документте ырасталгандай, 2014-жылдан 2019-жылга чейин жылына орто эсеп менен 1,29 миллион адам окуудан өтүшкөн. Алардын канчасы саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде кармалганы, аталган программага канча ирет катышканы документте көрсөтүлгөн эмес.

Болгон маалыматтарга таянсак, алты жыл ичинде «кесиптик окууларга» 7,7 миллион адам тартылган. Шинжаңда жашаган элдин саны 22 миллион адамды түзөт, ал эми кытай өкмөтү тарабынан уюштурулган «борборлордон» чөлкөмдө жашагандардын 35% окуудан өтүшкөн.

Баяндамада «борбордогу окууга» тартылган 1,29 миллион адамдын 451 400 кишиси Шинжаңдын түштүк аймактарынан келишкени ырасталган. Документте чөлкөмдө жакырчылык күчөп, билим алууга шарт түзүлбөй, кесиптик шык-жөндөмдүн төмөнкү деңгээли өкүм сүрүп жатканы белгиленет. Кытай бийлиги мунун баары Шинжаңда жашаган калктын «жанкечтилик көз карашынын» таасиринен болуп жаткан иш деп эсептейт.

Шинжаң району. Хотан аймагынын жашоочулары кытай бийлиги уюштурган аткаминерлер менен журналисттерди куттукташууда. 5-январь, 2019-жыл.
Шинжаң району. Хотан аймагынын жашоочулары кытай бийлиги уюштурган аткаминерлер менен журналисттерди куттукташууда. 5-январь, 2019-жыл.


«Кытай кыйыр болсо да моюнга алды»

Гонконгдо чыкчу «South China Morning Post» (SCMP) гезитине берген маегинде Ички Монголиядан келген эксперт ысымын жашырып, расмий Бээжин саясий лагерлерде канча киши кармалып турганын «кыйыр болсо да моюнга алганын» билдирген.

«Кытайдын терроризмге каршы күрөшү 2014-жылдан тартып башталганын эске алсак, «2014-жылдан 2019-жылга чейин 1,3 миллион адам окуудан өткөнү» батыш сынчыларынын баамына илинген абакта кармалгандардын санына кыйла жакындашып кетет», - дейт эксперт.

Түштүк Азия маселелерин изилдеген Тайвандагы Цинь Хуа улуттук университетинин окутуучусу Ши Цзян Ю SCMP басылмасына берген маегинде Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо» программасына канча адам катышканын Бээжин биринчи ирет ачыкка чыгарганын белгилеген.

«Ачык айтыш керек, бул документте баяндалгандар толук эмес. Иш жүзүндө мунун баары АКШ алдында актануу эле, «алар эч нерсе деле кылышкан жок, бирок ойдо жок жерден осол иш болуп калды» дегендик. Документте эң маанилүү маселе козголбой калган — бул мусулмандарга каршы жасалган иш да. Саясий кайра тарбиялоого миллиондон ашуун адамды айдап жатышат, муну кайсы бир «эмгек» же «иш менен камсыздоо» деп шылтоо кылуу жарабайт да», - деген Ши Цзян Юнун пикирин басылма жарыялаган.

Материалды даярдоодо BBC, SCMP, «China Daily Asia» басылмаларынын айрым маалыматтары пайдаланылды.

XS
SM
MD
LG