Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Бириккен Улуттар Уюму 75 жылдыгын белгиледи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-сентябрдагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мааракелик датасында 180 мамлекеттин лидерлери жана расмий өкүлдөрү ар бири үч мүнөттөн видео кайрылуу жасашты. Андан кийин БУУнун жетишкендиктери менен кемчиликтерин, алдыдагы максаттарды сөз кылган декларация боюнча макулдашты.

Уюм жайгашкан өлкөгө – АКШга биринчи болуп сөз тийген, бирок президент Доналд Трамп кайрылуу жасаган жок. Анын ордуна уюмдагы өкүлдүн орун басарынын милдетин аткарган дипломат сүйлөдү.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш көп тараптуулукту жандандырууга чакырып, жаңы коронавирус дүйнөдөгү талуу маселелердин бетин ачканын, биргелешип аракет көрүү зарылдыгын көргөзгөнүн айтты:

«Эч ким дүйнөлүк өкмөттү каалабайт, бирок дүйнөлүк алкактагы башкарууну жакшыртыш үчүн чогуу аракеттенүүгө тийишпиз. Көп тараптуу байланыштар түйүнү аркылуу эл аралык финансы институттары, чөлкөмдүк уюмдар, соода блоктору жана башкалар биргелешип иш жүргүзүшү керек».

Гутерриш жакырчылык, климаттагы өзгөрүүлөр, геосаясий чыңалуу, өзөктүк куралдын коркунучу сыңары маанилүү маселелерге токтолду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда пандемиянын өлкө экономикасына тийгизген таасири жөнүндө сүйлөдү. Президент пандемияда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн өнөктөш өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Коронавирус пандемиясынан улам мааракеге тушташ башталган Башкы Ассамблеянын жыйыны виртуалдык форматта өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG