Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Тажикстанда шайлоо эски ыкма менен өтөт


Постсоветтик өлкөлөрдө жарандык коомдун демилгеси менен бийлик шайлоодо таза жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн добуш берүүнүн жаңы технологияларын киргизүүгө аракет кылып жатса, расмий Дүйшөмбү бул теманы кыйгап өтүүдө.

11-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо добуш берүүнү электрондоштуруу маселеси буга чейин каралган эмес. Серепчилер өлкөдөгү бардык демилгелер президенттен жана ал жетектеген партиядан көз каранды экенин белгилешет.

Эски ыкмага байланган шайлоо

Тажикстанда добуш берүү жараянында жаңы технологияларды колдонуу ыктымалдыгы тууралуу сөз суу кечпей калды. Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын электрондук шайлоону өткөрүү канчалык мүмкүн деген суроосуна 11-сентябрда расмий кат менен так кесе жооп берди:

«Ачык жана демократиялык шайлоону өткөрүүнүн эл аралык стандарттарынын бири - шайлоо мыйзамдарынын сакталышы болуп эсептелет. Баш мыйзамга жана «Тажикстан Республикасынын президентин шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекет башчысын шайлоо Тажикстандын жарандары тарабынан жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлөт. Добуш берүүнүн башка түрлөрү мыйзамда каралган эмес», - деп айтылат катта.

Ошентип тажик Боршайкому учурдагы мыйзамдарга таянып, кийинки шайлоого чейин добуш берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү маселесин жапты. Ошондой эле Боршайком добуш берүү купуялуулук принцибине таянып, шайлоо участкаларында камераларды орнотуу сунушун да четке какты.

2020-жылдын апрель айында өлкөдөгү бардык гаджеттердин IMEI номурун каттоодон өткөрүү милдеттендирмеси киргенде эч ким жеке купуялуулукту сактоо укугу тууралуу сөз кылган эмес.

Дүйнөлүк тажрыйба

Заманбап технологияларды эске алуу менен добуш берүүнүн жаңы түрлөрү Батыш өлкөлөрүндө кеңири колдонулат.

Электрондук система аркылуу добуш берүүнүн ар кандай ыкмалары дүйнөнүн отуздан ашуун мамлекетинде, мисалга алсак АКШ, Бразилия, Швейцария, Эстония, Бельгия, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө жайылган.

Мындай добуш берүү системасы толугу менен аралыктан жүргүзүлүп, жаран өзүнүн жеке компьютеринен шайлоо участогундагы терминал аркылуу добуш бере алат. Мындай технологияларды колдонуу боюнча талкуу Украинада да уланууда. Демилгечилердин айтымында, мындай демилге ачык-айкындуулукту камсыз кылып, көз боёмочулукту азайтат, эки жолу добуш берүүнү жокко чыгарат жана шайлоого кеткен мамлекеттик финансылык чыгымдарды акырындык менен кыскартат.

Ушул сыяктуу технологиялар бир гана шайлоо жараянында гана киргизилбестен, оппозиция, жарандык коом жана башка институттар добуштарды саноодо альтернативдүү ыкма катары колдонушат.

Беларустагы акыркы президенттик шайлоону эске алсак, анда шайлоочулардын добушун коргогон программисттер атайын платформа түзүп, шайлоочуларга шайлоо күнү каттоодон өтүп, бюллетендин сүрөтүн жөнөтүүнү сунуш кылышкан. Ал программа добуштарды санап чыгып, альтернативдүү шайлоонун натыйжаларын көрсөткөн.

Же болбосо 2019-жылы орусиялык оппозициянын лидери Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан «Акылдуу добуш берүү» ыкмасы буга мисал боло алат. Долбоор талапкерлердин ортосундагы добуштардын чачырандылыгын жоюуга жана бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын эң күчтүү оппонентин колдоого багытталган.

Серепчилер бул долбоорлор эгер добуштардын жыйынтыгына таасирин тийгизбесе, жок дегенде коомдун бийликке болгон нааразычылыгын көрсөтөрүн божомолдошот.

Колдоо таппаган демилгелер

Тажикстандагы «Интернет саясаты үчүн жарандык демилге» коомдук фондунун директору Мухаммади Ибодуллоев мындай демилгелер мыйзам кабыл алынмайынча иштей албайт деп белгилейт.

«Кандай гана демилге болбосун ишке киргизүү үчүн жеткиликтүү технологияны, байланышты, платформаны жана адамдын жөндөмүн талап кылат. Мунун бардыгы алгач өлкөдө мыйзамдар менен колдоого алынышы керек».

Ал эми Тажикстанда жарандык коом өкүлдөрүнүн шайлоо жараянына нааразылыгы дээрлик угулбайт. Ушул жылдын май айында гана оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматилло Зойиров кайрылуу жасаган. Анда саясатчы шайлоо жарыяланганга чейин бирдиктүү шайлоочулардын тизмесин түзүү, президенттикке талапкерлерди көрсөтүп, кол топтоо жараянынын жана шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн кайра карап чыгууну сунуш кылган. Бирок бул сунуштардын бири да каралган эмес.

Тажик журналисти Иршод Сулаймони өлкөдө ар кандай өнүккөн технологияны колдонуу символикалык гана мааниге ээ болорун баса белгиледи.

«Электрондук добуш берүүнү, анын ичинде биометриканы киргизүү таза жана ачык шайлоону өткөрүү эрктүү өлкөлөргө гана мүнөздүү деп ойлойм. Мындай жаңыланууларды президенттикке талапкерлер чыныгы жарышка түшкөндө гана күтсөк болот», - деп билдирди тажик журналист.

Тажик коомчулугунда шайлоо системасын реформалоо тууралуу демилгелер акырындап ушула баштаганы чындыгында резонанс жаратууда. Мисалы президенттик шайлоого өзүн өзү талапкер кылып көрсөткөн жаш юрист Фаромуз Иргашевдин демилгеси тажик коомчулугун таң калтырган. Соцтармактын колдонуучулары саясий дымагынан улам анын өмүрүнө коркунуч туулушу да мүмкүн деп чочулашат.

Юридика илимдеринин доктору Шокиржон Хакимов белгилегендей, Тажикстанда өлкөнүн башкаруу системасына карабастан, бардык демилгелер президенттен жана ал жетектеген партиядан гана көз каранды.

«Азырынча бийликтегилер шайлоо жараянына байланыштуу кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүүгө кызыкдар эмес. Анткени бул өзгөрүүлөр алардын негизги кызыкчылыктары менен карама-каршы келиши мүмкүн. Учурдагы шайлоо системасы аны бурмалоого жана каалаган натыйжага жетүүгө мүмкүндүк берет», - дейт Хакимов.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт, өлкө президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейинки төрт шайлоодо учурдагы президент Эмомали Рахмон расмий түрдө жеңүүчү деп жарыяланган. Коңшу өлкөнүн эгемен тарыхында өткөн бир да шайлоо демократиялык институттар жана ЕККУ тарабынан эркин жана демократиялык деп таанылган эмес.

Кыргызстандагы электрондук шайлоо системасы

Кыргыз бийлиги 4-октябрдагы шайлоодо жаңы технологияга негизделген системаны колдонобуз деп камынып турат. Буга чейинки эки шайлоодо да электрондук система аркылуу жарандар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын «Маалыматтык шайлоо системасы» тууралуу жобосунда электрондук эсептөө урналары, добуштарды саноо, ирээттөө, маалыматтарды сактоо жана ага жооптууларды аныктоо өңдүү жагдайлар камтылган.

Кыргызстанда 2015-жылы парламенттик жана 2017-жылы президенттик шайлоодо компьютерлешкен система колдонулган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG