Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Президент Аравандагы окуя боюнча пикирин билдирди  


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы окуя боюнча өкмөттүн позициясын колдоого аларын айтып, келечекте мындай окуяларда жол бербеш үчүн тийиштүү органдар өз маалында чара көрүшү керек экенин белгиледи. Президент мындай пикирин 21-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жатып айтты.

Өкмөт башчы калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө терең иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи.

Араванда шайлоо үгүтүнүн убагында чыккан чатакта жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Алардын көбүнүн мээси чайкалган. Жабыркагандардын арасында «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шукрилло Файзуллаевдин эки иниси, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдаган. Башаламандыкта беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Мушташ жогоруда аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG