Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:09

«Ата Мекен»: Текебаевсиз тизме, Акаев баштаган «Жаңы дем»


«Ата Мекенди» бул жолу шайлоого Жанар Акаев баштап баратат.

«Ата Мекен» партиясы өз тарых-таржымалында биринчи жолу шайлоого лидери Өмүрбек Текебаевсиз аттанды жана «Жаңы дем» деген программа менен чыкты.

Карт партия парламенттин соңку эки чакырылышында босого чекти араң багындырып, марага эң артта келген. Азыркы шайлоодогу «Ата Мекендин» «Жаңы деми» түрдүүчө талданып, бааланып жатат.

«Ата Мекенди» бул жолу шайлоого Жанар Акаев баштап баратат. Ал саясатка журналистикадан келген жана парламенттин азыркы чакырылышында Социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси менен жакшы шартта, жылуу-жумшак, тактап айтканда, тизмедеги алгачкы ондукта шайланган.

Бирок Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда эле аны менен мамилеси бузулганы, КСДП фракциясынын катарынан расмий чыгарылганы белгилүү.

Ошол кезде Атамбаев Жанар Акаевдин бийликти сындаганы үчүн жемелеген жана ага «балашка» деген кайма ат да ыйгарып, ал эл оозуна тарап да кеткен.

«Биздин бир жаш балабыз Жанар Акаев «Акаев менен Бакиевдин эмне залакасы бар» деп айтыптыр. Ал «балашка» билбейт го. Анткени анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз, - деген эле Атамбаев. - Бирок Акаев менен Бакиевдин азыркы күнгө чейин каражаттары келип жатат да. Анткени алар жооп бергиси келбейт. Бул жакка катып жыйган мүлкү дагы эле бар. Ошондуктан алар референдумду өткөртпөө үчүн жанталашпадыбы. Анткени референдумдан кийин «Кумтөр» боюнча маселени көтөрөбүз».


Ушул жылдын башында Жанар Акаев саясий санаалашы, талдоочу Сейтек Качкынбаевдин Кыргыз либерал-демократтар партиясына (КЛДП) ыктаган жана алар жергиликтүү кеңештерге шайлоого кызуу даярдана баштаган. Бирок бул шайлоо коронавирус пандемиясынан улам өз мөөнөтүндө өтпөй калган.

КЛДП парламенттик шайлоону утурлай башка партия менен биригери белгилүү болчу жана анда «Ата Мекендин» аты байма-бай айтылып жаткан.

«Ата Мекен» 17-августта курултайга чогулуп, лидери Өмүрбек Текебаев парламентке аттангандардын тизмесинин эки тизгин, бир чылбырын Жанар Акаевге бергенин жарыялаган:

«"Ата Мекен" партиясы бул ирет шайлоого жаштарды жиберип жатат. Аларды депутат Жанарбек Акаев баштап баратат. Эгер ал жакта азчылык боло турган болсок, биз көчөдөн колдойбуз. Көчөнүн күчү кандай экенин Кыргызстан биринчилерден болуп көргөн. Көчөнүн күчү кандай экенин Украина да көрдү. Көчөнүн күчү кандай экенин бүгүн Лукашенко да сезип жатат. Эгерде бийлик бизди укпаса, эгерде бийлик оппозициялык азчылыкты укпаса, көчөнү көтөргөнгө «Ата Мекен» партиясы ар дайым даяр», - деген Текебаев.

«Улуусу жана сулуусу»

Партиянын тизмесинин сап башына илингендердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттары, жаш ишкерлер жана мурда-кийин өкмөттө иштеп кеткендер бар. Биз алардын айрымдарына токтололу.

«Ата Мекенге» КСДПдан Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева жана Абдывахап Нурбаев ооп келди.

Момбеков парламенттин азыркы чакырылышында, эң ириде өкмөттүн ишин, кадр саясатын кескин сындаган, кайсы бир талаш-тартыштуу маселелер боюнча оюн ачык айткан, куюлуштуруп, жамакташтырып сүйлөгөн, чечен депутат катары таанылды.

Ал ушул тушта куйкум сөздөрү менен партиянын шайлоочулар менен жолугушууларынын көркүн ачып жатканын көрүүгө болот.

"Коопсуз шаар" депутат менен министрди айтыштырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00


Эльвира Сурабалдиева «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбооруна каршы чыккан саналуу гана, башкача айтканда, он депутаттын бири катары эсте калды. Ал мыйзам долбоор талкууланып жатканда, документ өлкөдөгү бардык демократиялык баалуулуктарды жокко чыгарат деп тынчсызданган эле:

«30 жылдан бери беш президентти алмаштырдык. Кошуналарда болсо өзгөрүү жок. Себеби, биз демократияга бараткан элбиз. «Коррупция менен күрөшөбүз» дедиңер, ал да болгон жок. Мунун баарын көргөн жаңы муун «чындык жок, акыйкаттык жок» деп жатат. Арманын айта турган акыркы инстанция – Интернет. Дарыгерлер, милиция кызматкерлери болгон чындыкты Интернетте айтып жатышат. Ошондон кийин гана чара көрүлүүдө. Эми бул мыйзам кабыл алынса, чындыкты айткандар эмне болот? «Меники туура, калганы фейк» деген туура эмес да».​

Наталья Никитенко «Ата Мекендин» тизмеси менен ушуну менен үчүнчү ирет, ал эми Эмил Токтошев, Бахадыр Сулейманов экинчи жолу шайлоого баратат.

Никитенко Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш жана Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитеттерин жетектеди жана адам укуктары, демократиялык баалуулуктар, сөз эркиндиги тууралуу өз позициясы, пикири бар депутат катары таанылды.​

«Беш мүнөттө...»

«Ата Мекен» жаштар, «жаңы дем» деген сөздөрү куру болбошу үчүн тизменин экинчи сабын жаш ишкер Тилек Токтогазиевге берген.

Бул талапкердин иш-аракеттеринен, баскан-турганынан, мүнөзүнөн улам коомчулукта түрдүү пикир жаралды. Айрымдары анын күйүп-жанган курчтугун, коронавирус пандемиясы маалындагы жардамын баса белгилеп келишет. Бирок ошол эле учурда эмоцияга берилип кеткенин сындагандар да бар. Мындай «ээ-жаа бербей» кеткен мүнөзүнөн улам Токтогазиев «Ата Мекендин» баш оорусуна айланышы ыктымал» деп божомолдогондор да жок эмес.

Буга чейин журналист Болот Темиров «Ата Мекен» партиясынын «Мекеним Кыргызстан», тактап айтканда Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу чакан видео материал даярдаган. Ага Тилек Токтогазиев соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп кайтарган. Бул билдирүүсүнөн кийин Токтогазиевге «Беш мүнөттө» деген ылакап ат да жармашты.

Токтогазиев өткөн аптада КТРКдагы партиялардын жаш талапкеринин дебатына катышты жана анда казынаны кантип толтуруу керектиги тууралуу стакандагы сууга лимонду сыгып мисал кылганы менен да эсте калды.


Журналист Болот Темировдун «Ата Мекен» тууралуу видео материалында Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Исламбек Матраимов, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизме башында турган Мирлан Бакиров жана Ким Ин Сен болуп шеринеде чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана мындан улам «Ата Мекенди» Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырганга аракет кылган.

Эми ушул жерден мурдагы бажы кызматынын полковниги, «Ата Мекендин» тизмесинде 14-орунда турган Ким Ин Сен тууралуу сөз кылалы.

Ал бажы тармагында 2001-2017-жылдары иштеген жана Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын башчылыгына чейин жеткен. Былтыр Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесин лидери болуп дайындалган.

Ким Ин Сен дооматтардын баарын четке каккан:

«Мени акыркы күндөрү «кытай» дегендер да чыкты. Мен жана менин үй-бүлөм тууралуу «фейктерди» ойлоп чыгаргандар чарчашпайт. Анын баары акылга сыйбаган нерселер. Мен сөөгүмө чейин кыргызстандыкмын. Менин бажыдагы жумушума келсем, болгону менин биографиямды жана биздин команданын жетишкендиктерин окуп чыккыла деп айтам. Мени кимдир бирөөлөр менен байланыштыруунун кереги жок. Мен өз алдынча жүргөн адаммын жана ар бир кадамыма, ишиме өзүм жооп берем».

«Ата Мекендин» тизмесинде 5-орунда турган Элдар Абакиров экономика министринин орун басары болуп 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июлуна чейин иштеген. Ага чейин ал Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү катары таанылган.

Анын өткөн айдагы «Economist.kg» финансылык басылмасындагы «Коррупцияны өз көзүм менен көрдүм» деген аталыштагы интервьюсу талкуу жаратты. Анда ал Кыргызстандын экономикасындагы жагдайлар, ар кайсы тармактардагы коррупция, грант, насыя алуу саясаты жана өкмөттүн аракеттери тууралуу ойлору менен бөлүшкөн. Мамлекеттик Бажы кызматы Абакировдун айткандарын төгүнгө чыгарып комментарий берген.

«Атамекенчилердин» экинчи мууну

«Ата Мекендин» тизмесиндеги алгачкы сапта Жогорку Кеңеште депутат болгон ага-ини Болот жана Садык Шерниязовдун бир тууганы Абылкасым Шерниязов бар. Ошондой Евраз Осмонов аттуу жаш ишкер, Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеген Акылбек Түмөнбаевди көрүүгө болот.

«Ата Мекендин» тизмесине бул партиянын бир канча жылдан берки мүчөсү, Өмүрбек Текебаев менен кошо соттолгон Дүйшөн Чотоновдун кызы Турсунбүбү Чотонова, саясий-коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаев жана мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянованын сиңдиси Чынар Турдалиева, Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шараповдун кызы Жибек Шарапова да бар.

«Ата Мекендин» бир канча жылдан берки мүчөсү, Тоң районунун мурдагы акими, учурда жумушсуз жүргөн Бакыт Рыспаевге 21-орун тийген, КЛДП партиясын түзгөн Сейтек Качкынбаев тизмеде 22-орунга жайгашкан.


Партиянын расмий сайтында «Ата Мекендин» тарых-таржымалы 1990-жылдары башталат деп жазган. Ага ылайык, 1991-жылы Өмүрбек Текебаев «Эркин Кыргызстан» («ЭрК») деп аталган эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы саясий партия түзгөн. Бир жылга жетип жетпей бул партия идеологиялык карама-каршылыктардан улам экиге бөлүнгөн. Солчул-либералдар «Ата Мекенге» бириккен жана расмий каттоодон өтүп, алгачкы лидери Камиля Кененбаева болгон.

Эки жылдан кийин, 1994-жылы партиянын тизгини Өмүрбек Текебаевге тийген. 1995-жылдагы шайлоодо аталган партиянын беш өкүлү депутат болуп шайланган. «Ошондон бери бир дагы шайлоо өңдүү ири саясий жараянды көз жаздымда калтырбай келе жатат дегени менен көпчүлүк учурда ар кандай себептерден улам өтө ийгиликтүү деле болгон эмес», деп жазылат «Ата Мекендин» сайтында.

Бирок партия буга чейин шайлоолордо тар жол, тайгак кечүүлөрдү баштан кечирди. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» Ош шаарындагы 0,5% тосмону аша алган жок деген жүйө менен Жогорку Кеңешке кирбей калган. Партия анда жобуш берүү бурмаланганын айтып чыккан жана бул калайман каршылык акциялардын бир себеби да болгон.

2010-жылдагы шайлоодо «Ата Мекен» ошол кезде жаңы түзүлгөн «Ата Журт», «Республика» партияларынан кыйла эле артта калганы көпчүлүккө күтүүсүз болгон. Аларды «Ар-намыс» партиясы да ашып кеткен. «Ата Мекен» марага эң артта келгенинин объективдүү да, субъективдүү себептери болгонун мойнуна алган.

Жогорку Кеңештин бул чакырылышында Текебаевдин спикерликке шайлана албай калышы, коалициялык көпчүлүк куроодогу оош-кыйыштар, партия лидеринин камалышы да «Ата Мекенди» кыйла алсыраткан жана саясий күнү бүттү деп көзү ачыктык кылгандар да болгон.

2015-жылдагы шайлоодо да арткы орунда калган.

Партия быйылкы шайлоодо «Жаңы дем» деген 10 барактан турган программа менен баратат. Анда саясий реформалардагы, саламаттык сактоо, билим берүү, экономика тармагындагы, адам укугу жана эркиндиги, коррупция менен күрөшүүдөгү, чек ара көйгөйлөрүн чечүүдөгү жаңы дем деген бөлүмдөрдөн турат жана бул жааттагы маселер жалпысынан белгиленип, чечүү жолдору да жалпылаштырып көрсөтүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG