Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Талаштуу мыйзам талкууланбай колдоо тапты


Депутаттар кантип добуш беришти?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Депутаттар кантип добуш беришти?

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн (ӨЭУ) көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште көп деле талкууланбай экинчи окууда добуш берүүгө жиберилип, кабыл алынды.

Парламенттин 18-июндагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Талкууда документ тууралуу беш депутат сөз сүйлөп, мыйзам боюнча бир да суроо-жооп болгон жок. Добуш берүүгө жиберилип, түштөн кийин экинчи окууда кабыл алынды. Ага 89 депутат "макул", 9у "каршы" деген добуш берди.

Сессия учурунда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко жыйында өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө ала турчу мыйзамды «саясий буйрутманын негизинде кабыл алынып жаткан документ» деп атады.

«Мен бул өзгөртүүгө биринчи окууда да каршы чыккам. Азыр өз позициямды тактап койгум келет. Бүгүнкү күндө отчеттуулук жөнүндө суроолор отчетту ансыз да ар кайсы органдарга ачык-айкын берип келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдарга эмес, насыялык жана гранттык каражаттарды эң көп колдонгон, ачык-айкын эмес мамлекеттин өзүнө коюлуш керек. Реалдуу ушундай суроого жооп бергендин ордуна жөн эле алагды кылган, кошумча бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратуу аракети көрүлүп жатат. Бул мыйзам долбоору кабыл алынбашы керек деп эсептейм», - деди Никитенко.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дастан Бекешев мыйзам кабыл алынса ал өкмөттүк эмес уюмдар менен иштеп, аларга тейлөө кызматтарын көрсөткөн ишкерлерге да кесепети тиерин эскертти.

Эл өкүлү Карамат Орозова болсо сөз болуп жаткан уюмдар гранттык каражат менен мамлекеттин колу жетпеген социалдык маселелерди чечип келатканына көңүл бурду.

«Өкмөттүк эмес уюмдар бюджеттен каржыланбайт. Алар ачык иштейт, салыгын да төлөйт. Бул мыйзам туура эмес. Ошондуктан мыйзамды колдобоого чакырат элем».

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишин (ӨЭУ) тескеген эки мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор 2019-жылдын 31-декабрында коомдук талкууга коюлган. Быйыл февраль айында каттоодон өтүп, 4-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Мыйзамдын биринчи редакциясына ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу жыл сайын 1-апрелге чейин маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат. Алар өкмөт аныктаган формада отчёт берип турбаса жоопкерчилиги каралат.

Мыйзамдын негизги автору Бактыбек Райымкулов «Азаттыкка» мыйзам долбоору экинчи окууга бир катар өзгөртүүлөр менен алып келингенин жана баштапкыга караганда жумшартылганын айтты.

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

«Мыйзамга башында "коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлери алган айлыктары боюнча да маалымат берсин" деген талап киргизилген. Азыр анын баарын алып туруп эле өкмөттүк эмес уюмдар бир жылдык чыгаша кирешеси боюнча гана маалымат берсин деп калтырдык. Андан тышкары мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөттүк эмес уюмдар кайра каттоодон өтүш керек деген бөлүктү да алып салдык. Ошондой эле каржылык маалыматтарын Юстиция министрлигине эмес Салык кызматына берсин деп өзгөрттүк. Уюмдар келген каражат жана чыгашасы боюнча жыл сайын 1-апрелге чейин Салык кызматына маалымат берет».

Маалыматка караганда, буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар финансылык иши тууралуу эки жыл бою маалымат бербесе, Салык кызматы аркылуу сот анын ишмердигин токтотуп койчу. Жаңы мыйзамга ылайык, эми ал мөөнөт бир жылга чейин кыскарат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мыйзам долбоору өзгөртүлгөнү менен экинчи редакциясында деле өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө тоскоол болчу талаптар киргизилип калганын кабарлады.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген адамдардын маалыматын ачык жарыялоо жарандардын жеке маалыматынын купуялуулугу боюнча мыйзамды бузуп жаткандыктан айласыз алышты. Бирок Салык кызматына тапшырылган отчет аталган мекеме тарабынан жактырылбай калса, сотко кайрылып уюмду жабуу мүмкүнчүлүгү ошол бойдон калды. Эми Салык кызматы аларга жакпаган уюмдардын отчетунан кемчилик издеп, ар кандай шылтоо менен анын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко кайрылышы мүмкүн».​

Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле үч түрдүү - Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчет берип турушарын кайталап келишет.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да ушундай эле пикирде.

«Мыйзам долбоору ашыкча эле кабыл алынууда. Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле отчет тапшырып турушат. Жаңы долбоор өкмөттүк эмес уюмдарды жөн гана кыйноо. Мен бул мыйзамга каршымын».

Мыйзамдын демилгечиси катары башта депутат Бактыбек Райымкулов көрсөтүлгөн. Кийин депутаттар Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова автор катары кошулган. Булардын арасынан Исмаилова вице-премьер-министр болуп кетти.

Ал эми Марлен Маматалиев кийин мыйзам менен жакшы таанышпай туруп эле демилгечи болууга макул болуп койгонун билдирген. Ал долбоорго өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарды берерин, эгерде ал колдоо таппаса, мыйзамдын авторлорунан катарынан чыга турганын билдирген. Маматалиев «Азаттыкка» берген комментарийинде сунуштары эске алынганын айтты.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Талапты күчөтө турган жеринин баарын жокко чыгардык. Компромисстик варианттарды издеп, бир пикирге келдик. «Чет элдик агент» деген сыяктуу сөздөр бул мыйзамга кошулбашы керек. Чын-чынына келгенде өкмөттүк эмес уюмдардын дээрлик баары элге керектүү, пайдасы тийген долбоорлорду иштетип жатышат. Социалдык маселелерди көтөрүп, балдардын, аялдардын укугун коргоо боюнча иштерди жасашууда. Эгерде биз алардын бул иштерине тоскоолдук кылсак, бизди эл да кечирбейт. Дагы бир жолу айтып кетчү жагдай «чет элдик агент» деген нерсе кошулбаш керек».

Ал тапта Кыргызстандагы 175 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү парламент депутаттарына кайрылуу жолдоп сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Кайрылууда документ коммерциялык эмес уюмдардын төрт түрүнө – коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге, юридикалык бирикмелерге жана менчик мекемелерге дискриминациялык жана убара кылуучу кошумча талаптарды жарата турганы белгиленген.

«Демилгечи депутаттардын чыныгы максаты – бул акыйкатсыз чечимдерге, коррупцияга каршы чыккан, акыйкаттыкты, теңдикти жана эркиндикти талап кылган уюмдарды жаман көрсөтүү, дискредитациялоо. Мыйзам долбоорунун авторлорунун коммерциялык эмес уюмдарга карата бардык айыптоосу негизсиз жана ойдон чыгарылган, элди атайылап адаштыруу аракети. Анткени, Кыргызстан эгемендик алгандан бери коммерциялык эмес уюмдар өлкөгө зыян келтирген бир дагы факты болгон эмес»,- деп айтылат кайрылууда.

Мурдараак бул мыйзам жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Өткөн аптада президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын мыйзам долбоору боюнча кайрылуусуна «эгер документ Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин кайрылууңар эске алынат» деп жооп берген.

Укук коргоочулар эл аралык уюмдар менен донорлордун орду Кыргызстанда пандемияда даана билингенин, кыргыз бийлиги коронавирус менен күрөшүүдө алардан каржылык колдоо алып, азыр да сурап жатканын айтышты. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы бир нече билдирүүсүндө бийлик жарандык коомду, сөз эркиндигин колдой турганын кайталап келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG