Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Президенттик аппарат өкмөттүк эмес уюмдар боюнча кайрылууга жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын парламентте алар жөнүндө талкууланып жаткан мыйзам долбоору боюнча кайрылуусуна жооп берди. Бул тууралуу кайрылууну жөнөткөн “Смарт жаран” ассоциациясы кабарлап, “Фейсбуктагы” расмий баракчасына президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Улан Абилов кол койгон жооптун толук текстин жарыялады. Президенттик аппараттын маалымат кызматы "Азаттык" радиосуна ал жооптун аныктыгын тастыктады.

Жоопто Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясына 1994-жылы Борбор Азия аймагында биринчилерден болуп кошулганы, бул уюмдун адам укуктарын коргоо жана демократия принциптерин бекемдөө идеясы “биздин менталитетке дал келери" айтылды. Конституцияда да, башка мыйзамдарда да адамдардын бирикмеге чогулуу эркиндиги кепилденгени белгиленди.

Ошону менен катар президенттик аппарат “Эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин кайрылуу эске алынат” деп билдирди.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Мыйзам долбоору быйыл март айында биринчи окууда жактырылган. Эгер ал кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Буга чейин ӨЭУ боюнча мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага каршылыгын билдиришкен.

Эреже боюнча, мыйзамдар Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG