Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Текебаевдин иши: оору менен «ойногон» сот


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот отурумунда.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот отурумунда.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 5-августка белгиленген соттук отурум келерки жумага жылдырылды.

Өмүрбек Текебаев ооруканадан 27-июлда чыккан. Саясатчыны пневмониядан айыктырган дарыгерлер эки жума элден обочо болуп, үй шартында дарыланууну сунуш кылышкан.

Аталган мөөнөт 10-августта аяктайт. Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев ооруканадан чыккан күндөн тарта үч жолу отурум дайындады.

Бирок саясатчынын сотко келбегенине байланыштуу соттук жараяндын баары жылдырылды. Саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова келерки отурум 10-августта боло турганын билдирди:

«Биринчи май райондук сотунда иши каралып жаткан Курсан Асанов пневмония менен ооруп калган. Ал ооруканадан чыккандан кийин эрежеге ылайык 14 күн үйүндө жатты. Бул көрүнүшкө прокуратура макул болгон эле. Эмне үчүн Текебаевге келгенде башкача болуп жатат? Бул жерде Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу жөнүндө сөз болгон жок. Ал илдетти башка дени сак адамдарга жугузуп алышы мүмкүн да».

Буга чейин сот Текебаевдин дарыгерин көрсөтмө бериш үчүн алып келүүнү талап кылып, чечим чыгарган. Бирок дарыгер «кызыл аймакта» иштеп жатканын, башкаларга оору жугузушу ыктымал экенин айтып, сотко келүүдөн баш тартып койгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап жатканына бир жылга чукулдап калды.

Өмүрбек Текебаев азыркы тапта ден соолугу жакшы экенин билдирип, болгону сотко катышкан адамдарга вирус жугузуп алуудан чочулап жатканын кошумчалады. Ал Дүйшөнкул Чотонов экөөнүн иши шашылыш карала баштаганын алдыдагы шайлоо менен байланыштырды:

«Мага байланыштуу сот иши 2019-жылы эле аякташы керек эле. Бирок бийликтин таасири менен иштеген соттор актап же камагандан коркуп турушту. Акталып чыксам Жогорку Кеңештеги мандатымды алмакмын. Ошондуктан бир жылдан бери биздин ишти шашпай карап жатышкан. Парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер болорумду билгенден кийин сот күтүүсүздөн жумасына экиден жыйын дайындай баштады. Ооруканада жатканыма карабай соттогонго аракет кылды. Эки жумада үч жолу жыйын өттү. Азыркы кырдаал 2017-жылкы президенттик шайлоонун алдындагы Атамбаевдин күн-түн дебей отурум өткөрүп, бизди соттогонуна окшоп баратат. Бүгүнкү бийликтегилерде бир аз акыл болуш керек деп үмүттөнөм».

Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы бийликке оппозиция катары шайлоого катышарын жарыялаган. «Жаңы дем» деген ураан менен партиянын алдында түзүлгөн саясий альянсты депутат Жанарбек Акаев баштап барганы жатат. Талапкерлердин катарында Өмүрбек Текебаев да бар.

Саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова: «Сот жообуна тартылбаган адам депутаттыкка талапкер боло алат. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов экөө тең азыр соттолбогон кишилер», - деп билдирген.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев Текебаевдин адвокаты менен толук макул эмес. Ал саясатчыны талапкерлердин тизмесине кошууда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн деген ойдо.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Текебаевдин иши боюнча эки юристте үч пикир жаралып жатат, - деди ал. - Буга чейинки чечимдер боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов соттолгон. Бирок ал чечимдерди Жогорку сот жокко чыгарганы менен айыпталуучуларды актаган эмес. Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайрадан соттук териштирүү жүрүп жатат. Азырынча соттун чечими чыга элек. Ал шайлоого катыша турган болсо, анда БШК расмий документтерге таянат. Муктаждык жаралса, Жогорку сотко расмий кайрылабыз. Алар Текебаевдин соттолгону же соттолбогону боюнча расмий корутунду бериши. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук териштирүү аягына чыга электе Текебаевдин статусу түшүнүксүз болуп турат».

Эгерде Биринчи май райондук соту Текебаевди күнөөлүү деп таап, ал чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтыра турган болсо, анда «Ата Мекендин» лидери парламенттик шайлоого катыша албайт.

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бийлик 4-октябрда боло турган шайлоого чейин эки инстанциянын чечимин чыгарууга аракет кылып жатат деген ойдо.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Исхак Масалиев Текебаев менен Чотоновдун ишинде саясий кызыкчылыктар бар экенин айтып, мурдагы бийликтин каталарын азыркылар кайталап жатат деген пикирин билдирди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Шайлоо алдында мындай көрүнүштөр болуп келген, боло берет. Азыркы учурда эки Өмүрбектин тагдыры окшош болуп турат. Соттун чечим жок. Ошол эле маалда тушалып турушат. Текебаев менен Бабановду мурдагы бийлик кайырмакка илген. Азыркылар алардын күнөөсүн далилдеген салмактуу далилдер жок экенине карабастан актаганга шашылган жок. Ошол эле учурда соттоп да жиберишкен жок».

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG