Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Адвокат: Курсан Асанов пневмониядан дарыланып жаткандыктан сотко бара алган жок


Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.
Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун 10-июлга белгиленген соту болгон жок. Ушуну менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жүрүп жаткан процесс үчүнчү жолу башка күнгө которулду.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов эки өпкөсүнөн пневмония болуп, дарыланып жатат.

Буга чейинки отурумдар да соттолуучу тарап оорусуна байланыштуу барбагандыктан өткөн эмес.

Соңку отурумда соттук териштирүү жабыркаган тараптын сурагына келип токтогон. Кийинки отурум 24-июлга белгиленди.

Асанов «2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган. Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Соттук териштирүү 14-февралда башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында.

Ушул эле кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын катарында Асановдон тышкары эки адам бар. Алардын бири - Асановдун жардамчысы, Ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу, экинчиси - Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков.

Жактоочу Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, сот Асановго байланыштуу эки кылмыш ишин бир беренеге бириктирип карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG