Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:18

Курсан Асановдун иши боюнча сот келерки аптага жылды


Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кезинде Жогорку Кеңеште маалымат берип жаткан учуру. 2019-жыл.
Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кезинде Жогорку Кеңеште маалымат берип жаткан учуру. 2019-жыл.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча 19-июнга белгиленген соттук териштирүү 24-июнга жылды. Буга ишти карап жаткан судья Адыл Эсебаевдин семинарга кеткени себеп болгонун Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди.

“Бүгүнкү жараянда жабырлануучу Жеңиш Разаков көрсөтмө бермек. Андан тышкары бул иште Ички иштер министрлиги да жабырлануучу катары өтүп жатат. Алардын көрсөтмө берүүсү келерки отурумда уланат”.

Таалайгүл Токтакунова белгилегендей, ушул эле кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын катарында Курсан Асановдон тышкары эки адам бар. Алардын бири - Асановдун жардамчысы, Ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу, экинчиси - Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Курсан Асановго байланыштуу эки кылмыш ишин бир беренеге бириктирип карап жатат. Биринчи иш мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун арызы менен байланыштуу. Өткөн жылы социалдык тармактарга Жеңиш Разаков Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк каты жарыяланган. Бул окуядан кийин Разаковдун дарегине «Тажикстандын тыңчысы» деген сын айтылган эле.

Экинчи иш Кой-Таштагы окуяларга байланышкан. Курсан Асанов «2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Соттук териштирүү 14-февралда башталган. Курсан Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында. Өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келатат.

Кой-Таш окуясында атайын кызматтын бир офицери курман болгон, жүздөгөн адам жараат алган. Атамбаев ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG