Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Боронов жарандарды добуш сатпоого чакырды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында электр энергиясы, Интернет, өрт коопсуздугу жана санитардык чаралар боюнча иштер аткарылып жатканы белгилүү болду. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерге көңүл бурулушу керек экенин белгилеп, тартип бузган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги эскертүү берүүгө тийиш экенин билдирди.

«Алдыбызда шайлоону заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык жана таза өткөрүү милдети турат. Жарандар эркин көрсөтүшү үчүн бардык шарттар түзүлүш керек. Коронавирус инфекциясынын пандемиясын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл буруш керек», - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG