Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Президент: Добуш сатып алуу фактылары боюнча кайрылгандар жок болуп жатат


 Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди.

«Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок».

Сооронбай Жээнбеков партиялар шайлоочулардын паспортун чогултуп жатканы тууралуу да кабардар экенин, «акчанын бир бөлүгүн азыр, калганын кийин беребиз» деген сөздөр бар экенин айтты. Бирок паспортун партияларга бергени тууралуу да айтып, кайрылган киши жок экенин кошумчалады. Жана документти эч кимге бербеш керектигин эскертти.

«Добуш берүү купуя сакталат. «Буга сал, буга салба» деп эч ким мажбурлай албайт. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң», - деди президент.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталгандан бери партиялар адамдардын паспортторун чогултуп, дүңүнөн добуш сатып алуу аракети болуп жатканы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо 2,5 жылга кесилет. Добушун саткан адамга да ушундай эле жазалар каралган. (BTo)

XS
SM
MD
LG