Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Өмүркуловдун мугалимдерге жолукканы талкууга түштү


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Иса Өмүркуловдун Кант шаарындагы мектептердин бириндеги мугалимдер менен жолугушуусунан жазылган делген аудиотасма фотосүрөтү менен кошо тарады.

Анда Иса Өмүркуловго үнү окшош адам «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого баратканын жана ага добуш берүүгө үндөгөнүн угууга болот. Өмүркулов өзү мектеп жамааты менен жолукканын ырастап, бирок үгүт иштерин кылбаганын айтууда.

Өмүркуловдун «Биримдик» боюнча билдирүүсү

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери, депутаттыкка талапкер Иса Өмүркуловдун Кантта мугалимдер менен жолугушуусу делген аудиону, анда тартылган сүрөттү «Инстаграмдагы» «tajadymm» деген баракча чыгарды. Жыйын баштан-аяк жазылып, ал 20 мүнөткө чукулдаган. Маалыматка караганда, бул жолугушуу 15-сентябрда болгон.

Чогулуштун башында аял киши сүйлөп, аралыктан окутууда кыйынчылыктар болгондо депутат Иса Өмүркулов мектепке кол сунганын, мугалимдерге тамак-аштан жардам бергенин айтып, Өмүркулов аттуу адамга сөз берет.

Сөз алган адам билим берүү маселеси боюнча бир аз сүйлөп, шайлоо темасына өткөн. Ал буга чейинки саясий жарышка КСДП менен катышканын, бирок тилекке каршы ал партия чачырап кеткенин билдирген. Иса Өмүркуловдун үнүнө окшош адам азыр шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратканын айтып берген:

Иса Өмүркулов мугалимдер менен жолугушууда тартылган сүрөт.
Иса Өмүркулов мугалимдер менен жолугушууда тартылган сүрөт.

«Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан»? Программасы реалдуу, жакшы команда чогулган. Партиянын тизмесинде мен мэр болуп турганда (ред: Бишкек шаарынын) иштеген мурдагы үч орун басарым бар. Татьяна Кузнецова тизмеде 3-же 4-орунда турат. Бакытбек Дүйшөмбиев бешинчиде. 40-орунда Амантуров (ред: Мирлан Амантуров 41-орунда) бар. Азыр «Биримдик» биз менен талашып-тартышып жатат. Анткени, ар бир депутат көбүрөөк добуш алгысы келет. Себеби кимиси аз алса, ал кетет деген милдеттенме алышкан... Биз да аракет кылып жатабыз. Үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси... алар көп, мен жалгызмын. Андыктан, мага гана... макулбу!?»

Сүйлөп жаткан адам андан ары мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын, пенсияны жогорулатуу тууралуу айткан. Саламаттык сактоо тармагы талкаланганын, жакшы кадрлардын жоктугунан пандемияда бир топ адам ажал тапканын сындаган.

Өзүн Ысык-Ата районунан депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан бирден-бир талапкер катары мүнөздөгөн. «Биримдикти» баштап бараткан Акылбек Жамангулов да партиядан ушул районго жооптуу экенин, ал «Мегакомдун» жетекчиси болуп кайра кетип калса, райондо партиядан андан башка талапкер жок экенин кошумчалаган.

«Башка партиялардын парламентке өтөр-өтпөсү күмөн» деген. «Ар кандай маселелер боюнча кайрылууну каалагандар үчүн» деп мугалимдерге чөнтөк телефонунун номерин да айтып жиберген.

Жогорку Кеңештин депутатынын мугалимдер менен жолугушуусу бир топ адамдар тарабынан шайлоодо административдик ресурс колдонуу, аларга басым жасоо катары кабыл алынды.

Иса Өмүркулов өзү Кантта мектепте мугалимдер менен жолукканын «Азаттыкка» ырастады. Анын сөзү боюнча, жыйынга 12-13 мугалим катышкан. Ал чогулушта үгүт кылбаганын, мугалимдерге басым болбогонун айтты:

«Эч кимди мажбурлаган жокмун. Аларды үгүт иштерине тартканга менде административдик ресурс да жок. Мен өкмөттүн мүчөсү эмесмин. Жогорку Кеңештин депутатымын. Мектепке барганда алар «Балдарды онлайн окутууда маселе болуп жатат. Окуунун сапаты начар, компьютерди карап атып мугалимдердин көзү ооруп жатат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө смартфон жетпейт» деген маселени айтышты. «Ушуну өкмөткө айтып койсоңуз» деп өтүнүштү. Башка эч нерсе жок. Менде бирөөнү мажбурлаганга тажрыйба жетишсиз. Аларга басым жасоого, үгүт иштерине тартууга акым жок, болгон да эмес. Ал жер менин 20 жылдан бери иштеп келаткан округум».

Өмүркулов суроолорго жооп берип жатып «Биримдик» жана башка партиялар тууралуу жаман сөз айтпаганын белгиледи.

«Кемигинде да, керкисинде да бар»

Бул Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталгандан бери мугалимдер партиянын үгүт иштерине тартылган биринчи окуя эмес. 8-сентябрда Оштун Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндө «Биримдик» партиясы мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. Чогулушка катышкандар өз эрки менен келишкенин, мажбурлоо болбогонун айтышкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин айтымында, бийлик кандай гана шайлоо болбосун мугалимдерди саясий иш-чараларга тартып көнүп алган. Бул үчүн партияларга да, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине да чара көрүлбөйт.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Жарандык коому күчтүү мамлекеттин экономикасы да кубаттуу болот, - деди ал. - Жарандык коомдун алдында мугалим, дарыгерлер баштаган интеллигенция турат. Кыргызстанда болсо бийлик мугалимдерди ушундай абалга атайын алып келип койгон. Мугалимдерди мүңкүрөтүп, аларга чымчылап айлык берет. Мугалимдердин өздөрүндө да күнөө бар. Ошол эле Иса Өмүркуловду колунан сүйрөп чыгарып койсо болот эле да. Биринчиден, мектептер карантинге жабылган. Биринчи класстан башкалар мектепке барып окубайт. Мугалимдер Өмүркуловго «сиз президенттин жана коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын талаптарын бузуп жатасыз» деп айтыш керек эле. Балдарды окууга киргизбеген мектепке Иса Өмүркуловду эмне үчүн киргизишет!? Кептин баары мектептин директору менен мугалимдеринде. Алар «фаворит партиялар тыйын бере коёбу» деп үмүт кылып жатышпайбы. Азыр мугалимдер, директорлор үч партиянын артынан чуркап жүрүшөт. «Кемигинде да, керкисинде да бар» дегендей... Менин оюмча бул шайлоо болбой калды. Шайлоо өткөн күндө да парламентте эки айдын ичинде чыр чыгат».

Министрлик: окуя иликтенет

Мугалимдерди мектептин имаратына чогултуп үгүт жүргүзүү маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү да ар кыл пикирде. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамда диний мекемелерде гана жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынганын, башка жайларда чектөө жок экенин айтып жатат.

Ал мугалимдер да Кыргызстандын жараны экенин, жолугушуу иш учурунда болбосо алар деле шайлоо компаниясынан кабардар болуп турууга укуктуу деп эсептейт.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева буга кошулбайт.

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

«Бул окуяда административдик ресурсту колдонуунун белгилери бар. Анткени ал (ред: Иса Өмүркулов) бир гана партиянын атынан барып жатат. Эгерде мугалимдер бир нече партиянын өкүлдөрү менен жолуккан болсо анда маселе жаралмак эмес», - деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев «Азаттыкка» Иса Өмүркуловдун мектепте өткөргөн жыйынына катышкан мугалимдер боюнча окуяны министрлик иликтей турганын айтты. Ал аралыктан окутуу болуп, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин ансыз да түйшүгү көп экенин, мугалимдерге үгүт иштерине катышууга тыюу салынганын билдирди:

«Мугалимдерге саясатка аралашпоо тууралуу чектөө башында эле коюлган. Алар азыр сабак менен эле алектениши керек. Мугалим катары алардын бир гана укугу бар – ал 4-октябрда добуш берүү».

Иса Өмүркулов – парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидери. Ал Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышында депутат болгон. 2017-2018-жылдарга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчылардын бири болгон.

Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин эки саясатчынын мамилеси бузулган. Парламенттин алтынчы чакырылышына КСДП менен шайланып келип, бул жолку шайлоого «Мекеним Кыргызстан» менен 26-катарда баратат. Атамбаев президент болуп турганда аны «журт атасы» деп атаганы коомчулукта талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG