Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Дональд Трамп ДССУну зекиди


АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 30 күндүн ичинде ишин жакшыртууга милдеттенме албаса, бул уюмду каржылоону тыптыйпыл токтотуп коёрун эскертти.

Ал дүйшөмбүдө уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсуска атайын кат жиберди жана аны дагы бир жолу «Кытайга жан тарткан» деп айыптады. ДССУ дооматтардын баарын четке кагып келет.

Дональд Трамп Тедрос Аданом Гебрейсуска жазган катында Кошмо Штаттар уюмдагы мүчөлүгүн кайра карап чыгышы ыктымал экенин да эскертти. Ал былтыр жыл аягында Кытайдын Ухань шаарынан жаңы коронавирус жайылып жатканы тууралуу маалыматтарды «ДССУ көз жаздымда калтырган» деди жана бул уюм Бээжинден көз каранды эмес экенин далилдеши керек экенин кошумчалады.

Өз өлкөсүндө коронавируска байланыштуу чаралардан улам сын-доомат угуп жаткан Трамп мунун алдында Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу бул уюмду «Кытайдын куурчагы» деп сыпаттаган. Кошмо Штаттардын президенти Бээжин эпидемиянын коркунучун жаап-жашырганын айтып келет.

Өткөн айда Трамп ДССУнун эпидемияга каршы чараларына баа берилгенге чейин Вашингтон бул уюмга бөлүп келген каражатты убактылуу токтоторун жарыялаган.

ДССУ айыптарды четке кагып келет, Бээжин болсо «эпидемия тууралуу ачык-айкын маалымат берген эмес» деген сөздөрдү төгүнгө чыгарууда.

Европа Биримдиги менен Австралия вирустун очогун жана анын дүйнөгө тарап кетишин жакшылап иликтөөгө чакырып келет. Бул сунуш Британия жана Орусия баштаган 100дөн ашык өлкөдөн колдоо тапты.

18-майда ДССУнун чечим кабыл алуучу органы болгон Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы уюмдун пандемияга каршы чараларын өз алдынча иликтөөгө убада берди. Ассамблеянын жыйынында Кытайдын төрагасы Си Циньпиң иликтөө иштери коронавирус пандемиясы жөнгө салынгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек экенин айтты:

«Кытай COVID-19 толук көзөмөлгө алынгандан кийин гана ага глобалдуу жооп алуу максатында жана тажрыйба топтоп, мүчүлүштүктөрдү жоюш үчүн ар тараптуу талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу сунушту колдойт».

Си Цзиньпиң пандемиядан көбүрөк жабыркаган өлкөлөргө эки жылдын ичинде эки миллиард доллар жардам берүүгө убада берди.

Кошмо Штаттарда жумушсуздардын саны 36 миллионго жеткен маалда штаттар биринен сала бир карантин чараларын жумшартып жатат.

Европада оорунун очогуна айланган Италия менен Испания да COVID-19 менен ооругандар, андан өлгөндөр азая баштагандыктан кадимки жашоого кайта баштады.

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон Европа Биримдигиндеги пандемиядан көбүрөөк жабыркаган өлкөлөргө 500 миллиард евро жардам берүүгө убада берди.

«Европа бир позицияда болушу керек, тактап айтканда, биз экономиканы чукул арада жандандырууга умтулушубуз керек. Ошондуктан биз 500 миллиард евро өлчөмүндөгү фонд түзүүнү каалайбыз. Бул каражат көбүрөк жабыркаган секторлордун жана аймактардын чыгашасын жабышы керек. Биз европалык деңгээлде акча менен камсыз кылуу, аны Европа Биримдигинин жалпы бюджетинен бөлүп-бөлүп төлөп берүү аракети өзүн актайт жана керектүү деп ишенебиз», - дешти алар.

Ал арада Бразилия оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болуп калды. Оору 254 миңдей кишиге жугуп, 17 миңге чукул адам каза болду. Мындай көрсөткүч менен бул мамлекет ооругандардын санына карата дүйнөдөгү төртүнчү өлкө болуп калды. Калкынын саны 1,3 миллиард болгон Индияда коронавирус 100 миңден ашык адамга жукту жана үч миңден көп киши көз жумду.

Орусияда бир канча жума мурда коронавирус жугузуп алган премьер-министр Михаил Мишустин жумушка чыкты.

Соңку маалыматка ылайык, коронавирус дүйнө жүзүндө 4,8 миллиондон ашык адамга жукту. Илдеттен көз жумгандар 320 миң кишиге чукулдап калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG