АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө өлкөлөрүндөгү 2019-жылдагы терроризм жана экстремизм күрөш жаатындагы баяндаманы июнь айынын соңунда жарыялады.
Анда Кыргызстандын бул коркунучтарга каршы күрөшү, аткарылып жаткан иштер боюнча да баяндалган.
Мамлекеттик департамент кыргыз бийлиги экстремизмди жок кылуу, чет өлкөлөрдө террордук кылмыштарга катышкан адамдарды өлкөгө келишин чектөө жаатында иш жүргүзүп жатканына көңүл бурган.
Кыргызстан “Ислам мамлекети” террорчул тобу жана башка Ооганстандагы согушчан топтордун аракеттерине камтама болгону менен ресурстардын жетишсиздигине байланыштуу эл аралык антитеррордук операцияларга катышпаганы баяндамада белгиленген.
“Бул өлкөдө террордук чабуулдар абдан сейрек, бирок 2016-жылдын сентябрында Бишкектеги Кытай элчилигинде жанкечтинин чабуулу, 2019-жылы терроризмге байланыштуу адамдар камалганы жөнүндөгү маалыматтар жана эң алгач чыр-чатактар жүрүп жаткан аймактардан жарандардын кайтып жатышы өлкө туш болгон ыктымал коркунучтарды көрсөтөт”, - деп жазылган отчетто.
Буга байланыштуу өлкөдө, айрыкча чек аралары толук такталып бүтө элек түштүк аймактарда коркунучтар бар экени, кыргыз бийлиги улуттук коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды аз таратканы үчүн реалдуу абалды баалоо кыйын экени да кошумчаланган.
Мамдепартамент өз баяндамасында Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктарга өзгөчө көңүл бурган.
Кыргызстандын расмий маалыматы боюнча, 850дөн ашык адам террордук топторго кошулуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок эксперттердин баамында, террорчуларга кошулгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.
Кошмо Штаттар учурда Сирияга кеткендерден 300гө жакыны кайтып келгенин расмий маалыматка таянып кабарлаган.
Кыргыз өкмөтү согуш жүргөн аймактардан келген адамдар иш жүргүзүүдө тажрыйба, ресурс жана мыйзамдагы айрым кемчиликтерден улам кыйынчылыкка кабылып жатканы да айтылган.
Ошондой эле өткөн жылы терроризмге байланыштуу камалгандар көпчүлүгү дал ушул Сириядан кайтып келгендер экени айтылган. Мындай 44 адам учурда абакта кармалып турганын АКШ маалымат каражаттарынын жазгандарына таянып билдирүүдө.
Мамлекеттик департамент 2019-жылы өлкөдөгү бир катар кодекстердин күчүнө киргенине көңүл буруп, терроризм менен байланышкан айрым кылмыштарга жаза жеңилдегенин билдирүүдө.
Баяндамада ошондой эле былтыр сентябрь айында АКШнын мамлекеттик жана ички коопсуздук органдары Кыргызстандын маалымат алмашуу жаатындагы документтердин аткарылышы боюнча анализ жүргүзгөнү айтылат.
“Бул текшерүү белгиленген стандарттарга толук туура келбеген бир нече башкы тармактарды аныктады. Мүчүлүштүктөрдүн арасында террорист деп билинген же шек саналган адамдар жөнүндө АКШ өкмөтүнө туруктуу жана жигердүү түрдө маалымат берүү үчүн документтештирилген процесстин жетишсиздиги, катардагы электрондук паспортторду жана дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорттор сыяктуу башка жогорку класстагы паспортторду берүүдөгү кемчилик, жоголгон же уурдалган документтер тууралуу орточо айына бир жолу Интерполго маалымат бербөө сыяктуу маселелер бар”, - деп белгиленген.
Мындан сырткары 2018-жылы Кыргызстан өлкөдөгү ири “Манас” жана Ош аэропортунуна биометрикалык паспортторду текшерчү электрондук дарбазаларды орноткону, бирок бул учурда жүргүнчүлөр арасында террорчулардын тизмесине киргендерди текшерүү үчүн колдонулуп жатабы же жокпу белгисиз экени да айтылган.
Кошмо Штаттар жарыялаган баяндама боюнча Кыргызстандын расмий бийлиги эч кандай комментарий бере элек.
Бирок өлкөнүн коопсуздук органдары буга чейин деле терроризм, экстремизмге каршы күрөш жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып келет.
Маселен, Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов “Азаттык” радиосуна сүйлөп жатып, бул жаатта иштер иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди:
“Экстремисттик жана тыюу салган уюмдар боюнча биздин күч органдары иштеп жатат. Айрыкча, акыркы учурда алдын-алуу иштерин күчөтүп жатат. Ага Дин комиссиясы баштаган мамлекеттик органдар, муфтият, башка диний уюмдар да жардамдашып, түшүндүрүү иштеринин негизинде коркунучту төмөндөтүп жатабыз. Азыр көбүнчө сырттан: Ооганстан, Сирия, Ирак сыяктуу өлкөлөрдөн келгендерден коркунуч болушу мүмкүн. Бирок акыркы учурда ал жакта да тынчып калды”.
АКШнын Кыргызстандагы терроризмге күрөшкө көңүл буруусу эмне үчүн маанилүү? Биринчиден, АКШ терроризмге каршы күрөштөгү эл аралык коалициянын эң негизги мүчөсү катары бул маселеге абдан катуу маани берет.
Экинчиден, быйыл жыл башында АКШ бийлиги Кыргызстан жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтоткон.
Мунун себеби катары Кыргызстанда электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилбегени, жоголгон жана уурдалган паспорттор, террочулук үчүн шек саналгандар тууралуу маалыматтардын Интерпол сыяктуу тиешелүү эл аралык мекемелерге убагында берилбегени көрсөтүлгөн.
Ошондуктан, АКШ сыяктуу мамлекеттердин маалыматтарына көңүл буруп, талаптарына жооп берүү зарыл экенин адистер белгилешет.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев тиешелүү органдар жарыяланган отчетту эске алышы керек деген пикирде:
“Албетте, Кыргызстан терроризм, экстремизм жаатындагы тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, анын негизинде иш жүргүзүп келет. Бирок биз башка мамлекеттер менен бул жаатта тыгыз кызматташуубуз керек. Эгер Кошмо Штаттар кайсы бир маселелер бар десе бул отчет чыккандан кийин Тышкы иштер министрлиги, коопсуздук органдары, дегеле өкмөт көңүл буруп, колго алып, керектүү материалдарды алмашуусу керек. Анткени, АКШ, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө көптөгөн чалгындоо материалдары бар. Алар менен алмашып, биз да терроризмге каршы иштешибиз керек”.
Ал эми иммиграциялык виза алууну жанданттуу боюнча иштер жүрүп жатканын буга чейин кыргыз бийликтери айтып келген.
Муну Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник 1-июлда ырастап, учурда бул жааттагы абал жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бул чечим жарыялангандан бери биз Кыргызстандын өкмөтү менен жакындан иш алып барып, ыктымал террорчулар жана кылмыштуу иш-аракеттер тууралуу маалымат алмашып жатабыз. Ошондой эле ар кыл документтер, алардын ичинде саякат документтери тууралуу маалымат бөлүшүү маселесинде да кызматташабыз. Биз мындай кызматташтыкка абдан канааттанып турганыбызды айтып коюшум керек. Бул процесс уланат. Бир канча убакыттан кийин маалымат алмашуу багытындагы кызматташтык кандай абалда экенин талдап, Кыргызстандын ал тизмедеги статусун да кайра карап чыгабыз".
Негизи Борбор Азия өлкөлөрү 40 жылдан бери согуш болуп жаткан Ооганстанга жакын жайгашкандыктан коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер көп аймакка кирет. Бул үчүн эл аралык чөйрөдө көңүл буруунун бутасына айланган учурлар көп.
Бирок 2019-жылга карата "Терроризмдин глобалдык индексинде" Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз мамлекеттердин катарына кирип, бир жыл мурдагыга караганда жети тепкичке өйдө көтөрүлдү.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.