Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Германияда тажиктер террор үчүн кармалды


Германиянын полициясы. 11-февраль, 2020-жыл.
Германиянын полициясы. 11-февраль, 2020-жыл.

Германияда Тажикстандын төрт жараны террордук актыларды даярдаган деген айып менен кармалды. Жергиликтүү полиция алар «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү экенин билдирүүдө.

Германиянын Башкы прокуратурасы 15-апрелде анда жайгашкан АКШ аскер базаларына каршы террордук сокку даярдаган деген айып менен кармалган жарандардын атын атады. Алар Азизжон Б., Мухаммадали Г., Фарходшох К. жана Суннатуллох К. Булардын баары Тажикстандын жарандары. Жергиликтүү маалымат каражаттары алар 15-апрелде таң эрте Эссен жана Дюсселдорф шаарларынын жанынан кармалганын жазышты.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда алар азыр Германияда терроризм үчүн айыпталып түрмөдө отурган шериги менен бат-бат байланышып турган. Андан сырткары Ооганстанда жана Сирияда жайгашкан «Ислам мамлекети» уюмунун лидерлери менен тыгыз байланышта болуп, тапшырмаларды алып турган.

«Алар АКШнын Германиядагы күчтөрү жайгашкан мекемелерди жана жөнөкөй жарандарды бутага алып, аларга каршы террордук сокку урмак болушкан. Андан сырткары өздөрү ислам динин ачык сындады деп эсептеген адамдарды да өлтүрүүнү пландашкан», деп айтылат полициянын маалыматында.

Жергиликтүү басылмалардын жазганы боюнча азыр кармалгандар мурдараак Тажикстанга кайтып барып, тажик бийлигине каршы күрөшүүнү пландашкан. Кийинчерээк алар Германияда калып, бир нече террордук чабуулдарды уюштурууну чечкен.

Немис полициясы операция учурунда кармалган тажикстандыктар жашаган жерден жардырууга керектүү заттарды алганы кабарланды. Андан сырткары Германияда кармалган бул төртөөнүн лидери азыр түрмөдө отурган ошол эле Тажикстандын жараны Равшан Б. аттуу адам экени айтылды.

Азырынча тажик бийлиги, анын ичинде Тажикстандын Германиядагы элчилиги да өз жарандарынын аттары аталып жаткан окуя тууралуу эч кандай пикирин жарыялай элек. «Азаттыктын» тажик өкмөтүндөгү булагы мындай деди:

«Азырынча Тажикстан бул окуя тууралуу эч кандай расмий маалымат ала элек. Анткени мындай учурда Германия Тажикстандын элчилигине үч күн ичинде терроризмге каршы операция жана анын жыйынтыктары тууралуу толук маалымат бериши керек. Тажик бийлиги ошол расмий маалыматка таянат».

Тажикстан 2015-жылы өлкөдөгү «Тайпа 24» деп аталган оппозициялык топтун жана Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Анын натыйжасында Тажикстандын жүздөгөн жарандары Европа өлкөлөрүнө качкын болуп кетишкен. Алардын бир нечеси Германиядан орун тапкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG