Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:36

Тиллерсон: ИМ биротоло жеңиле элек


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Кувейттеги жыйында. 13-февраль, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон АКШ башында турган коалицияга кирген мамлекеттерди Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлерин толук жок кылыш үчүн күрөштү улантууга чакырды.

"Ири аскердик аракеттердин аякташы бул топту биротоло жеңгенибизди билдирбейт", - деди Тиллерсон 13-февралда Кувейтте коалициянын курамындагы мамлекеттердин жыйынында сүйлөп жатып.

Ал Ирак менен Сирияда бир кезде "Ислам мамлекети" радикал тобу басып алган аймактар согушкерлерден тазаланганын кошумчалады. Ошону менен бирге Тиллерсон "жоочулар аймак үчүн, биздин мамлекеттерибиз үчүн жана дүйнөнүн бардык бөлүктөрү үчүн коркунуч туудуруп жатканын" эскертти.

Мамлекетик катчынын сөздөрүнө караганда, Вашингтон Сириянын террорчул топтон бошотулган аймактарын калыбына келтириш үчүн жардам катары 200 миллион доллар бөлмөй болду.

"Ислам мамлекети" террордук тобу Ирак менен Сириянын басымдуу бөлүгүн басып алганда ага каршы күрөш үчүн 2014-жылы негизделген эл аралык коалицияга жетимиштен ашуун мамлекет кошулган.

XS
SM
MD
LG