Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Биринчи вице-премьер тойлорду жана массалык иш-чараларды тыюу маселесин көтөрдү


Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча талапты сактоо жана көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. 24-сентябрда ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгени расмий кабарланды.

Соңку күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында коронавируска чалдыккандар жана өпкөсү кагынгандар көбөйүүдө. 24-сентябрга карата COVID-19 вирусу аныкталган 127 кишинин 38и Ош, 29у Баткен, 20сы Жалал-Абад облустарында, 19у Бишкек шаарында.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин кайра жайыла баштаганына адамдар беткап кийбегени, санитардык нормаларга көңүлкош экени себеп болуп жатканын билдирди.

Штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков той өткөрүү, эл чогулган иш-чараларды уюштурууда кенебестик мамиле улана берсе, өкмөт мыйзамга ылайык башка чара көрөрүн эскертти.

Бир күн мурда өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоого үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар санитардык нормаларга көңүл бурбай жатканын айтып, эскертүүлөрдү эске алууга чакырган.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG