Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Үлпөт той өткөн ресторан үч миң сом айыпка жыгылды


Бишкектеги кафелердин бири. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги кафелердин бири. Архивдик сүрөт.

Төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин кызын турмушка узатуу тою өткөн Бишкектеги «Сары-Челек» рестораны айыпка жыгылды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, буга коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр аткарылбай жатканы тууралуу социалдык тармактардын колдонуучуларынын нааразылыгы себеп болгон.

Бишкек шаардык санитардык көзөмөл инспекциясынын чечими менен ресторанга үч миң сом айыппул салынды. Ресторандын жетекчилиги бул айыпты 10 күн ичинде төлөшү керек.

8-августта бул ресторанда маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскулдун кенже кызын турмушка узаткан той өткөн. Той ээлери ага канча киши келгенин айтышкан жок, салтанат мурда эле белгиленгенине байланыштуу анын мөөнөтү жылбай, өз убагында жакын адамдардын курчоосунда өткөнүн кабарлашты. Тойдо өкүл аталык милдет ырчы Сыймык Бейшекеевге жүктөлгөн.

Бул ресторанга карата 12-июнда да салтанат өткөнү тууралуу арыз түшүп, айыппул салынган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, жапырт иш-чараларга тыюу салынган. Бул талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынары белгиленген.

Мындай чектөөлөргө карабай, айыппул төлөп, той-топур, куран окутуу уюштурулуп жатканын Интернеттеги социалдык тармактардагы билдирүүлөр көрсөтүп жатат.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб буга чейин тойлордо, тажияларда инфекция жайылып жатканын эскерткен. (NT)

XS
SM
MD
LG