Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Мэрия экинчи жолу санитардык эреже бузган тойканаларга кылмыш иши козголорун эскертти


Бишкектеги кафелердин биринде конокторго арналган сый тамак. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги кафелердин биринде конокторго арналган сый тамак. Архивдик сүрөт.

Бишкек мэриясы шаардагы эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишинин алдын алуу үчүн коомдук тамактануучу жай, кафе-ресторан жана тойканаларга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелерди бузган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси (“Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу”) жана 293-берене (“Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу”) менен териштирүү жүргүзүлөт. Ал эми экинчи жолу эреже бузганы аныкталса, Жазык кодексинин 280-беренеси (“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынат.

Мэрия шаардыктарды коомдук тамактануучу жайларда той, куран окутуу сыяктуу жапырт иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон. Бирок жапырт иш-чараларга чектөөлөр бар.

11-сентябардагы маалыматка ылайык, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG