Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Премьер-министр жапырт куран окутуп, маараке өткөргөндөргө жазаны күчөтүүнү тапшырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 3-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында кафе-ресторандарда куран окутуп, мааракелерди өткөргөндөргө жазаны күчөтүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.

Боронов коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатканын, эгер эл ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында жапырт оору катталышы ыктымал экенин эскертти:

«Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе-ресторандарга элдин көп барышы менен байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек».

Кубатбек Боронов кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүшүн көзөмөлдөөнү, эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү тапшырды. Аймактарда бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында күнүгө маалымат берип турууну талап кылды.

Пандемиядан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Буга чейин Бишкекте эреже сактабаган бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. (NT)

XS
SM
MD
LG