Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Минскиде милиция демонстранттарды суу бүркүп таратты


Шаршембиде Минскиде Александр Лукашенконун инаугурациясына каршы чыккан кишилерди милиция суу бүркүп таратты.

Кечке маал күбөлөр Беларустун борборунда ок атылганын, митингге чыккандар кармалганын кабарлашты. «Интерфакс» агенттиги ок асманга атылган болушу ыктымал экенин жазды.

«Азаттыктын» беларус кызматы «Минск баатыр шаар» айкелинин жанында жети миңге жакын киши чогулганын билдирди. Ал жерге кара камуфляжчан белгисиз адамдар келип, демонстранттарды кармап кеткен.

«Nexta» «Телеграм» каналы нааразылыкка чыккандар кечке маал бир нече көчөнү тороп, транспорт кыймылы чектелгенин жазды.

Ал арада нааразылык акциялары Беларустун башка шаарларында да өттү. Могилёвдо жүздөгөн киши жүрүш жасады, алардын жолун милиция жана атайын бөлүктүн кызматкерлери торошту. Витебскиде ушундай эле жүрүштө күч түзүмдөрү менен кагылышуу болду.

«Весна» укук коргоо борбору билдиргендей, шаршембиде Беларуста жалпысынан 150дөн ашуун киши кармалды. Алардын тизмеси борбордун сайтына жайгаштырылды. Тизме жаңыланып турат.

23-сентябрда Минскиде президент Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өткөн. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келет.

Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келет. Президент акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болгон.

XS
SM
MD
LG