Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Шайлоодо аялдар куралбы?


Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо. 2017-жыл.
Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо. 2017-жыл.

Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял.

Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен Хамракул Жаныкулов (тизмеде 57-орунда), Лунара Мамытова (тизмеде 112-орунда), Малика Ахметова (тизмеде 121-орунда), Сайкал Калиева (тизмеде 150-орунда), Алина Шакирова (тизмеде 180-орунда), Гүлжамал Таирова (тизмеде 187-орунда), Мадина Абдукадырова (тизмеде 193-орунда), Сабина Айтыева (тизмеде 198-орунда), Бермет Касымова (тизмеде 200-орунда) чыгарылды.

Шайлоого катышуу укугунан ажыраган аял талапкерлер партиянын тизмесинин артында, 112ден 200-орунга чейинки катарда болчу. Алар саясий жарыштан эмне себептен четтетилгени тууралуу комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Бир Бол» фракциясынан депутат болуп бир жылга жетип-жетпей кайра мандатын тапшырган Лунара Мамытова гана өзү арыз жазганын айтып, башка комментарий берген жок.

«Мекеним Кыргызстандын» айланасындагы окуя партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин күн тартибине чыгарды. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, партиялар БШКга 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек жана парламентте 30% гендердик квота каралган. Бул эл оозунда «аялдардын квотасы» деп айтылып жүрөт.

«“Мекеним Кыргызстан” партиясынан сегиз аял талапкердин чыгып кетиши менен ушул квота бузулдубу?» деген суроо берилип жатат. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ага мындайча жооп берди:

«Партиянын 200 талапкеринин арасынан сегиз айым чыгып кетти. Бирок квота бузулбайт. Квота БШКга талапкерлердин документтерин тапшырган кезде гана эске алынат. Кийин талапкерлердин тизмеден чыгып кетишине байланыштуу өзгөрүүлөр мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Тизмени берерде ошол талаптар сакталышы керек».

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Боршайкомго башында 200 талапкердин тизмесин берген. Анын ичинен 140 эркек, 60 аял. Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда 70% эркек, 30% аял талапкер болчу. Эми катарынан он киши чыгып кетсе, алардын сегизи аялдар. Ушуну менен сөз болуп жаткан партияда аялдар жалпы талапкерлердин 27,4% түзүп калды.

БШК башында 2 032 кишини депутаттыкка талапкер кылып каттаган. Ар кандай себептер менен 36 киши тизмеден чыгып кетти. Анын 15и аял. Ушул тапта 1 996 адам депутаттык орун үчүн ат салышып жатса, анын 642 же 32,2% аялдар.

Парламенттик шайлоого «Реформа» партиясын гана аял талапкер, Клара Сооронкулова баштап баратат. Калган партиялардын биринчи катарында эркектер. Саясий уюмдардын көбү алдыңкы 20 орундукка бештен аял талапкерлерди киргизген.

БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, партиялар шайлоого талапкер болуп катталганга чейин эле мыйзамда көрсөтүлгөн квоталарды сактап жатат. Талапкер болуп катталгандан кийин аялдарды тизмеден чыгарып салышууда.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Мыйзамга «талапкерлерди каттоо учурунда жана андан кийин да квоталар сакталышы керек» деп өзгөртүү киргизүү зарыл. Азыр болсо мыйзамда квота боюнча так жазылган эреже жок. Эми бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карап чыкса болот», - деди ал.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» 33, «Мекен Ынтымагы» партиясынан 48, «Ата Мекенден» 50, «Мекенчил» партиясынан 44, «Бир Болдон» 40, «Ыйман Нурунан» 28, «Замандаштан» 49, «Чоң Казаттан» 21, «Реформадан» 29, «Республикадан» 50, «Социал-демократтардан» 33, «Биримдиктен» 60, «Ордо» партиясынан 32, «Кыргызстан» партиясынан 34 жана «Бүтүн Кыргызстандан» 39 аял талапкер шайлоого баратат. Жарандык активист Азамат Аттокуров аялдардын удаа-удаа шайлоого катышуудан баш тартышы тууралуу мындай деди:

«Аялдар саясатта курал болуп калууда. «Тизмеге киресиңер да кийин чыгып кетесиңер» деген келишим бар да. Партия лидерлери болсо квотаны сактап, тизмени БШКга бекиттирип алууну гана максат кылышкан. Бул жерде «Мекеним Кыргызстан» БШКны алдап кеткендей болуп жатат. Бирок мыйзамда «30% квота сакталсын» деп так жазылып турат».

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышып жаткан Канатбек Азиз мындай сынга кошулбайт. Ал кайсы гана талапкер болбосун өз ыктыяры менен талапкерлердин тизмесинен чыгып кетүүгө укугу бар экенин кайталады:

«Гендердик квота тизмени каттоо учурунда гана керек болот. Калган учурда анын кереги жок. Ал конституциялык мыйзамда да каралган. Кээ бир партиялар аял талапкерлер менен «каттоодон өтүп алсак эле чыгып кетесиңер» деп келишип алышы мүмкүн. Биздин учурда андай эмес. Тизмеден чыккандар партияда эле кызмат кылып жүрүшөт. Дагы бири башка жумушка кирди. Кээ бири шайлоого катышкысы келген жок. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш».

Айрым талдоочулар эми шайлоо бүткөндөн кийин мандат бөлүштүрүүдө да гендердик маселе баш ооруга айланарын алдын-ала эскертип жатышат. Ушундай эле окуялар азыркы чакырылышта да болгон. Ушул тапта парламенттеги 120 депутаттын болгону 20сы гана аял эл өкүлдөрү. Бул жалпы депутаттардын санынын 17% гана түзөт.

«Шайлоодо көбүрөөк акча кошкондор партия лидерлерине «мени алдыга жылдыр» деген талаптарды коюп, анан алдыңкы саптагы аялдар мандатынан ажырап калууда. Азыр тизмеден чыгып кеткендер да эч нерсе эмес. Партиялар шайлоодон утуп чыгып парламенттен мандат алганда чыныгы талаш ошондо башталат», - деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми парламентте аял депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат болуп келерин, ушундай эле талап эркектерге да иштей турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

XS
SM
MD
LG