Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Лукашенко жашыруун ант берди


Минскиде Александр Лукашенконун инаугурациясы жабык өтүп, чектелүү сандагы гана киши катышты. 23-сентябрь, 2020-жыл.
Минскиде Александр Лукашенконун инаугурациясы жабык өтүп, чектелүү сандагы гана киши катышты. 23-сентябрь, 2020-жыл.

Минскиде Александр Лукашенко Беларустун президентинин кызматына 6-ирет киришти. Оппозиция лидери Светлана Тихановская Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги ант берүү аземи аяктаган соң гана маалымат таратты.

Эки айга чукул эл тынчыбаган өлкөдө Лукашенконун инаугурациясын өткөрүүгө даярдык тымызын жүргөн. Шаршембиде таң эрте беларус баш калаасынын борбордук бөлүгү жабылып, атайын техника менен армиянын аскерлери көбөйгөн. Минскидеги президенттик сарайда 66 жаштагы Лукашенко антты беларусча берип, атайын күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын колунан алды.

Ант бергенден кийинки сөзүндө Лукашенко нечен ашуу-белестерди өткөн өз элинин темирдей бекем эркине баа берип, көкөлөтө мактады. «Президенттин кызматына киришкен күн – бул баарыбыздын ишенимдүү жана тагдыр чече турган жеңишибиз. Биз жөн гана өлкөнүн президентин тандабастан, өзүбүздүн баалуулуктарды, бейпил жашообузду, эгемендигибизди жана өз алдынчалыгыбызды коргоп калдык», - деди Лукашенко.

Ал ошондой эле быйылкы жыл Беларустун тарыхында «өтө бир эмоционалдуулугу» менен эсте каларын белгиледи. «Биздин мамлекеттүүлүккө болуп көрбөгөндөй сыноо туулду. Биз «түстүү ыңкылапка» жол берген жокпуз», - деген Лукашенко эки айдан бери тынчыбаган элдин талабына токтолгон жок.

Минскидеги иш-чарага аз сандагы гана киши катышты. Алардын арасында депутаттар, маалымат каражаттарынын башчылары, илим, маданият жана спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар. Иш-чарадан кийин аскердик машиненин коштоосунда автобустар Эгемендик ордосунан чыгып кетип жаткан видео социалдык сайттарда тарады.

Лукашенконун басма сөз катчысы инаугурация өтчү күндү так айтууга убада берген, бирок аны аткарган жок.

Оппозициянын жообу

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская талаштуу шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо ал өзүн "беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер" деп, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты.

37 жаштагы Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада убактылуу баш калкалап отурган оппозициячыл айым эл аралык коомчулукту 9-августта өткөн шайлоону тааныбоого чакырган. Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин эле айткан.

Оппозициянын координациялык кеңешинин мүчөсү Павел Латушко да билдирүү таратты. «Бүгүн биз мурда болуп көрбөгөндөй жагдайга күбө болуп жатабыз. Кетип баратып эле «шайлоодо 80% добуш алгам» деп элди ишендирүүгө аракеттенип жаткан президент өзүнө өзү инаугурация өткөрүп койду», - деп сындады. Оппозиция элди мөөнөтсүз баш ийбөө акциясына чакырды.

Ант берүү иш-чарасы өткөн имараттын жанында жалгыздап пикетке чыккан бир нече киши кармалды.

Эл аралык коомчулук жана Лукашенко

Европарламент 5-ноябрдан кийин Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялады.

Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел: «ЕККУнун көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүү - учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун башкы жолу. Азырынча Беларус бийлиги менен эч кандай деңгээлде байланыш түзгөн жокпуз. Лукашенконун бийликте калууга умтулган өжөрдүгү, анын Москвадан барган сайын көбүрөөк колдоо алып жатканы кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео беларус бийлигинен оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылган. Учурда Кошмо Штаттар Европадагы өнөктөштөр менен бирге Беларустагы айрым жетекчилерди бутага ала турган санкцияларды караштырып жатат.

Беларус өзгөрүүнү, Кыргызстан кыйчалыштан чыгууну каалайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:56 0:00

Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстранттар кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын расмий жарыялаган. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү Беларуста добуштар бурмаланганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келатышат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG