Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

«Кыргызтест» жарандарды тест тапшырууга чакырат


Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тили боюнча тесттен өтүп жатат. 2019-жыл.
Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тили боюнча тесттен өтүп жатат. 2019-жыл.

«Кыргызтест» мекемеси Мамлекеттик тил күнүнүн урматына 24-сентябрда каалоочуларды онлайн тест тапшырууга чакырат.

Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. Ушул күнү президенттин аппараты баш болгон бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери да кыргыз тилинен тест тапшырышат.

Тестти ийгиликтүү тапшыргандарга атайын сертификат берилет.

2014-жылдан бери кыргыз тилинен тест тапшырган мамлекеттик кызматкерлер 50 миңден ашты.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча «Кыргызтест» системасы 2013-жылы ишке кирген. «Кыргызтест» лексика, грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат.

Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргызстанда атайын иш-чаралар өткөрүлдү. (TSh)

XS
SM
MD
LG