Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Окуу жайларга кабыл алууда мамлекеттик тилди билгендерге артыкчылык берилет


Мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүн тизмеден карап жатат. Бишкек, Кыргызстан.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүн тизмеден карап жатат. Бишкек, Кыргызстан.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда быйылкы жылдан баштап жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алууда мамлекеттик тилди билгендерге артыкчылык берилерин жарыялады.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, өкмөттүн 2018-жылдын 11-июнундагы (№279) токтомунун негизинде ЖОЖдорго кабыл алуу боюнча жобого ушундай өзгөртүү киргизилген.. Ага ылайык жалпы тестирлөөдө бүтүрүүчүлөрдүн упайы бирдей болуп калган чакта, бош орун "Кыргызтест" борборунун системасынан мамлекеттик тилди билгени тууралуу сертификат алган улан-кызга берилет.

Мекеме ошондой эле кыргыз тили боюнча тесттен өтүү ыктыярдуу түрдө жүрө турганын белгилейт. Кыргыз тилинде окутуу жүргүзгөн мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргызча сабаты “В1” деңгээлинен төмөн эмес экенин, орус, өзбек, тажик тилинде окутуу жүргүзгөн мектеп бүтүрүүчүлөрү А2 деңгээлинен төмөн эмес экенин көргөзүшү керек.

2019-жылдын 1-мартынан тарта окуучулар “Кыргызтест" борборунун сайтынан тесттен өтүп өзүнүн тил билүү мүмкүнчүлүгүн текшерип көрүшсө болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG