Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

COVID-19: Катталган өлүм, камаарабаган эл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир адам каза болду. Бул соңку үч жумадан бери илдеттен каза болгону айтылган биринчи киши. Акыркы жумаларда расмий статистика боюнча өлкөдө коронавирус кайра көбөйдү.

Адистер муну аш-тойлор күчөп, шайлоо өнөктөгүнө эл байма-бай чогулуп жатканынан көрүүдө. Вирустун алдын алуу жана кокус күчөп кетишине даярдык көрүү кандай деңгээлде?

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 28-сентябрда бир киши каза болду. Маркум Ош облусунун тургуну болчу. Бир сутка ичинде 104 кишиден оору аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди:

«Эпидемиологиялык абал бүгүнкү күндө кооптуу болуп жатат. Анткени эл арасында вирустун айлануусу токтобой жатканын лабораториялык тесттер көрсөтүүдө. Өткөн суткада 104 кишиден коронавирус оорусу лабораториялык жол менен аныкталды. Азыр республика боюнча ооруканада жатып дарыланган бейтаптардын саны 700 болсо, амбулатордук негизде 1520 адам адистердин жардамын алууда».

Илдет жуккандардын бир күндүк көрсөткүчү 24-сентябрдан бери 100 кишиден көп болуп жатат. Ага чейин орточо 50-60 адам болуп жаткан. Буга чейин эл арасында «вирустун жана андан каза болгондордун акыркы кездеги чыныгы статистикасы жашырылды» деген сөздөр айтылып келген. Брифингде министрдин орун басары Үсөнбаев бул сөздөрдү төгүндөдү.

«Маалыматтык саясат жакшы болбой жатат»

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга акыркы маалда күчөгөн аш-той жана шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу эл көп катышкан иш-чаралар таасир этип жатканы айтылууда. Эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер да мурдагыдай сакталбай калды.

«Сорос Кыргызстан» фонду пандемия башталгандан бери Кыргызстандагы вирустун жайылышын алдын-ала болжолдоп, статистикалык моделин чыгарууга көмөктөшүп келет. Фонддун саламаттык сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов буларды айтты:

«Эл азыр оорунун экинчи толкуну болоруна же күзүндө көп кишилер ооруп каларына ишенбей жатат. Азыр да «Кытайдан учактар вирусту таратып учуп жүрөт» деген сыяктуу жалган маалыматтар тарап жатат. Эл туура, так маалымат ала албай калды. Дагы бир маселе - азыр шайлоо өтө маанилүү болуп турат. Айта кетерим, элдин жашоосу үчүн маанилүү кандайдыр бир процесс экинчи маанилүү нерсени жаап кетпеши керек. Шайлоого алаксып, вирустун күзүндө күчөшүн унутуп калбасак. Тилекке каршы, азыр вирус күчөгөн кырдаалга даярдык шайма-шай болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен анын өнөктөштөрү болгон аракетин кылса да, башка секторлордо ага даярдык сезилбей жаткандай».

Карантин кайра болобу?

Президент Сооронбай Жээнбеков да шайлоого байланыштуу үгүт өнөктүгүнүн убагында санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталбай жатканын 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди. Ал көпчүлүктү түйшөлткөн «Вирус күчөсө кайрадан карантин жарыяланып, баары жабылабы?» деген суроого жооп берип жатып, саясий партиялардын жоопкерчилигине токтолду:

«Партияларды мен мурда да айттым эле, тилекке каршы көп адамдарды топтоп, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Республикалык штаб, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Өз убагында эскертүү берип, тиешелүү чара көрүш керек деп ойлойм. Ал эми кайрадан карантин киргизүү оңой, күч түзүмдөрүн алып келип, баарын жаап салабыз. Бирок аны менен эле маселе чечилбейт да. Ар кимибиз коргонуу чараларын өзүбүз аткарганыбыз дурус».

Чарчаган медиктер «кызыл зонага» кайра киреби?

Вирус башталганы өлкөдө расмий эсеп боюнча 1064 адам каза болду. Алардын 83ү - медициналык кызматкерлер. Көзү өткөн жана оору жуккан медиктерге өкмөт убада берген кенемтелер азырынча толук төлөнүп бериле элек.

СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова дарыгерлерди кайра калыбына келтирүү иштери толук аткарыла элек экенин эске салды:

«Биринчи кезекте биздин дарыгерлерди кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөнүбүз дурус. Себеби, алар азыр абдан чарчап, кыйналып турган учуру. Оору кайра башталса бизди калкалай турган жалгыз катмар - медицина кызматкерлери эмеспи. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагын каржылоону мамлекеттик саясаттын башкы беш өзөктүк максатынын бирине айлантышыбыз керек. Азыр өкмөт, шайлоого аттанган партиялар саламаттык сактоо тармагы абдан маанилүү экенин билип, ошого жараша иш-аракеттерди аткарса жакшы болмок».

Пандемия башталган март айынан бери вирус жуккандардын расмий эсеби 46 355ке жетти. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG