Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Медадистерге байланыштуу жагдайды Кыргызстан менен Пакистандын биргелешкен комиссиясы текшерет


Кыргызстанда окуган индиялык жана пакистандык студенттер.
Кыргызстанда окуган индиялык жана пакистандык студенттер.

Кыргызстан менен Пакистандын биргелешкен комиссиясы медицина адистерин даярдаган окуу жайларынын лицензиясын, студенттерди кабыл алуу критерийлерин текшерип чыгышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Чынара Мааткеримова билдирди.

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизгени тууралуу 29-октябрда маалымат тараган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына Кыргызстандан окууну бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинин милдеттүү медициналык сынагынан өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

«Билим берүү жана илим министри менен Пакситандын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусунун негизинде биргелешкен комиссия түзүлө турган болду. Ушундай эле комиссия 2016-жылы да мониторинг жүргүзгөн. Андыктан мындай чечим чыгарардан мурун Пакистан тарап жеринен кайрадан изилдеп көрсө болмок. Муну чыныгы жагдайды көрбөй туруп кабыл алынган чечим деп ойлойбуз», - деди Мааткеримова.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, тогуз миңден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат. (SA)

XS
SM
MD
LG