Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Акчасын өндүрүп, айыпкерин жашырган күрөш


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы катары бюджетке кайтарылган каражаттардын суммасын жарыялашты.

Алгачкылардан болуп Башкы прокуратура үн катып, жаңы бийлик өкүм сүрүп жаткан бир айдын ичинде 382 миллион 533 миң сом өндүрүлгөнүн билдирди.

«Бул суммалар төрт кылмыш иши боюнча өндүрүлгөн. Биринчи иш боюнча беш миллион 340 миң, экинчи бажыга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 371 миллион сом өндүрүлдү. Мындан тышкары дагы эки иш боюнча бир миллион 354 миң жана 450 миң сомду казынага кайтара алдык», - деди башкы прокурор Курманкул Зулушев 4-ноябрда басма сөз жыйынында.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) октябрь айынын ичинде болжолдуу эсеп менен бюджетке келтирилген зыяндын 394 миллион сомун кайтарууга мүмкүн болгонун билдирди.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы коррупцияга байланышкан кылмыштарды тергөөнүн негизинде 575 миллион сом казынага кайтарылганын кабарлап жатат. Бул каражат - октябрь айынын башынан тартып 5-ноябрга чейин өндүрүлгөн акча. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү акчаны кайсы кылмыш иштеринин негизинде, кимдерден өндүргөнүн ачыкка чыгарбай жатат. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов кыска гана комментарий берди:

«Аталган сумманын ичинде Райымбек Матраимов жана башкалар кайтарган акча бар. Азыр биз жалпылап маалымат берип жатабыз. Калганын кийин айтабыз».

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров башында турган бийлик коррупцияга каршы күрөштү катуу жүргүзүүгө убада берген. Бийликтин эки бутагын колго алган Жапаров 21-октябрдан тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялап, буга бир айлык мөөнөт коюлганын маалымдаган эле. Ал ушундай жол менен бюджетти толтуруп, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды кайтаргысы жана көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыргысы келгенин айткан болчу. Бул мунапыс салыктык жана экономикалык болуп экиге бөлүнгөн. Биринчисине ыктыярдуу түрдө ар бир жаран катышса болот, ал эми экинчиси кылмыш иши козголгондон кийин колдонула баштайт.

Садыр Жапаров 27-октябрда мамлекеттик телеканалдардын бириндеги маегинде мунапыстын жыйынтыктары боюнча мындай деген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

«Камоо, «кустуруу» муну менен эле бүтпөйт. Коррупционерлерге бир айлык убакыт бергенбиз. Азыр өз ыктыяры менен казынага акча төгүп, «ушунча уурдап койдум эле, мындан кийин мени чакыра көрбөгүлө» дегендер бар. Аларды күч органдары чакырып жаткан жери жок. Мен мунапыс жарыя кылгандан кийин төгүп жатышат. Биз айдын, жарым жылдын жыйынтыгын жарыялайбыз».

Садыр Жапаров айтып жаткан мунапысты ишке ашыра турган механизмдерди иштеп чыгыш үчүн өкмөттүн алдында атайын комиссия түзүлгөн. Эгерде кимде-ким кертип кеткен каражаттарын кайтарып берсе, анда ага административдик жана экономикалык кечирим берилет. Ал эми экономикалык мунапысты пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрү кабарланган.

Экономист Кубан Чороев Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык мунапыс ишкер чөйрөгө кедергисин тийгизиши ыктымал айтып жатат. Анын себебин мындайча түшүндүрүп берди:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

«Кыргызстанда укук коргоо органдарына ишенич жок, алар кынтыксыз иштейт деп айтууга болбойт. Бөрк ал десе баш алышы мүмкүн да. Мунапыстын, коррупцияга каршы күрөштүн негизинде мамлекетке зыян келтирген адамдар жоопко тартылганы менен арасында ишкер чөйрө жоготууга учурап калуу мүмкүнчүлүгү жогору болуп турат. Капиталын башка өлкөгө чыгарып же көмүскөгө кирип кеткен ишкерлер да болушу мүмкүн. Анткени кээ бир жакшы иштеп, мамлекетке салык төгүп жаткан ишкерлерге аткаминерлердин катышы бар деген шылтоо менен кысым болушу мүмкүн. Бул кадам ички инвестициялык климатка кедергисин тийгизет жана ишкерлик зыянга учурап калышы күтүлүп турат».

Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак катары күч түзүмдөрү, анын ичинде сот, прокуратура тармагы, текшерүүчү органдар айтылып келе жатат. Садыр Жапаров алардын башчыларын алмаштырганы менен бул тармактарды реформалоо боюнча сунуштарын айта элек. Ошондуктан күч түзүмдөрүнүн коррупцияга каршы күрөшү канчалык жыйынтык берери тууралуу суроо койгондор бар. Буга аталган мекемелердин кайсы кылмыш ишинен канча зыян келгенин, миллиондогон каражаттардын казынага кайтарылышынын жол-жобосун түшүндүрбөй жатканы да себеп болууда. Мисалы, саясатчы Бектур Асанов буга чейин мамлекеттин байлыгына кол салып, азыр кайра кайтарып жаткан адамдардын, ишканалардын аты-жөнүн уккусу келгенин айтты:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Башкы прокуратура төрт кылмыш ишинин негизинде 392 миллион сом өндүргөнүн билдирди. Каражатты кайтарып бергендер кимдер, эмне болгон экономикалык кылмыш иши? Элге ачык жана так айтылышы керек эле. Ал эми Финансы полициясынын кадамдарын чалды-куйду, дилетанттын иши деп айта алам. Ачык айтпаса күмөндүү ойлорду жарата берет. Коррупцияны он чакты адамды камап жеңүү мүмкүн эмес. Калыптанып калган системаны кыйратуу зарыл. Азыркы бийликтин конкреттүү иш пландары жок. Булар шайлоо алдында элдин көңүлүн алып, ат салышуудан жеңип чыгуу менен бийлигин бекемдегиси келип турат».

Элдик толкундоодон кийин 15-октябрда кызматтан кеткен мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бийликте турган үч жылдын ичинде коррупция менен күрөшүп жатканын айтып жүрдү. Ага чейин өлкөнү башкарган Алмазбек Атамбаев да коррупцияга каршы жүргүзүлгөн саясатын мыкты жетишкендиктердин бири катары баалачу эле. Эми Садыр Жапаровдун жемкорлукка жарыялаган согушун да коомчулуктун бир бөлүгү кызуу колдоо менен кабыл алды. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикири төмөндөгүдөй:

Алмаз Акматалиев.
Алмаз Акматалиев.

«Кимдин коррупционер экенин баарыбыз эле билебиз. Бирок кымырылган акчаны реалдуу түрдө бюджетке кайтаруу мүмкүн болбой жаткан. Азыр аябай натыйжалуу жолдору табылгансып жатат. Мына, Райымбек Матраимов казынага кайтара турган эки миллиард сомду четинен төлөй баштады. Негизи мамлекеттин байлыгын уурдагандарга сөзсүз түрдө экономикалык гана чара көрүлүп, мамлекеттик кызматка келбегидей кылыш керек. Бул да люстрациянын бир жолу. Ошол эле маалда отчёт да керек. Бийлик өз убагында баарын айтат деп ойлойм».

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG