Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Курулушчуларды каржалткан кыйынчылыктар


Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш тармагындагы компаниялар жана ассоциациялар жыл башынан бери алардын иши артка кеткени жөнүндө даттанышты. Бишкекте эле жыл башынан бери кеминде 80дей объект уруксат ала албай турат.

Буга пандемияда уруксат кагаздарын алуу татаалдашканы, жеңилдиктер каралбаганы, мыйзамдык тоскоолдуктар жоюлбаганы мисал келтирилип жатат. Эл аралык "Doing Business" индексинде курулушка уруксат алуу боюнча Кыргызстан 29-орундан 90-орунга жылды. Мамлекеттик органдардын жүйөсү башкача.

Курулушчулардын даты

Коронавирус пандемиясынын кесепеттерине байланыштуу арыз-муңун курулушчулар 3-ноябрда «Курулуш тармагынын 2020-жылдагы абалы» аттуу Бишкектеги жыйында жарыялашты.

Алар долбоорлоо жана турак-жай салыш үчүн керектелчү документтерди алууда мурдатан уланып келген бюрократиялык көрүнүштөр кризис маалында андан бетер оорлогонун белгилешти.

«Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасынын башкы директору Аскарбек Молдобаев көйгөйлөрдүн айрымдарын «Азаттыкка» санап берди:

Аскарбек Молдобаев.
Аскарбек Молдобаев.

«Биринчиден, жер маселеси. Анын бөлүнүшүндө, макамын аныктоодо чоң чатактар бар. Маселен, кайсы бир жерге курулуш баштайын десең, «айласындагыларын сатып алалы, тазалап берели» десең да уруксат бербей жатышат. Же «бул жерден коммуникация өтсө болот» деп жазылып турган жерге да бербей жатышат. Ошондуктан бул боюнча нормативдик-укуктук актыларды да оңдосок деген сунуштарды коюп жатабыз. Бирок ал иш ордунан жылбай жатат. «Бирдиктүү терезе» деп киргизишкен эмес беле? Ошол жерде уруксат кагаздары, анын ичинде техникалык шарттар, өрт жана башка боюнча кемчиликтер болсо бизге үч күндүн ичинде айтышы керек. Баары жайында болсо архитектура органдары документтерди өзү бүтүрүшү керек эле. Бирок азыр андай эмес. Алар кайра эле курулушчуну «муну алып кел, тигини алып кел» деп кыйнай беришет. Бул ачыктан-ачык эле коррупциялык схема. Биз регламентти түзүп, курулушчу менен архитектуралык адис гана беттеше турган кылалы деп сунуш кылганбыз. Калганын архитектура кызматы бүтүрсүн. Мына ушуга да каршылыктар болуп жатат».

Молдобаев компанияны жетектегенден сырткары Кыргызстандын Курулушчулар бирикмесинин төрагалык милдетин да кошо аркалайт. Ал ошол себептүү жалпы курулушчулардын маселесин тизмектөөдө.

Бишкекте курулуп жаткан үйлөр.
Бишкекте курулуп жаткан үйлөр.

«Биз керек болсо уруксат кагаздарын алгандан кийин да курулушчу жалгыз калып атпайбы. Ага жергиликтүү бийликтин, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү келип жардам бербейт. Мыйзамсыз болсо мыйзамдуу кылганга жардам берсин, мыйзамдуу болсо кошумча колдосун. Өзүбүз менен өзүбүз калдык. Көрүнгөн киши келип курулушту токтотуп коюп жатат. Мына ушуну тартипке келтириш керек. Биз мамлекеттен тыйын сураган жерибиз жок, шарт түзүп берсе иштей беребиз. Калганы элдин чөнтөгүнөн көз каранды».

Жагдай оорлоп жатканына курулушчулар эл аралык Дүйнөлүк банктын «Doing Business» индексинин көрсөткүчтөрүн мисал келтирип жатышат. Кыргызстан акыркы жылдары ансыз да анын негизги рейтинги болгон «бизнести жүргүзүүнүн жеңилдиги» боюнча он орун артка кетип, 80-орунга келген. 2019-2020-жылдарда болсо бул индекстин «курулушка уруксат алуу рейтингинде» Кыргызстан 29-орундан 90-орунга жылган.

«Эмарк групп» компаниясынын жетекчиси, JIA бизнес-ассоциациясынын курулуш комитетинин жетекчиси Чолпонбек Акматов буларга токтолду:

Чолпонбек Акматов.
Чолпонбек Акматов.

«Беш-алты жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр бар. 2020-жылы COVID-19 вирусу башталганда андан башка да маселелер ага кошулду. Бир эле Бишкекти алсак, Шаар куруу кеңешинин жыйыны өтмөйүнчө биз курулушту баштай албайбыз. Алар жыйынын жыл башынан бери өткөрө элек болгондуктан, азыр 100гө жакын, тагыраагы 80дей курулуш объектиси токтоп турат. Мындан сырткары Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын жыйыны да өтпөгөндүктөн дагы бир топ курулуш имараттары башталбай турат. Мына ушунун баары «Doing Business» индексинде, курулуш боюнча 90-орунга түшүп калышыбызга алып келди».

Курулушчулар ириде уруксат кагаздарын алуунун мөөнөтү көптүгүн айтып даттанышууда. Маселе көтөргөндөр бул жагдай мыйзамдарда так көрсөтүлбөгөнүн, аны оңдоо боюнча аракеттер жемиш бербей жатканын маалымдашты.

Мамлекеттик органдар буга толук макул эмес. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик документтерди берүү убактысы кыскарганын, ал көбүнчө курулуш фирмаларынын күнөөсү менен узарып кетерин билдирүүдө.

Мекеменин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев мындай деди:

Мирбек Акматалиев.
Мирбек Акматалиев.

«2020-жылдын башында курулушту долбоорлоо боюнча жаңы жобо кабыл алынган. Мурда уруксат кагаздарын берүү расмий түрдө 180 күнгө созулса, жаңы жобого ылайык ал процесс 60 күндө бүтүшү керек. Мындан сырткары мурда каралчу айрым пункттар, эрежелер азыр алынып салынган. Маселен мурда курулушка өзүнчө уруксат берилсе, азыр долбоордук документацияга оң экспертиза алган компания Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга кабар берип коюп эле ишин баштай берсе болот. Анан долбоордук документациясы экспертизадан өтпөй калса же бирдемеси туура эмес болуп калса, өздөрүнүн күнөөсү менен 80 күнгө узарып кетсе, ага мамлекеттик органдар күнөөлүү эмес да. Биздин түзүмдөрдүн баары чарбалык эсепте, кардар келет, акчасын расмий түрдө төлөйт, а биздин кызматкерлер кызматын көрсөтөт. Биздин кызматкерлердин айлыгы ошондон көз каранды болуп жатпайбы. Анан эмнеге жасалма түрдө созсун? Андай деген туура эмес».

Курулуш тармагы артка кетти

Баса, өлкөдөгү башаламандыктан кийин бийлик башына келген жаңы өкмөт жакын арада бардык тармактарда, анын ичинде ушул тармакта кескин реформалар жүрөрүн билдирип келет.

Мындай позициясын президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 3-ноябрда Ошто эл менен жолуккан учурда да билдирип, курулуштагы бюрократия жоюларына убада берди:

Садыр Жапаров Ошто. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров Ошто. 3-ноябрь, 2020-жыл.

«Кагаз түрүндө суроо келиптир, анда «курулуш тармагына документация өтө кеч болуп жатат. Бир жылдан өтөт, кайра эле коррупция болуп жатат» дептир. Мен белгилеп айтып кетейин, курулуш тармагына, инвесторлорго документтерин кечиктирилгис түрдө жасап бергиле. Өкмөттүн өкүлүнө, жергиликтүү бийликке эскертем, архитектура жана башка кызматтарга команда берип, айткыла. Мурдагыдай акча сурап, бюрократия менен алектенишпесин».

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ички дүң өнүмүндөгү (ИДӨ) курулуш тармагынын үлүшү 2020-жылы 3,3% төмөндү. 2019-жылы ал ИДӨнүн 9,7% түзсө, быйыл 6,4% түзүп жатат.

Тармактын өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 7,7% артка кетти. Башкача айтканда имараттарды куруу жана инвестициялар ушунча көлөмгө кемиди.

Бул жагдай ишкерлер чөйрөсүн кабатыр кылып жатат. Тиешелүү ассоциациялар жана бирикмелер бул жагынан бийликти кризистин алдын алыш үчүн чечкиндүү кадамдарга чакырууда. Себеби өлкөдөгү жумушчулардын 10% курулуш тармагында иштейт.

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров өз оюн ортого салды:

Фархад Пакыров.
Фархад Пакыров.

«Өлкөдө кризис болуп жатат, жумушсуздук күн сайын күчөп, социалдык-экономикалык абал да начарлап жатат. Ушундай шартта 80-90дой долбоор уруксат ала албай, ишин баштай албай жатканы жакшы көрүнүш эмес. Бул жерде маселе капиталдын, акчанын же инвестордун жоктугунда эмес. Инвесторлор даяр долбоор менен акча да салууга, жумуш менен да камсыз кылууга даяр болуп, уруксатты эле күтүп жатат. Алар ишке кирсе ошол кризисти азайтууга, жумуш менен камсыз кылууга да салым кошмок».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөө башка тармактарда да байкалып жатат.

2020-жылдын тогуз айында Кыргызстандын экономикасы жалпы жонунан 6-7% артка кетти. Жыл башында эл аралык уюмдар кыргыз экономикасы 10% төмөндөй турганын эскерткен. Ошол эле кезде адистер өлкөдөгү саясий олку-солкулук да кризисти тереңдетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

«Курулуш тармагынын 2020-жылдагы абалы» аттуу Бишкектеги жыйынды «Азаттык» «YouTube» каналында түз алып көрсөттү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG