Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Бишкектин жол курулушундагы жоболоң


Бишкектеги жолдордун бири.
Бишкектеги жолдордун бири.

Баш калаанын жолдорун оңдоодогу «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын ишмердиги жана андагы коррупциялык чийимдер боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинде карала турган болду.

Бул боюнча демилге көтөргөн шаар депутаттары андан ары бул иш боюнча топтолгон материалдар укуктук баа бериш үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп бериле турганын белгилешти. Алардын айтымында, жол курууда шаар бийлиги өзүнө жакын компанияларга тартып, тендердин шарттарын одоно бузган, долбоорлоо жана чыгымдар сметасы ачык көрсөтүлбөгөн жана курулуштун сапаты талапка жооп бербеген жагдайлар боюнча материалдар топтолгон.

Бирок Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров коюлган дооматтарды четке кагып, муну буга чейин шаарга жол куруп келген компанияларга ээлик кылган депутаттардын ич күптүсү катары түшүндүрдү. Анын айтымында, көзөмөлдүн натыйжасында жол курууга кеткен чыгымдарды бир топ кыскартууга өбөлгө түзүлгөн.

Көз каранды эмес көзөмөлдүн жоктугу

Бишкектин жолдорун оңдоого Кытай грантынан сырткары жыл сайын шаардык бюджеттен да кыйла каражат бөлүнө турганы белгилүү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын жолдорун оңдоо иштери 2016-жылдан бери Бишкек мэриясына караштуу «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына берилген. Ошол жылдан бери шаар жолдорун оңдоого бөлүнгөн каражаттын бир млрд. 600 миллион сому өздөштүрүлгөн. Буга жалпысынан 150 чакырымдан ашуун шаар ичиндеги жолдор оңдолуп, курулган. Бирок шаардык кеңештин айрым депутаттарынын айтымында, жол курулушунун сапаты талапка жооп бербейт. Ошондуктан жаңы жолдор четинен жарылып, айрым жерлери чөгүп кеткен жана бузулган асфальт катмары кайрадан оңдоп-түздөөгө муктаж болгон учурлар боюнча материалдар топтолгон.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов анын себебин ошол жолдордун сапатын көзөмөлдөп, ага баа бере турган көз каранды эмес органдын жоктугу менен байланыштырды:

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

«Биз шаардык кеңештин мурдагы чакырылышында жергиликтүү бюджеттин башка чыгымдарын кыскартуулардын негизинде бир млрд. 600 млн. сом үнөмдөп, ошол каражатты шаардын ичиндеги жолдорду оңдоого бөлгөн болчубуз. Ал кезде биз бул акчаны Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы иштетип, өздөштүрөт деген ойдо болгонбуз. Бирок ошол кездеги мэр Албек Ибраимов ал каражатты жол курууга чыгымдоону «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын карамагына өткөрүп берип салган. Ошондон бери ал ишкана жолду өзү оңдоп, өзү текшерип, өзү кайра кабыл алып келатат. Анан эле бир жагынан бүткөн жаңы жолдорго суу көтөрүлүп кетип, чөгүп, экинчи жагынан талкаланып жатпайбы. Андыктан биз буга чейин жаңы жол жасалса же оңдолуп жатса анын сапатына көзөмөл жүргүзө турган көз каранды эмес эксперттик-консультативдик орган болушу керек деген маселе көтөрүп келе жатабыз. Бул маселени көптөгөн депутаттар байма-бай көтөргөнү менен анын баары кагаз бетинде калып кетип жатат. Бул жерде жолдун сапаты эле эмес. Ал жерде абдан көп иштер бар...»

Бир катар шаар депутаттарынын айтымында, мурда шаардын жолдорун курууга же оңдоого мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы буюртмачы болсо, 2016-жылдан бери буюртма берүү, жол курулушун аткаруу, көзөмөлдөө жана аны өткөрүп алуу бир гана мекемеге - «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына өтүп калган. Алар ушундай кызыкчылыктардын кагылышы тогошуп калган жагдайдан улам бул ишкана коррупциялык тобокелчиликтердин очогуна айланып калганын айтышууда.

Отчёт талап кылган депутат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Анатолий Горбунов «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын ишмердиги жана анын каржылык чыгымдары боюнча отчёт алуу күн тартибине коюлуп жатканын билдирди:

«Бул маселе боюнча суроолор башында шаардык кеңештин жыйынында берилет. Андан соң тиешелүү жооптору менен материалдардын бардыгы укук коргоо жана фискалдык органдардын кароосуна тапшырылып берилет. Биринчи кезекте прокуратура органдарына. Бул жерде эң эле башкы мыйзам бузуу - «Бишкекасфальтсервис» бир эле учурда буюртмачы, бир эле кезекте аткаруучу, техникалык көзөмөлдөөчү болуп, анан өзү жасаган ишти кайра өзү өткөрүп алып жатканы. Бул жерде алар өздөрүнүн ишине өздөрү баа берип жатат. Бул мыйзамды одоно бузуу. Вице-мэр Амантуров башында бул ишкананы жетектеген. Азыр вице-мэр катары да бул тармакты карайт. Өзү мурда он жылга чукул иштеп кеткен компания туунду жалдануучу (субподрядчик) болуп азыркыга чейин жүрөт. Ошондуктан биз бул маселени караганда милдеттүү түрдө аталган жагдайды өзүнчө күн тартибине коюп, талкуулайбыз».

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын туунду жалдануучулары катары «Меади», «Кыргыз Курулуш», «Жагалмай», «Чу Прокси» курулуш фирмалары тандалып келген. «Бишкекасфальтсервистин» мурдагы башчысы, азыркы вице-мэр Мирлан Амантуров ага чейин «Меади» жоопкерчилиги чектелген коомун жетектеп келгенин мисал келтиргендер, анын компаниясы тендерден дайыма утуп келгенин андагы жеке кызыкчылык менен байланыштырышкан.

«Асманга» сапырылган акча

Транспорт жана жолдор министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы, жол курулушу боюнча адис-эксперт Талант Садакбаев шаардын жолдору долбоору жок курулуп жатканын айтты:

«Бул жерде «Бишкекасфальтсервис» өзү жолду салып, анан мэриядан акча анын эсебине түз которулуп жатпайбы. Анан ал каалаган компанияны туунду жалдануучу кылып алат. «Өзүнүн фирмасын киргизип алды» деген сөз ошондон улам чыгып жатат. «Меади» деген компания - «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын мурдагы жетекчиси, азыркы вице-мэр Мирлан Амантуровдун фирмасы деп жүрүшпөйбү. Бул жерде ал мурда жетекчи болуп иштеп кеткен фирманын улам тендерден утуп жаткан жагдайында кызыкчылыктар кагылышы бар. Бирок ал жакта чоң акча айланып жаткан соң, ага көз жуумп коюшат экен. Андагы аткарылган жумуштун көлөмүн кантип текшерип, долбоорлору жок эле жолду кантип оңдоп жатышат? Эгерде жолдо чуңкурлар пайда болуп калса, аны долбоору жок оңдоп койсо болот. Бирок жолду капиталдык жактан оңдоп, баштан-аяк жолдун катмарларын алып жатканда аны кандайча долбоору жок аткарышканы кызык. Долбоор боюнча жолдун нугунун ылдый-өйдөсүн аныктап, суу агып кете тургандай кылыш керек. Ошонун баары долбоор боюнча жасалат. Андай долбоор жок болсо анда жолго суу толуп кетип, анын асфальты чөгүп, жол улам бузула берет. Ошон үчүн жолдун долбоорун чийип, долбоордук-сметалык документациясы даярдалышы керек. Болбосо акчаны асманга сапырып жибергендей эле болуп калып жатпайбы?»

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров анын жол куруу тендеринде жеке менчик компаниясын өткөрүүгө байланышкан жеке кызыкчылыгы жок экенин айтып, анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты.

Вице-мэр Мирлан Амантуров жол куруудагы буга чейинки ашыкча көрсөтүлүп келген чыгымдар азайганын айтып, буга каршы чыккан тараптар ич күптүсүн чыгарып жатат деп эсептейт.

Мирлан Амантуров.
Мирлан Амантуров.

«Чынында «Меади» менен «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын ортосунда бир да келишим жок, - деди ал. - Аны текшерсе болот. Мен да келесоо эмесмин. Биз жол курулушунан өткөн төрт жылда 5,5 млрд. сом үнөмдөп калдык. Кантип? Анткени мурун бир чакырым жолду оңдоого бир млн, бир млн. 500 миң доллар акча кетсе, андан бир топ сапаттуу кылып 250 миң доллардын тегерегинде жол салып жатабыз. Мына ошол акчанын бир миллион доллары чөнтөктөргө бөлүнүп кетчү эле. Азыр сүйлөп чыгып жаткан шаардык кеңештин депутаттарынын бааынын курулуш компаниялары бар. «Бишкекасфальтсервис» алардын кокосуна тыгылган кылкан болуп, баягы уурдап жүргөн акчасын жей албай калышты. Бул компания өзүнө-өзү буюртмачы, өзүнө-өзү кабыл алуучу боло албайт. Аны карай турган, кабыл ала турган башка мекеме-уюмдар бар».

Антсе да Талант Садакбаев жол куруудагы долбоорлоо боюнча документтердин иштелип чыкпаганы коррупциялык чийимдерге гана жол ачпастан, анын сапатына түздөн-түз таасир эте турганын белгиледи. Садакбаев ошонун айынан улам оңдоо иштери жасалып, бюджеттин каражаты ысырап болуп жатканына токтолду:

«"Бишкекасфальтсервис" жасап жаткан жолдор боюнча бир да аткаруучу тартым жок. Бир да ырасталган ошондой объектилери жок. Жол эмнеге бузулуп жатат? Себеби эп келтирип эле уруп жатышат. Туура эмес жасалганы үчүн анан жолдун сапаты начар болуп, улам эле бир жери бузулуп келе жатат. Анан ага укмуштуудай акча кайра сарпталат».

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров азыркы мезгилде да «Бишкекасфальтсервис» ишканасы сыяктуу муниципалдык ишканалар кирген шаардын турак-жай, коммуналдык чарба тармагын карайт. Мирлан Амантуров жол оңдоо иштеринин бардыгына эле долбоорлоо иши талап кылынбай турганын айтып, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок деген оюн билдирди:

«Бишкектеги жол курууда долбоор керек көчөлөр болот, долбоор керек эмес да курулуш объектилери болот. Мисалы, Манас жана Киев көчөлөрүнүн кесилишин карасак болот. Муну долбоору жок эле салса болот. Анткени тилкенин чеги өзгөргөн учурда гана ага долбоор керек болот. Эгерде тилкенин чек арасы өзгөрбөгөн болсо, анда жолду долбоору жок эле сала бергенге мүмкүн».

Буга чейин Кытайдын грантынын эсебинен Бишкектеги 58 көчө оңдоп-түздөлүп, жаңыдан асфальт басылган. Аны Кытайдын «Сhina Road and Bridge Corporation» корпорациясы аткарган. Шаар жолдорун оңдоонун экинчи фазасына жакында дагы 60 көчө киргизилип, жумуш баштала тургандыгы жарыяланган. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жол куруу чыгымдары ашкере ашыкча көрсөтүлүп, ошол эле кезде жолдор сапатсыз болуп жатканын, анын кесепетинен мамлекет зыянга учурап жатканын белгиледи:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Бизде кыбмат жол салынып келе жатат. Кыргызстандагы бир чакырым жолдун баасы 700 миң доллардан 300 миң долларга чейин экен. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында турат. Ал эми бизде болсо андан бир топ эле жогорку баада болуп жатат. Анан калса сапаты да жакшы эмес».

Бишкекте буга чейин шаардык бюджеттин эсебинен шаар жолдорун жеңил оңдоп-түздөө иштери бюджеттин эсебинен жүрүп келсе, 2015-жылдан бери муниципалдык каражатка жол куруу, асфальт төшөө иштери башталган болчу. Бирок аны чыгымдоодогу коррупциялык чийимдер жана жолдордун сапаты боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG