Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Кымбаттаган жана кыбыраган жол курулушу


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир нече жыл мурда башталган Бишкек-Кара-Балта, Балыкчы-Корумду, Маданият - Жалал-Абад автожолдору эмгиче оңдолуп бүтө элек. Депутаттар алардын сметасы баштагыдан өсүп кеткенин айтып жатышат.

Өкмөт жол курулуштары мөөнөтүнөн кечигип жатканын моюнга алып, иш быйыл бүтөрүнө ишендирүүгө аракет кылууда.

Кыргызстанда «чү» дегенде эле тендер өткөрүүдөгү коррупциялык иштер ашкере болгон жол курулуштары ондоп саналат. Эбегейсиз каражатка бааланып, бирок бир канча жылдан бери оңдолуп жаткан жолдордун катарын Балыкчы-Корумду-Чолпон-Ата, Бишкек-Кара-Балта, Маданият-Жалал-Абад каттамдары да толуктайт.

Жол маселеси өткөн аптада парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлүп, депутаттар Транспорт жана жолдор министрлигине берилген тогуз протоколдук тапшырманын аткарылышын талкууга алышты. Комитет мүчөсү, депутат Төрөбай Зулпукаров Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу баштапкы суммадан кымбаттап жатканын сынга алды:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

«Мисалы 45 чакырымды түзгөн «Бишкек-Кара-Балта» жолунун ар бир чакырымына бир миллион 560 886 доллар же сомго айлантканда бир чакырым жолго 120 млн. сом жумшалууда. Долбоорлордун баарында маселе бар. Учурда жолдун курулушу бир жылга кечеңдеп, долбоор баштапкы суммасынан дагы жети миллион долларга кымбаттай турган болуп атат. Жолдун курулушу белгиленген мөөнөттөн бир жылга кечикти. Же болбосо 67 чакырымды түзгөн «Маданият-Жалал-Абад» жолун карап көрөлү. Жол салган компания тендерди 72 миллион долларга утуп алды. Жолдун бир чакырымы бир миллион 74 626 долларга жасалып атат. Азыркы валюта курсу менен эсептегенде бул жолдун бир чакырымы 82 миллион 746 268 сомго айланып отурат. Бул ыйлай турган нерсе. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жусубалиев 500 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы болгондо 70 чакырымдык Эпкин - Баш Кууган (89-157 чакырым) жол тилкесинин курулушу боюнча долбоордун жалпы наркы 40 миллион 750 971 долларга утуп алган. Мындайча айтканда жолдун бир чакырымы 582 миң доллардан айланууда. Эми ойлонуп көргүлө, бир чакырым жолдун наркы 582 миң доллар болгон жерден 500 миң доллар пара алынып отурат. Бир чакырымы бир жарым миллиардга бааланган жерлерде кандай иш болгон?»

2017-жылы башталган Бишкек - Кара-Балта жолун кытайлык «China Railway» компаниясы салууда. Жол оңдоо иштери үч жылдан бери бүтпөй жатканы ары-бери каттагандарды кыйла жүдөтүп жатат. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бул жолдун курулушу кечигип жатканын ырастады. Бирок анын жүйөлүү себептери бар экенин айтып, жол курулушу быйыл бүткөрүлөрүн билдирди. Министр кытайлык компания жолго кошумча жети миллион доллар кетерин айтып жатканын моюнга алды:

Жанат Бейшенов.
Жанат Бейшенов.

«Кечигүү бар. Ал иш карьерлерге байланыштуу. Жол четиндеги үйлөрдөн улам да маселе чыгып, иш артка жылып кетти. 2020-жылы бүтөт. Биз маселени чечиш үчүн аракет кылып жатабыз. Жети миллион доллар боюнча айтсам, кытайлык компания ошондой шартты айтып атат. Биз ага макул эмеспиз».

Чыр менен коштолуп, курулушу токтоп турган дагы бир жол - Маданият - Жалал-Абад каттамы. Бул жолдун курулушуна Европа өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу донорлор акча бөлгөнү менен өкмөт төрт жыл бою долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандай алган эмес. Улам тендер жарыяланып отуруп, акырында 2018-жылы азербайжандык «Азвирт» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Курулуш иштери башталып-баштала электе эле тендердин өтүшү жана жеңүүчү компаниядагы шек туудурган жагдайлар ачыкка чыккан. Ушундай чуулуу жагдайлардан улам жолдун курулушу токтоп турат.

Жол тармагы менен жакындан тааныш мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин пикиринде, өлкөдө жол курулушу боюнча долбоорлордун коррупциялык ызы-чуу менен коштолгону көндүм адатка айланып бараткандай. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул тармактагы бир да ири долбоор чуулгансыз бүтө элек.

Абдырахман Маматалиев.
Абдырахман Маматалиев.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы бир жылдын ичинде эле транспорт жана жолдор министринин эки орун басары коррупцияга байланыштуу иш боюнча кармалып отурат, - деди ал. - Андан мурдараак, мурунку министрлердин бир нечеси чыр-чатак менен жумуштан бошоду, айрымдарына кылмыш иши козголду. Бул мисалдар тармакта, айрыкча жол чарбасында туруктуу коррупциялык схемалар бар экендигин, аларды ишке ашырып жаткан туруктуу топтор бар экендигин далилдеп турат. Тилекке каршы, акыркы жылдары министрликтин жетекчилигине тажырыйбасыз, кесипкөй эмес, чондордун өң тааныш жакындары келип, тез эле тиги топтордун кылтагына илинип, өз алдынча иш алып бара албай жатышат. Мунун айынан бир кездеги эң күчтүү министрлик, ал тейлеген тармактар ушундай начар акыбалда калды. Ошондуктан оңдоп-куруу иштери сапатсыз жүрүп, өз мөөнөтүндө бүтпөй, долбоордун кымбатташына алып келүүдө. Качан гана министрликтин жетекчилигине тажырыйбалуу, кесипкөй, ар кандай шектүү иштерге аралашпаган, таза, мамлекетчил, эрктүү адамдар келип, жанагы коррупциялык схемаларды түп-тамыры менен жоё алса гана министрлик тазаланып, иш алдыга жүрө баштайт».

Депутат Калдарбек Баймуратов маселени чечиш үчүн долбоорлор баштан-аяк ачык болушу керек деп эсептейт.

Калдарбек Баймуратов.
Калдарбек Баймуратов.

«Бишкек-Кара-Балта жолунда Азербайжан компаниясынын тендерди утуп алганы өзүнчө маселе. Жол четиндеги үйлөрдү алууга кеткен чыгым да долбоордун ичинде болушу керек эле. Ошону тиешелүү жетекчилер ойлонуш керек да. Долбоор түзүп жатканда ойлонуш керек. А биз ушинтип эле келатабыз. Ошондуктан ар бир чоң долбоор башталардан мурда жеринде коомдук талкуу өткөрүш керек», - деди ал.

Депутаттар жол курулуштары боюнча тендерлерде дайым эле чет элдик компаниялардын утуп чыгышы да коррупциялык элементтердин бири экенин белгилешет. Депутат Төрөбай Зулпукаровдун оюн угалы.

«Силер «ата мекендик компанияларда тажрыйба жок, жасай албайт» деп жатасыңар. Эмнеге чет элдик компаниялардан бир топ арзан акча сунуш кылган жергиликтүү компаниялар тендерде утпайт? Министр болсо чет элдик компанияларды мактап, аларга адвокат болуп отурат», - деди эл өкүлү.

Чуулгандуу иштер менен белгилүү болгон Балыкчы-Корумду-Чолпон-Ата автожолунун курулушу да азыркыга дейре бүтө элек. Бул жол өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Тиешелүү жетекчилер алгач иш 2018-жылы аяктай турганына убада беришкен. Эми жол курулушу быйыл бүтөрүнө ишендиришүүдө. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов иштин кечеңдешин COVID-19 илдети менен байланыштырды:

«Балыкчы-Корумду жолу боюнча, 104 чакырымдын ичинен 84 чакырым салынып бүттү. Айлык берүүдө маселе бар. Коронавирус пандемиясына байланыштуу иш токтоп турат. Абал турукташканда маселе каралат».

Быйыл апрель айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышкан учурда иштин кечеңдешине вирусту күнөөлөгөн.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө тышкы карыз көбүнесе жол тармагына жумшалат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG