Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Бишкек-Ош жолунун чыры АКШга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Колумбия округунун федералдык соту түркиялык «Энтес» («Entes») компаниясынын Кыргызстандын үстүнөн жазган арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Бишкек-Ош жолун оңдогон ишкана буга чейин соттошуп жатып утуп алган 25 миллион долларды өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Соттошуунун жагдайы

Кыргызстан менен түркиялык компаниянын талашы боюнча АКШнын Колумбия округунун федералдык сотунун 18-октябрдагы баштапкы чечими тууралуу маалымат Орусиянын укук жана соттук маалымат агенттигине (РАПСИ) жарыялангандан кийин гана белгилүү болуп отурат.

Басылма кабарлагандай, «Entes Industrial Plants, Construction and Erection Contracting Co. Inc» (Entes - Энтес) аталган сотко бир жыл мурда арыз жазган жана анда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен 25 миллион долларды өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Агенттик Колумбия соту түрк компаниясынын арызындагы доону таанып, жарым-жартылай канааттандырганын, эми судьялар «министрлик өз алдынча жооп береби же жоопкер катары Кыргызстандын өкмөтү болобу» деген маселени чечиши керек экенин жазды.

«РАПСИ агенттиги таанышкан материалдарга ылайык, республика өзү жоопкер катары тартылабы деген маселени сот эки тарап өз жүйөлөрүн 30 календардык күндүн ичинде келтиргенден кийин карайт», - деп билдирет Орусиянын укук жана соттук маалымат агенттиги.

Маалым болгондой, «Entes» компаниясын 1999-жылы Кыргызстандын өкмөтү Бишкек-Ош жолунун 620 чакырымын реконструкциялоо долбоорун аткаруу үчүн жалдаган. Анын наркын расмий ырастай алган жокпуз, бирок РАПСИ агенттиги контракттын суммасы 52 млрд. доллар болгонун өз баянында келтирет. Албетте, бул абдан чоң сумма. Балким, техникалык себептерден улам ката кетип, чындыгында кеп 52 миллион доллар жөнүндө жүрүп жаткан болушу да мүмкүн.

РАПСИ сайтындагы материалдан үзүндү.
РАПСИ сайтындагы материалдан үзүндү.

Ошентип, курулуш иштери үч жылда аяктамак болот. Бирок ар кандай жагдайлардан улам жумуш кечеңдеп, 2005-жылдын аягында гана иш бүтөт. Бул ошол кездердеги курулуш материалдарынын жетишсиздигине, аба ырайына жана саясий кырдаалга байланыштырылат.

Түрк компаниясы ушундай шартта чыгашасы 23 миллион долларга ашып кеткенин билдирип, кыргыз тарапка доо артат. Кыргызстандын бийлиги анын кайсы бир бөлүгүн гана төлөп берүүгө макул болот.

Бирок «Entes» анын баарын төлөп берүүнү талап кылып, 2009-жылы Эл аралык арбитраждык сотко кайрылат. 2015-жылы сот компаниянын жүйөлөрүн негиздүү деп таап, Транспорт министрлигин түрк мекемесине 16,6 миллион доллар жана анын пайыздарын төлөп берүүгө милдеттендирет.

«Entes» компаниясы ушул эле чечимди аткарып, акчаны өндүрүп берүү тууралуу өтүнүч менен Эл аралык арбитраждык соттун Орусиядагы жана Канададагы инстанцияларына да кайрылат.

Аталган соттор да алардын талабын канаатандырганына карабай түркиялык ишкана Кыргызстандын АКШда мүлккө ээлик кылуу ыктымал экенин эске алып, Колумбия округунун федералдык сотуна 2018-жылы даттанган.

Кыргызстандын бийлиги аталган соттун соңку чечиминен жеңиш Бишкекке оогонуна ишендирүүгө аракет кылууда. Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Аяз Баетов буларга токтолду:

- Бул 2015-жылы чыккан чечим. Анда «16 миллион доллар, кошумча пайыздар төлөнсүн» деп белгиленген, ошонун баары 24 миллион доллардай болот. Стандарттык процедурада таануу жана аткаруу деген түшүнүк бар, булар ошон үчүн Колумбия округунда, Вашингтондо сотко беришти. Бирок азыр чечим чыга элек, азыр «memorandum opinion» же соттордун баштапкы пикири чыкты. Бирок кызык жагдай - бул жолу алар эсепти кайдан алышканын билбейм, бирок 2 млрд. доллар доо коюшкан. Алар муну менен бизди жүдөтөбүз деп ойлошу мүмкүн, балким сот жок дегенде 50 миллион доллар коюп берет деп үмүттөнүшкөндүр. Бирок сот 2015-жылы эле бекитилген сумманы чечип берди. Экинчиден, бул акча Кыргыз Республикасынын карызы эмес, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин гана карызы деп тапты. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик. Анткени эгер министрликтин гана карызы деп табылса, бул боюнча АКШдагы биздин Транспорт министрлигине караштуу гана активдер камакка алынат. Бул министрликтин ал жакта мүлкү жок. АКШда Кыргыз Республикасынын мүлкү болушу мүмкүн, бирок Транспорт министрлиги ал жактан мүлк албайт да. Демек, түркиялык компания биздин министрлик Америкада мүлк сатып алгыча күтүп отура бериши керек болот. Эми сот биздин жүйөлөрдү угуп, ушул эле позицияны бекитип берсе анда практика жүзүндө биз утуп чыккан болобуз.

Башка жүйөлөр

Бирок соңку соттошуу боюнча эксперттердин пикири бир кылка эмес. Кыргызстандын Соода-өндүрүштүк палатасына караштуу бейтарап соттун төрагасы, юрист Шамарал Майчиев окуяга мындайча комментарий берди:

Шамарал Майчиев.
Шамарал Майчиев.

- Эми биз чечимди көрбөй туруп божомол кылып жатабыз да. Эгер сиз айтып жаткандай, ишти Колумбия округунун өкмөттүк соту караса, анда анын чечими биздин өлкөдө таанылбайт. Башкача айтканда, биздин Кыргызстандын сотунун чечими АКШдагы бир компаниядан доо өндүрүлсүн деп чечим кабыл алса, бул чечим ал жакта таанылбайт дегендей сөз. Анткени эки башка өлкө. Эгер Эл аралык сот болсо анда анын чечимин дүйнөдө 159 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда да таанышат. «Доо Транспорт министрлигине жүктөлгөнү аларга зыянын тийгизбейби?» деген суроо - риторикалык суроо. Алар ал жакта карызы бар экенин билсе, АКШдан мүлк албайт, акча которбойт, акырын тынч отурууга мажбур болот го дейм.

Кеп болуп жаткан «Entes» компаниясынын Бишкек-Ош жолун оңдоодогу жумуштары, аларга берилген каражат жана түркиялык ишкана койгон дооматтар тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинен түшүндүрмө ала алган жокпуз. Министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов буларды айтуу менен чектелди:

- Бул жөнүндө бизге да маалымат келип түштү. Муну юристтерден тактап, ошол учурдагы адистерден маалымат топтоп, даярдап жатабыз. Маселени изилдеп көрүп, анан билдирүү беребиз. Изилдөөгө убакыт керек болот.

Азыркы Транспорт жана жолдор министрлиги «Entes» компаниясы курулуш иштерин жүргүзгөн учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги деп аталчу.

Ошол мезгилде министрликти жетектеген, мурдагы премьер-министр, учурдагы парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев түркиялык компаниянын жүйөлөрү негизсиз экенин белгиледи:

Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

- Көп болуп кетти, деталдары так эсимде жок. «Entes» Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда жалданган, мен министр болгон кезде алар иш жүргүзүп жатышкан. Мен билгенден курулушту каржылаган эл аралык банк атайын бир текшерүүчү мекемени дайындаган. Ал «Entes» компаниясы аткарган ишти ийне-жибине чейин териштирип, «мынчасын аткарды, мынчасын аткарбады» деп бүтүм чыгарган. Анан ошондо түркиялык компания өзүнүн ишин толук аткарып бүтө албай калып эле, бет тырмарчылык кылып, доомат артып кирген. Бирок алардын койгон дооматы негизсиз, бул жерде Транспорт министрлигинин эч кандай күнөөсү жок.

Бишкек-Ош жолу 2000-жылдардан баштап оңдоло баштаган. Азия өнүктүрүү банкы буга чейин 140 млн. долларлык насыяны үч бөлүп берип, ага 655 чакырым жолдун 483 чакырымы оңдолгон.

Трассанын калган бөлүктөрү Эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттигинин жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жаңыланган. Бирок жолдун Бишкектен Кара-Балтага чейинки (60 чакырым) жана Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки (67 чакырым) аралыктары оңдолбой калган.

Жолдун начарлаганына жана каттоонун күчөп жатканына байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү бир катар эл аралык мекемелерге кайрылган. Буга Азия өнүктүрүү банкы жооп кылып, алардын жардамы менен 2012-жылы аталган эки участок изилденип, техникалык-экономикалык негиздеме даярдалган.

2014-жылы аталган банк Бишкек - Кара-Балта жолун оңдош үчүн 100 млн. доллар насыя (анын ичинде 35 млн. доллары грант) берген. Ошол эле жылы Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад участогун оңдош үчүн 60 млн. доллар насыя бөлүп берүүгө макулдук берген. Бул суммага кыргыз өкмөтү 12 млн. доллар акча кошуп, жолду оңдоого тендер жарыялаган.

Учурда Бишкек-Кара-Балта жолун Кытай компаниясы салып жатса, Жалал-Абад-Маданият жолун азербайжандык компания куруп жатат. Бирок алар да ар кандай маселелерден улам кечеңдеп жатканы байкалууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG