Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Жолдор - экономиканын жүзү


Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иши.
Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иши.

Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт. Бирок ички жолдордун абалы ал жолдо жүргөн жүргүнчүлөр менен айдоочуларды толук канааттандыра элек.

«Азаттыктын» апта түрмөгүндө ички жолдордун абалы тууралуу кеп болот.

Ош-Бишкек трассасынын 67 чакырымга созулган Маданият-Жалал-Абад бөлүгүндө токтоп калган жолдун курулушу сентябрь айында жанданганы турат. Жолдо иштеген 400дөн ашык жумушчу ушул жылдын апрель айынан бери маянасын ала элек.

Ушундай эле маселе Ысык-Көл облусуна да тиешелүү. Каракол шаарынын кире беришиндеги автожолду асфальттоо иши бүтө элек. Бул жол жыл башында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен жасала баштаган. Калаанын ичинде 30 жылдан бери оңдолбой жатып тамтыгы чыккан жолдор да кездешет. Туристтик аймактын борборундагы ушундай жагдайга жергиликтүү эл нааразы.

Ал эми Нарындын таштак, өңгүл-дөңгүл ички жолдору жүргүнчүлөрдү эле кыйнабастан, далай айдоочуну да ыйлатты. Тыйын таап, үй-бүлө баккысы келген жүргүнчү ташуучулардын автоунаалары жолдун айынан керектен чыгып жатат.

Чет-Нуранын жолунун тамтыгы чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

Ошто болсо эки жыл мурда курулушу башталары айтылган Ноокат Кызыл-Кыя жолунда иш токтоп турат. Ал арада жолго байланыштуу убактылуу салынган көпүрөлөр жарактан чыгып баратат.

Баткен облусу боюнча эл аралык же район аралык жолдордон сырткары 12 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары чек арадагы айылдар үчүн да он чакырымдай жол оңдолгон. Ушу тапта чек арадан алыс аймактарда ички жолдордун абалы кейиштүү.

2019-жылга жолдорду оңдоп-түзөп жана кармап туруш үчүн мамлекеттен 1 млрд. 963 млн. сом каралган. Бул каражатка 126 чакырым жол салуу пландалган болсо, учурда анын 87 чакырымы, башкача айтканда 70 пайызы бүткөн. Өлкөдөгү ички жана шаар аралык жолдор боюнча «Азаттыктын» суроолоруна Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Соодонбаев жооп берди.

«Азаттыктын» жол маселесине арналган апта түрмөгүн ушул жерден уга аласыз.

Жолдор экономиканын жүзү (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:30 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG