Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:54

Жол курулушун жойлогон жемкорлук


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жол долбоорлорун тендерден утуп келгени ачыкка чыкты.

Бул ишкер жетектеген компания кошумча жалданган жергиликтүү аткаруучу ишканалар менен жумушчулардын да акчасын төлөбөй келгени боюнча кылмыш иши козголуп, бирок жыйынтык чыкпай келген. Ошондой эле Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги башка жол долбоорлору боюнча да каржылык мыйзам бузуу учурларын тапкан изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Издөөдөгү ишкердин Кыргызстандагы «ийгилиги»

Жакында Ички иштер министрлигинин иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча буга чейин Кыргызстанда тендерлерди утуп, эки ири жол долбоорун ишке ашырып келген Түркиянын жараны, Йылмаз Хун Эртугрул деген ишкер эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталды. Бул адам Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүрүп, бирок ошол эле кезде Кыргызстандагы жол куруу боюнча тендерлерге катышып, утуп чыккан.

Ислам өнүктүрүү банкы 2015-жылы Кыргызстанга Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого 17 миллион 500 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берген. Йылмаз Хун Эртугрул ээлик кылган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы бул тендерди утуп алган. Ошондой эле анын бул компаниясы азербайжандык «Алке Иншаат Санайи» компаниясы утуп алган Ош-Баткен-Исфана жолуна туунду жалдануучу (субподрядчик) болуп кирген. Бул долбоордун 21,31 миллион долларын Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 2,5 миллион доллардан ашууну республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда эки тендерди утуп, ири өлчөмдө акчаны сыртка чыгарып кетишине ким жол бергенине кызыкты:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Тараз-Талас жол долбоорунун тендерин утуп алган «Чакыр Япы» компаниясынын директору Йылмаз Хун Эртугрул деген түрк жараны эл аралык издөөдө жүргөн алдамчы экени тууралуу Ички иштер министрлигинин Финансы полициясына жазган каты менин колумда турат. Ушул эле адам Ош-Баткен Исфана жолун да курган. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адам Кыргызстанда миллиондогон долларга бааланган эки чоң жол тендерин утуп алып, жол курулушу менен алектенип жүрөт. Анан ал компания жергиликтүү аткаруучу компанияны кайра жалдап, бирок алардын акчасын бербей жүрөт. Тараз-Талас жолунун 1 чакырымдан ашуун жери асфальтталбай калып кеткен. Бул компания Транспорт жана жолдор министрлиги менен бирге бул долбоордон 1 млн. доллардан ашуун акчаны кымырып кеткен. Бизге ошондой эл аралык алдамчылар келип эле каалагандай иштеп, миллиондорду чыгарып кете берсе болобу? Мунун артында ким турат? Себеби кылмыш иши козголгон. Бирок ал ордунан жылбай токтоп турат».

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бир эле учурда эки тендерди утуп чыккан түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы менен «Алке Иншаат Санайи» компаниясынын кожоюну бир болушу мүмкүн экени, кандайдыр бир байланыштары ырасталбаганын айтты. Ошол эле кезде министр «Чакыр Япы» компаниясынын ээси Йылмаз Хун Эртугрул эл аралык издөөдө жүргөнү боюнча расмий маалыматы болбосо да түрк элчиси менен жолугушууда анын кыңыр иштерге катышы бар экендиги тууралуу оозеки маалымат алганын эстеди:

Жанат Бейшенов.
Жанат Бейшенов.

«Тараз-Талас-Суусамыр жолу боюнча тендер өтүп жаткан кезде ошондой маалымат бар беле же жокпу, анысын билбейм. Бирок былтыр 2018-жылы май айында башкы жалдануучу менен туунду жалдануучунун ортосунда чарбалык талаш-тартыштар чыккан. Бул компания Ош-Баткен-Исфана жол долбоору боюнча өткөн тендерде туунду жалдануучу экени тууралуу маалымат чыкканда долбоордун консультанттары аны ырастаган эмес. Менде азыр расмий маалымат жок. Бирок түрк элчиси менен жолугушуу учурунда анын ишкердик жаатында таза иштебеген ишкер экендиги айтылган».

«Чакыр Япы» компаниясынын ээси Йылмаз Хун Эртугрулдун өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Жогорку Кеңеште былтыр күзүндө Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоо боюнча долбоордун 3-фазасына байланыштуу эл аралык тендерди түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы кандайча утуп алганын текшерип чыгуу маселеси көтөрүлгөн. Бирок парламенттин тиешелүү комитети көтөргөн демилгенин алкагында жол куруу долбоорундагы күмөндүү жагдайларды иликтөө иштеринин жыйынтыгы да белгисиз бойдон турат. Ошол эле кезде жумушчу топтун тыянагы да чыга элек. Мурдагы транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров бул тендер 2014-жылдын этеги менен 2015-жылдын башында андан мурунку эки министрдин тушунда өткөрүлгөнүн белгиледи:

Замирбек Айдаров.
Замирбек Айдаров.

«Бул тендер мен министр болуп турганда өткөн эмес. Бул боюнча менде так маалымат жок. Ал мага чейин эле мурдагы министрлер Калыкбек Султанов жана андан кийин министр болгон Аргынбек Малабаевдин тушунда болгон. Мен ошол тендердин кандай өткөнү тууралуу кабардар болгон эмес экенмин. Бул тендер ошол 2014-2015-жылдары өткөрүлгөн».

Ордунан козголбогон кылмыш иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоо боюнча тендерди утуп алган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясына каршы былтыр кылмыш ишин козгоп, жол оңдоодо 730 миң доллар жоголгонун аныктап чыккан. Бирок бул жолду курууга туунду жалдануучу катары тартылган жергиликтүү «Кыргыз жол курулуш» компаниясынын жетекчилиги тергөө алты айдан бери кечеңдеп, бул түркиялык компания мамлекетти 730 миң долларга сызга отургузганы аз келгенсип, анын эки млн. долларга чукул акчасын төлөп бербей жатканына даттанган эле. 2018-жылдын күзүнө карата жол оңдоо иштери 90 пайызга аткарылып, бирок жол долбоорунун башкы жалдануучусу «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы менен ишти аткарган «Кыргыз жол курулуш» ишканасынын ортосунда чатак келип чыккан. Анткени 2018-жылдын июнь айында «Кыргыз жол курулуш» ишканасы «Чакыр Япы» компаниясы 1 миллион 800 миң долларга аткарылган жумуштун акысын төлөбөй койгону боюнча УКМКга арыз жазган.

«Кыргыз жол курулуш» ишканасынын жетекчиси Шахзаман Момбеков ал компаниянын алдамчылык иши алты айдан бери тергелип бүтпөй койгонун айткан болчу:

«Кылмыш иши козголуп, алты-жети айдан бери бул тергөө иши деги эле бүтпөй койгонуна таң калып жатабыз. Бул жерде кимдир-бирөөлөр ишти андан ары жылдырбай, кармап жатабы деген шек бар. Бардыгы ачык-айкын болуп турганына карабастан тергөө ишинин создуктурулуп жатышы бизде чоң күмөн ойлорду жаратууда. Жолдун оңдолушун көзөмөлдөгөн компания да аталган жумуштар аткарылбаганын жана «Чакыр Япы» жасалбаган ишти жалгандан «жасалды» деп көрсөтүп, акчаны чыгарып кеткенин ырастап отурат. Негизи «Чакыр Япынын» тендерди утуп алганы да кызык. Ал компания эч кандай иш кылган жок. Болгону ортомчунун ролун аткарды. Анын бир калемсап, бир папкасы эле бар. Өкүлдөрүн коюп койгон. Жол оңдоо иштерин аягына чейин биз бүтүрдүк. Анан аткарылган жумуштарды эсептеп чыкканда акт түзүлүп, ал компания бизге 1 миллион 800 миң доллар төлөп бере турган болгон. Анан аткарылган иштерге кеткен биздин ал чыгымдарды бул компания төлөбөй жүрө берди. Кийин билсек, булар бизди алдап, эптеп жумушту бүтүрүп, анан качканы калышкан экен. Ошону байкап калып биз УКМКга арызданганбыз. Бирок эми азыр тергөө иштеринен деле дайын чыкпай жатат».

2016-жылы башталган Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоо иштери 2018-жылдын башында токтоп калган. Буга жол долбоорунун башкы жалдануучусу катары тендерден утуп алган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы менен ишти аткарган «Кыргыз жол курулуш» ишканасынын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Мурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов бул компанияны коргоп, ал өз милдеттерин так эле аткарганын айткан эле:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

«Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 99% жумуштары аткарылып, бүтүп калды. Ал жердеги акчаны үнөмдөөнүн эсебинен жолдун четиндеги тротуарларды салууну жана жарыктандырууну киргизгенбиз. Себеби ошол жумуштар калган. Азыркы күндө бул компания жол оңдоого тартылган туунду жалдануучу менен соттошуп, банк эсептери камалып, карыздарын төлөп бере албай жатат. Ушуга байланыштуу Тараз-Талас-Суусамыр жолун пайдаланууга берүүнүн мөөнөтү да артка жылып кетти. Жакында Ислам өнүктүрүү банкы бизге «эгерде силер бул маселени бир жактуу чечпесеңер, анда кийинки жылдардагы насыяларды берүү маселесин кайрадан карап чыгышыбыз мүмкүн» деген мазмунда кат жазды. Соттук териштирүү канча созуларын биз билбейбиз. Анткени ал жерде кылмыш иши ачылган».

9 миллион доллардан ашкан чыгымдар беренеси

Мындан сырткары Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдагы ишмердигин текшерип, жол куруу долбоорлорундагы бир катар финансалык мыйзам бузуу фактыларын таап чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков контракт боюнча чыгымдар кандайча жашырылганын айтты:

«Мен ошол Бишкек-Кара-Балта жол долбоору боюнча аябай таң калдым. Анда «Алдын-ала эсепке алынбаган чыгашалар» беренеси адатта чыгымдардын жалпы өлчөмүнүн 10 пайызын түзүш керек болсо, булардыкы андан бир топ жогору болгон. Эгерде ошол чыгымдар беренеси он пайызды түзсө, 7 миллион долларды түзүш керек болсо, бул жерде 9 миллион доллардан ашуун каражат «Алдын-ала эсепке алынбаган чыгашалар» беренесине киргизилип калган. Анан ошол компаниянын жолду оңдой турган 10 автоунаасы бар экен. Аны гараж башчысы жана май куюучу тейлейт экен. Алардын биринин айлыгы 11 500 доллар болсо, экинчисинин маянасы 5700 доллар деп көрсөтүлгөн. Сомдун курсу менен чечмелегенде гараж башчысы 800 миң сом, май куюучу 400 миң сомдон ашуун маяна алат экен. Ушундай да болобу?»

Бирок транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов депутат айткан маяналардын өлчөмүнө тактоо киргизди. Анын айтымында, маянанын бул өлчөмү жалпылаштырылып көрсөтүлгөн.

«Биз сиздин маалыматты угуп, тактап, текшерип чыктык. Анткени сиз айткан маянанын өлчөмү бул жерде бир айлык маяна эмес. Жети айда берилген айлыктардын кошулган жалпы өлчөмү экен. Эсеп палатасынын отчетунда да төлөнгөн акча бир айлык маяна деп көрсөтүлгөн эмес», - деди ал.

Ошол эле кезде бул жол долбоорун каржылаш үчүн Кытайдан алынган 70 миллион доллардан ашуун насыянын 9 миллион доллардан ашууну «Алдын-ала эсепке алынбаган чыгымдар» беренесине киргизилип, Эсеп палатасынын текшерүүчүлөрүнө аны сарптоонун так эсеби көрсөтүлбөгөнү аныкталды.

Текшерилбей калган чыгымдар

Эсеп палатасынын улук инспектору Насирдин Кудайбердиев бул жол долбоорундагы аталган чыгашалар беренесинин өзгөчөлүгү тууралуу мындай дейт:

«Ал алдын-ала эсепке алынбаган чыгымдарды алар контракт боюнча өз алдынча чыгымдоого акысы бар экен. «Аны үнөмдөп калса да болот, ашыкча сарптаса да болот» деп контрактта көрсөтүлүп калган экен. Ошол үчүн бизге толук маалымат беришкен жок. Ал чыгымдар беренесинин өлчөмү долбоордун каражатынын 10 пайызынан бир топ ашыкча чыгып калды. Башкача айтканда ошол чыгымдар беренеси 17-18 пайызга чыгып кеткен. Бирок контрактта «чыгымдар 10 пайыз» деп гана жазылган. Муну алар техникалык ката катары түшүндүрүп, «алдын-ала эсепке алынбаган чыгымдар 17 пайызга чейин көрсөтүлүшү керек» деп жатышат. Ошондуктан бизге бул боюнча так жана толук маалымат беришкен жок».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жол тендерлериндеги коррупциялык схемалардын тамыры кыркылбай келе жатканын айтты. Анын себебин депутат мурунку жана кийинки министрлер, укук коргоо органдары бирин-бири калкалаган коррупциялык байланыштар менен түшүндүрдү:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Бул эми турушу менен эле коррупция. Мурунку жана кийинки министрлерди бир сыйра камап салмайынча абал өзгөрбөйт окшойт. Себеби тендерлер боюнча кылмыш иши козголот. Бирок аягына чыкпай эле, келтирилген зыян ордуна коюлбай калып кетип жатат. Анткени тергөө органдары аткаминерлер менен келишип алып, ишти тергөөнү кечеңдетип туруп, аягында эскирүү мөөнөтүнө алып барып, ошону менен кылмыш иштери кыскарып кетип жатат. Бул жерде коррупция менен күрөшүүнүн өзүндө коррупциялык байланыштар кеңири жайылып кеткенин байкоого болот».

Буга чейин эле мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да укук коргоо органдарына жол куруу тармагындагы тутумдашкан коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркууну тапшырган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG