Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:36

"Чакыр Япынын" чатагы


Иллюстрациялык сүрөт.

Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоо боюнча тендерди утуп алган түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясынын табышмактуу жагдайлары боюнча маселе көтөрүлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул компанияга каршы кылмыш ишин козгоп, жол оңдоодо 730 миң доллар жоголгонун аныктап чыккан. Бирок бул жолду курууга туунду жалдануучу (субподрядчик) катары тартылган жергиликтүү "Кыргыз жол курулуш" компаниясынын жетекчилиги тергөө алты айдан бери кечеңдеп, бул түркиялык компания мамлекетти 730 миң долларга сызга отургузганы аз келгенсип, анын эки миллион долларга чукул акчасын төлөп бербей жатканын айтып чыкты. Бул маселе боюнча парламентте депутаттык жумушчу тобу түзүлүп, жол куруу боюнча өткөн тендериндеги мыйзам бузуу фактыларын таап чыккан.

Тегирмени айланбаган тергөө, кылчактаган кызыкчылык...

Ислам өнүктүрүү банкы 2015-жылы Кыргызстанга Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого 17 миллион 500 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берген.

Бул эл аралык тендерде түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы утуп алып, бирок ишти аткарууга жергиликтүү "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасы туунду жалдануучу катары тартылган.

2018-жылдын күзүнө карата жол оңдоо иштери 98 пайызга аткарылып бүтүп, бирок жол долбоорунун башкы жалдануучусу "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы менен ишти аткарган "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасынын ортосунда маселе келип чыккан.

Анткени 2018-жылдын июнь айында "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасы "Чакыр Япы" компаниясы 1 миллион 800 миң долларлык жумуштун акысын төлөбөй койгонуна даттанып, УКМКга арыз жазган.

"Кыргыз Жол Курулуш" ишканасынын жетекчиси Шахзаман Момбеков бул компаниянын иши алты айдан бери тергелип, бүтпөй жатканына таң калды:

Бул жерде кимдир-бирөөлөр ишти андан ары жылдырбай, кармап жатабы деген да шек бар.

- Биз бул арызды июнь айынын башында эле жазганбыз. Кылмыш иши козголуп, алты-жети айдан бери бул тергөө иши деги эле бүтпөй койгонуна таң калып жатабыз. Бул жерде кимдир-бирөөлөр ишти андан ары жылдырбай, кармап жатабы деген шек бар. Бардыгы ачык-айкын болуп турганына карабастан, тергөө ишинин создуктурулуп жатышы бизде чоң күмөн ойлорду жаратууда. Жолдун оңдолушун көзөмөлдөгөн компания да аталган жумуштар аткарылбаганын жана "Чакыр Япы" жасалбаган ишти жалгандан “жасалды” деп көрсөтүп, акчаны чыгарып кеткенин ырастап отурат. Негизи "Чакыр Япынын" тендерди утуп алганы да кызык. Ал компания эч кандай иш кылган жок. Болгону ортомчунун ролун аткарды. Анын бир калемсап, бир папкасы эле бар. Өкүлдөрүн коюп койгон. Жол оңдоо иштерин аягына чейин биз бүтүрдүк. Анан аткарылган жумуштарды эсептеп чыкканда акт түзүлүп, ал компания бизге 1 миллион 800 миң доллар төлөп бере турган болгон. Анан аткарылган иштерге кеткен биздин ал чыгымдарды бул компания төлөбөй жүрө берди. Кийин билсек, булар бизди алдап, эптеп жумушту бүтүрүп, анан качканы калышкан экен. Ошону байкап калып биз УКМКга арызданганбыз. Бирок эми азыр тергөө иштеринен деле дайын чыкпай жатат.

Бул ишти УКМК текшерип чыгып, анын жыйынтыгы боюнча түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы Тараз-Талас-Суусамыр жол куруу долбоорундагы чыгашаларды 730 миң долларга ашыкча көрсөткөнүн аныктап чыккан болчу.

Бул тууралуу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитетинин 25-сентябрындагы жыйынында УКМКнын өкүлү билдирген. Ал аталган кылмыш фактысы боюнча иш иликтенип жатканын жана азырынча эч кимге айып коюла электигин айткан эле.

Бирок "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясынын өкүлү Фариз Жамили парламенттеги тиешелүү комитеттин жыйынында жол оңдоо иштери жасалма түрдө үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, чыгымдардын баасын жогору көргөзгөн бир да факты жок экенин билдирген.

Кийин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков да бул маселени көтөрүп, транспорт жана жолдор министрин "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы мамлекетке жана жол курулуш ишканасына зыян келтиргенине карабастан анын кызыкчылыгын коргоп жатышынын себептерине кызыккан:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- "Чакыр Япы" Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоодо жанагы акча каражаттарын төлөбөй жатканы жана чыгымдар ашыкча көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча маселе эмне себептен ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат? Бул компания жалаң эле Тараз-Талас-Суусамыр жолу боюнча эмес, Ош-Баткен-Исфана жолу боюнча да жумушчулардын айлыгын бербей, чыгымдарды ашыкча көрсөтүп, бизге насыяга келген акчаны кайра алып чыгып кетип жатканы боюнча эмне себептен катуу чара көрүлбөйт? Ким буга жол берип жатат? Бул жерде өтө чоң көз боёмочулук бар. Анан “кылмыш иши козголду” дегени менен эмдигиче ал эмнеге андан ары жылбай жатканы боюнча да шек бар.

2016-жылы башталган Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоо иштери 2018-жылдын башында токтоп калган. Буга жол долбоорунун башкы жалдануучусу катары тендерден утуп алган түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы менен ишти аткарган "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасынын ортосундагы пикир келишпестик себеп болду.

Тиешелүү комитеттин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов териштирүү жүрүп жатканын айтып, үнөмдөлгөн акча жолдун башка чыгымдарына жумшаларын айткан:

- Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 99% жумуштары аткарылып, бүтүп калды. Ал жердеги акчаны үнөмдөөнүн эсебинен жолдун четиндеги тротуарларды салууну жана жарыктандырууну киргизгенбиз. Себеби ошол жумуштар калган. Азыркы күндө бул компания жол оңдоого тартылган туунду жалдануучу менен соттошуп, банк эсептери камалып, карыздарын төлөп бере албай жатат. Ушуга байланыштуу Тараз-Талас-Суусамыр жолун пайдаланууга берүүнүн мөөнөтү да артка жылып кетти. Жакында Ислам өнүктүрүү банкы бизге "эгерде силер бул маселени бир жактуу чечпесеңер, анда кийинки жылдардагы насыяларды берүү маселесин кайрадан карап чыгышыбыз мүмкүн" деген мазмунда кат жазды. Соттук териштирүү канча созуларын биз билбейбиз. Анткени ал жерде кылмыш иши ачылган.

Жасалбаган иштин жарнамасы

Бул жагдайды иликтеш үчүн парламентте түзүлгөн депутаттык жумушчу топ да түркиялык компания Тараз-Талас-Суусамыр жол куруу долбоорундагы чыгашалар аткарылган иштердин актысында жазылгандан бир топ ашыкча көрсөтүлгөнүн текшерүү учурунда аныктап чыккан.

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Абдыбек Дүйшалиев Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 75-чакырымынан 105-чакырымына чейинки аралыгын текшерген жумушчу топ “50 миллион сомдон ашуун каражат ашыкча көрсөтүлгөн” деген тыянакка келгенин билдирди:

Абдыбек Дүйшалиев.
Абдыбек Дүйшалиев.

- Биз ал жакка барып, жолду салып, оңдоп жаткан адистер менен жолукканбыз. Анда туунду жалдануучу катары жол оңдоо иштерине тартылган "Кыргыз Жол Курулуш" компаниясынын адистеринен: “"Чакыр Япы" компаниясы аткарылган жумуштардын актысында көрсөткөн иштерди жасадыңар беле?" десек, алар бизге андай иштер аткарылбаганын айтышты. “Анан булар кайсы жол менен ал акчаны чыгарып кеткен?” деген суроо пайда болду. Көрсө бул жагдайды ишти аткарган туунду жалдануучу билбейт экен. "Чакыр Япы" анысы жок эле Транспорт жана жолдор министрлиги менен келишип алып ошондой кадамга барган экен. Натыйжада 50 миллион сомдон ашуун акча жоголгону аныкталып отурат.

Жогорку Кеңеште быйыл күзүндө Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоо боюнча долбоордун 3-фазасына байланыштуу эл аралык тендерди түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы кандайча утуп алганын текшерип чыгуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок парламенттин тиешелүү комитети көтөргөн демилгенин алкагында жол куруу долбоорундагы күмөндүү жагдайларды иликтөө иштеринин жыйынтыгы да белгисиз бойдон турат. Ошол эле кезде жумушчу топтун тыянагы да чыга элек.

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин иликтөө иштерин тездетүү жана тергөөгө жардам берүү боюнча көтөргөн демилгеси кийин сөз боюнча калып кетти.

- Комиссия түзүш керек, - деген эле Камчыбек Жолдошбаев. - Тергөө органдары беш-алты айдан бери эч кандай жыйынтык чыгара албай жүрүшөт. Кыргызстанда азыр жол салууга жана жол оңдоого байланышкан коррупциянын гүлдөп жаткан учуру. Айрым чет элдик компаниялар Кыргызстандын бул тармагын коррупциянын чордонуна айлантып алышты көрүнөт. Алар сууга чөмүлгөндөй эле Кыргызстанда өздөрүн аябай эркин сезип жүрүшөт. Бир чакырым жолду 3-4 миллион долларга салып бүтүрөт деген - бул эмне деген акча? Эл аралык практикада жок, мындай көрүнүштөр!

Ата мекендик ишканаларга берилбеген артыкчылык

Айрым парламент депутаттарын жол оңдоого адистешкен жергиликтүү дасыккан курулуш компаниялары бар экенине карабастан Тараз-Талас-Суусамыр жолу боюнча тендерден эмне себептен "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" сыяктуу чет элдик компаниялар утуп чыгып жатканы кызыктырды. Ал аз келгенсип, түркиялык компания тендерден утуп чыгып, бирок жол куруу жумуштарын өзү аткарбай, ага "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасын туунду жалдануучу катары тартканы да суроолорду жаратты. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев тендерден чет элдик компаниялар утуп чыгып жатканын айтып, бул абалды жөнгө салуу маселесин көтөрдү:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

- Транспорт жана жолдор министрлигиндеги мындай көрүнүш кылмышка тете. Чет элдик компанияларды жол куруу боюнча тендерлерге жолотпой, ата мекендик ишканаларга артыкчылык берилсе жакшы болмок. Биздин өзүбүздүн эле ишканалардын азыр тажрыйбасы жетиштүү, техникасы бар. Анан эмнеге кытайлык, түркиялык компанияларга олчойгон тендерлерди карматып жатабыз? Парламенттен буга чейин ата мекендик компаниялар тендерлерден утуп чыксын деген максатта мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизип бергенбиз. Анда жергиликтүү ата мекендик компания тендерде 20 пайызга кымбатыраак сунуш берген күндө да чет элдик ишканага эмес, ата мекендик курулуш компанияларына артыкчылык берилиши керек экендиги көрсөтүлгөн. Бирок бизде азыр болбой эле чет элдик компаниялар тендерден утуп жатышат. Бирок “биздикинен артыкчылыгы бар экен” дейин десең андай деле эмес экен. Керек болсо техникасы жок, тажрыйбасы жок, квалификациясы туура келбеген жасалма компаниялар тендерден утуп жатышат.

Ошол эле кезде тендерден утуп чыгып, Ислам өнүктүрүү банкынан насыяга алынган каражатты өздөштүрүүгө алган негизги жалдануучу - "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" жол оңдоо жумуштарын аткарган жергиликтүү кошумча жалдануучу ишканага акысын бербей койгон жагдай жол долбоорун көзөмөлдөгөн буюртмачы - Транспорт жана жолдор министрлигин анчейин кызыктырбайт экен. Министрликтин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Нур Дубашев бул тууралуу мындайча комментарий берген:

- Буюртмачы тарап бул тендерден утуп чыккан башкы жалдануучуга акча карыз эмес. Аткарылган жумуштары үчүн башкы жалдануучу өз убагында акча каражаттарын алып турду. Ал эми башкы жалдануучу менен жумушту аткарып жаткан туунду жалдануучу кандайча бири-бирине карыз болуп калганы бизге белгисиз. Бурютмачы катары биздин министрлик мындай териштирүүлөргө кийлигише албайт.

Эки долбоорду эптеген бир компания

Анткен менен "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы Кыргызстанда жалаң эле Тараз-Талас-Суусамыр жол оңдоо тендерин уткан эмес экен. Анын аты азыркы учурда Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо боюнча 2017-жылы өткөрүлгөн тендер боюнча да чыга баштады. Бирок аталган тендерге катышкан бул компания документтер боюнча уткан эмес. Ислам өнүктүрүү банкы берген 21 миллион доллар насыянын 18,25 миллион долларына жолду оңдоо тендерин азербайжандык "Алке Иншаат Санайи" компаниясы утуп алган. Бирок бул компания кийин кайра эле "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясын ушул жол оңдоо долбооруна туунду жалдануучу катары ишке тартканы кийин белгилүү болгон.

Эркин иликтөөчү Замир Казакбаев бул эки компаниянын ортосундагы көмүскө байланыштарды таап чыкты.

- Чынында бул эки мекеме - бир эле компания, - дейт ал. - Анткени экөөнүн жетекчиси бир эле киши. Эки башка документтер менен тендерлерге катышып жүргөнү азыр белгилүү болуп отурат. Жакында эле Ош-Баткен-Исфана жолу боюнча чыр-чатак чыгып калды. Биз ал жакка барганда андагы өкүлчүлүктүн адамдары бизге өздөрү "Чакыр Япы" бул жерде башкы жалдануучу эмес, бирок туунду жалдануучу болгон" деп айтып беришти. Ал компания иштеп жатып, анан жумушчулардын маяналарын төлөбөй коюп, курулуш иштерин өз убагында аткара албаганы үчүн кайрадан башында тендерден утуп чыккан "Алке Иншаат" компаниясы келип, “жол оңдоо жумуштарын жүргүзө баштадык” деп жатышат. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги бизге “"Чакыр Япы" компаниясы ал жакта жок” деген болчу. Башында бул жагдай аябай табышмактуу болуп, кийин анын баары ачыкка чыкты.

Бул жагдай боюнча транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдон комментарий алууга мүмкүн болбоду. Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Тараз-Талас-Суусамыр жолу менен бирге эле Ош-Баткен-Исфана жол куруу долбоорун да иликтөө боюнча демилге көтөрдү. Жээнчороев насыяга алынган бул акчанын максаттуу колдонулушун текшерип чыгуу зарыл экенин билдирди:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- 18,25 миллион доллар... Бул жерде 1 млрд. сомдон ашуун каражат тууралуу сөз болуп жатат. Бул акчаны Кыргызстан насыя катары Ислам өнүктүрүү банкынан алып жатат. Ошондуктан биз карызга алган акчанын максаттуулугун, сарамжалдуулугун жана туура негизде колдонулушун карап, иликтеп чыгып, бул эки долбоордун тең каржылоо шарттарын текшерип чыгууга туура келет. Себеби, биз бул акчаны элдин эсебинен төлөйбүз.

Эске сала кетүүчү жагдай - Ислам өнүктүрүү банкы кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2015-жылы Кыргызстандагы жол оңдоо долбоорлорун колдоого жеңилдетилген шартта 40 миллион долларга чукул насыяларды берүүгө убада берген болчу. Анын 17,5 миллион доллары Тараз-Талас-Суусамыр жол долбоорунун 3-фазасын оңдоого, 18,25 миллион доллар Ош-Баткен-Исфана жолунун 33 чакырымын оңдоого багытталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG