Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Транспорт министринин орун басары кармалды


Азимкан Жусубалиев. Коллаж.
Азимкан Жусубалиев. Коллаж.

УКМК транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын маалыматына ылайык, министрдин орун басары өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн 50 миң доллар пара алган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматы боюнча министрдин орун басары тендердик комиссиянын төрагасы болуп туруп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн жалпысынан 520 миң доллар пара сураган.

Атайын кызматтын материалдарына ишенсек, кылмышка шектүү бул сумманын 120 миң долларын ортомчулар аркылуу алууга жетишкен, калганын кийинки жумаларда алмак. Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ал эми транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өз орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышын күтүүсүз кабар катары баалады.

Калилов орун басары Нарындын Эпкин - Баш-Кууганды (Жумгалдан Кочкорго чейинки) аймагындагы жолду курууга өткөрүлгөн тендердеги коррупцияга байланыштуу шек саналып жатканын айтууда. Ал тендерде италиялык компания утуп чыгып, жакында 60 чакырымдан ашык жолдун курулушу башталмак.

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

- Ал жерде тендердик комиссиянын төрагасы Жусубалиев болгон, - деди министр. - Ал жерде Экономика, Каржы министрликтеринин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү бар болчу. Тендер өтүп, ал жерде италиялык бир фирма жеңүүчү болуп табылган. Келишимге кол койгонбуз. Ал азыр кышкы эксплуатация кылып, жазгыга даярданып жатат. Калганын мен деле Интернеттен окудум.

Транспорт жана жолдор министрлигинин тендерлер боюнча сайтында 2017-жылдын июль айында Эпкин - Баш-Кууганды аймагындагы 69 чакырым жолду куруш үчүн тендерге катышууга 17 компания кайрылганы кабарланган. Алардын ичинен 11 компания документтерине байланыштуу тендерге катыша алган эмес.

Ал эми 2018-жылы 16-февралда алты компаниянын ичинен жол салыш үчүн 38 млн. доллар сунуш кылган азербайжандык “Azvirt Limited Liability Company” ишканасы утуп чыккан. Бирок аталган сайтта бул компания жол куруу келишиминен баш тартканы жазылат.

Ушундан улам 2018-жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуш кылып сынакта кийинки орунда турган италиялык “Todini Costruzioni Generali Company” ишканасы менен үч жылга келишим түзүлгөн. Расмий сайтта утуп чыккан компания келишимден эмнеге баш тартканы жазылган эмес.

Буга чейин эле Кыргызстандагы эң коррупциялашкан тармак катары сөз болуп келген Транспорт министрлигинин жогорку кызмат адамы ири суммадагы пара боюнча айтыпталып жатышы министрликтин жетекчилерине карата сынды ого бетер күчөттү.

“Мындай ири суммадагы паранын ачыкка чыгышы министрликте туруктуу коррупциялашкан система бар экенинен кабар берет” дегендер басымдуулук кылат. Ишкер Манас Саматов мындай учурда өкмөт башчы менен министрдин жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт.

- Министр кол алдындагы орун басары эмне кылып жатканын билбей эмне кылып жүрөт? - деп собол таштады ишкер.

- Эми билбей калса ал өз көйгөйү, бирок кызматтан кетиши керек. Ири суммадагы пара алган кызматкер - системанын кишиси. Эч кандай талкууга жол бербестен коомчулук катуу туруп, өкмөт башчы кызматтан кетиши керек. Ушундай учурда жарандык коом катуу турбаса, коррупциянын тамыры кыркылбайт.

Социалдык тармактардын колдонуучулары министрдин орун басары алганы кабарланып жаткан паранын суммасына таң калып жатышат. Анткени 520 миң доллар өлкөдө бир чоң айыл өкмөттүн бюджетине барабар. Ушундан улам коомчулукта жол тармагындагы бардык курулуштарды текшерип чыгуу боюнча талаптар айтылып жатат.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев мындай деди:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Бүгүн эл арасында уу-дуу кептер айтылып жатат. Министр да “мүнөзү жумшак адам болчу” дейт. Балким артында тургандарды текшериш керек. Эми буга чейин эле жол курулуштары, түндүк-түштүк жолу боюнча ар кандай кептер айтылып жаткан. “Транспорт министрлигинин камакта отурган мурдагы жогорку кызмат адамдарынын системасы иштеп жатат” дешет. Текшерүүлөр башталды болуш керек.

Кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев бул кызматка 2017-жылдын февраль айында дайындалып, жол тармагына жооптуу болуп келген. Буга чейин өкмөттүк аппараттын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Мыйзам боюнча министрдин орун басарын премьер-министр дайындайт. Ошол кезде өкмөт башчы болуп азыркы президент Сооронбай Жээнбеков иштеп турган.

Азимкан Жусубалиев - Ошто союз мезгилинде жогорку кызматтарда, кийин “легендарлуу парламенттин” өкүлү болгон Ильяс Жусубалиевдин баласы. Ильяс Жусубалиев Ошто таасирдүү карыя саясатчы экени айтылат. Ири суммадагы парага байланыштуу шек саналып жаткан Азимкан Жусубалиев өз декларациясында 2016-жылы 709 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Ал эми 2017-жылдагы кирешеси жарыялана элек.

Жусубалиев кийинки убакта аткаруу бийлигинин ири коррупцияга байланыштуу шек саналган өкүлдөрүнүн бири болуп калды. Буга чейин ири суммадагы пара алууга шектүү катары прокуратура, бажы кызматынын жогорку кызмат адамдары кармалышкан. Андан тышкары, Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу мурдагы премьер-министр баш болгон бир катар жогорку даражалуу аткаминерлер кармалып, тергөө абагында камакта отурушат.

"Азаттыктын" архиви: Жолдон жонулган жашылдар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG