Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Ошто жолго жетпей жоголгон акча


Жарым-жартылай бүткөн Ош-Баткен-Исфана жолу.
Жарым-жартылай бүткөн Ош-Баткен-Исфана жолу.

Ошто бир топ ишкерлер «Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108-чакырымында курулуш жүргүзгөн түркиялык компания атайын техниканын ижара акысын жана айлык акы бербей, күйүүчү майдын акчасын төлөбөй кетти» деп нааразы болуп жатышат.

Транспорт жана жол министрлиги бул жолдо оңдоо иштерин жүргүзгөн ишкананын банк эсеби камакта болгону үчүн төлөмдөрдү кечиктирүүгө мажбур экенин маалымдады. Түркияда, Өзбекстанда шылуундугу үчүн издөө жарыяланган түрк жараны Кыргызстанда эки ири тендерди утуп алганын «Азаттык» буга чейин баяндаган.

Траснпорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы Ош – Баткен -Исфана жолунун 75-108- чакырымындагы курулушту тендерден Түркиянын «Алке Иншаат Санайи энд Тижарет» компаниясы утуп алган. Ал эми ишкерлер нааразылык билдирип жаткан түрк жараны, Йылмаз Хун Эртугрул жетектеген «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы туунду жалдануучу (субподрядчик) болуп кирген. Жалпы бюджети дээрлик 24 млн. доллар турган бул долбоордун 21,31 млн. долларын Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 2,5 миллион доллардан ашууну республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Учурда бул сумманын канча бөлүгү сарпталганы белгисиз. Бирок түркиялык ишкана жол курулушунда иштеген жумушчуларга жана ишкерлерге баш-аягы 5 млн. сомдой карыз.

Алсак, компанияны күйүүчү май менен камсыздап берүү тууралуу келишим түзгөн ишкер Советбек Абдраимов 4 млн. сомдук күйүүчү майдын жарымынан көбүрөөк акчасын алып, калганын ала албай калган.

Советбек Абдраимов.
Советбек Абдраимов.

«Хун бей деген түрк жараны менен келишим түзүп, ал мага 35 күн ичинде акча төлөп берип турмак болгон, - деди ишкер. - Бирок жарым-жартылайын төлөп, калганын төлөбөй кетип калышты. Бардык иш юридикалык жол менен, келишимдердин негизинде жүргүзүлгөн. Мага 1 млн. сомго жакын карыз. 2017-жылдын 31-декабрына чейин күйүүчү май менен камсыз кылып келдим. Ошол бойдон менин акчамды бербей келатышат. Акысын ала албай жүргөндөр көп, батирин ижарага берип, техникасын берип, иштеп акчасын ала албай кала берген жүздөй киши бар».

Дагы бир ишкер Рустамбек Равшанов түрк ишканасына эки экскаватор менен бир суу ташыгыч машинесин ижарага берген. Өзү да иштеген. Бул ишкерге «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» 3 млн. сомдой карызын бербей кеткен экен.

Рустамбек Равшанов.
Рустамбек Равшанов.

«Мен банктан бул техниканын баарын күрөөгө коюп, насыя акча алгам, - деп түшүндүрдү ал. - Эми ошону төлөй албай жатам. Техниканын акчасын да, иштеген айлык акымды да ала албай жүрөм. Кеңсесине барсак «бир ай, он күн ичинде берилет» деп тил эмизип келишти. Транспорт жана жол министрлигине да бардык, алар да «эми берет» деп ишендирип, жолго салышат».

Ишкерлер буга чейин бул компанияга каршы Баткен облустук сотуна кайрылышкан. Бирок үч жолку сот отурумуна ишканадан бир да өкүл басып келген эмес. Кийинчерээк компаниянын юристи ишкана Бишкекте түзүлгөнүн маалымдап, ага байланыштуу соттук териштирүү Бишкекте гана болушун маалымдаган кат жиберген. Ага байланыштуу ишкерлер арызын Бишкек шаардык сотуна которушкан, бирок азырынча отурум боло элек. Ишкерлер бул ишканага каршы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) да кайрылышкан. Финполдон бул боюнча кандай иш жүрүп жатканы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Ишкерлерди жана жумушчуларды сызга отургузуп кеткен «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясын жетектеген Түркиянын жараны, Йылмаз Хун Эртугрул деген ишкер эл аралык издөөдө жүргөнүн эки ай мурун Ички иштер министрлиги аныктаган. Бул адам Түркия менен Өзбекстандагы шылуундугу үчүн эл аралык издөөдө жүрүп, бирок ошол эле кезде Кыргызстандагы жол куруу боюнча тендерлерге катышып, утуп чыкканы белгилүү болгон.

Ислам өнүктүрүү банкы 2015-жылы Кыргызстанга Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого 17 миллион 500 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берген. Йылмаз Хун Эртугрул ээлик кылган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы бул тендерди да утуп алган.

Учурда бул компаниянын Бишкектеги кеңсеси жабык, телефондору өчүк болууда.

Ал эми Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108- чакырымындагы курулушка түркиялык ишкананы туунду жалдануучу кылып алган Түркиянын «Алке Иншаат Санайи энд Тижарет» компаниясы «Чакыр япынын» карыздарын төлөп келе жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги кабарлоодо.

Министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2019-жылдын мартына чейин жумушчуларга жана ишкерлерге 152 980 доллар төлөнгөн, калган 103 636 доллар жакынкы убактарда төлөнүп берилери айтылган.

Кылычбек Досумбетов.
Кылычбек Досумбетов.

«Айрымдарына төлөнгөн, дагы канча ишкер калганын тактап жатабыз. «Азыр кимге канча карыз экенин тактап, дагы төлөнөт» деп түркиялык компания билдирип жатат. Учурда бул ишкананын банк эсептери камакта, ошондуктан да төлөмдөр кечиктирилип жатат. Бул тууралуу түркиялык компания «Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет» ишканасына кат менен кайрылганда маалым болгон. Аталган компаниянын маалыматы боюнча, «Алке Иншаат Санайи Ве Тижарет Аноним Ширкети» ишканасы менен «Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет» ишканасынын ортосунда юридикалык мамиле болгон эмес», - деп билдирди Кылычбек Досумбетов.

Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушуна жарыяланган тендердин баасы 20 млн. 440 441,73 доллар турат. Анын 83% Ислам өнүктүрүү банкы, 11% кыргыз өкмөтү каржыламак. Бул тендерди утуп алган «Алке Иншаат Санайи Ве Тижарет Аноним Ширкети» ишканасы жолду куруш үчүн «Курулум Таахют Иншаат Санайи Ве Тижарет» компаниясы менен келишим түзгөн. Бул ишкана өз кезегинде «Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет» компаниясы менен келишим түзүп, Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108-чакырымын ал курмак болгон. «Алке Иншаат Санайи Ве Тижарет Аноним Ширкети» ишканасы «Азаттыкка» маалымдагандай, «Курулум Таахют Иншаат Санайи Ве Тижарет» ишканасы келишимде көрсөтүлгөн милдетин аткарбагандыктан, «Алке иншаат» аны менен келишимин бузган.

«Ал эми «Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет» компаниясы менен биздин ишкананын ортосунда эч кандай юридикалык байланыш жок. Биздин расмий кат менен кайрылуубуздан соң гана аталган ишкананын банк эсептери камакта болгондуктан, алар карыздарын төлөй албай жатышканын билдик», деп айтылат «Алке Иншаат Санайи Ве Тижарет Аноним Ширкети» компаниясынын маалыматында. Ошентсе да ишкана бул маселени жакын арада чечерин маалымдаган.

Түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясына каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр кылмыш ишин козгоп, жол оңдоодо 730 миң доллар жоголгонун аныктап чыккан. Көп өтпөй аталган ишкана Талас-Тарас жолун курууга туунду жалдануучу катары тартылган жергиликтүү «Кыргыз жол курулуш» компаниясынын эки млн. долларга чукул акчасын төлөп бербей кеткени аныкталган. 2018-жылдын күзүнө карата жол оңдоо иштери 90 пайызга аткарылганын белгилеген «Кыргыз жол курулуш» ишканасы «Чакыр Япы» компаниясы 1 млн. 800 миң долларга аткарылган жумуштун акысын төлөбөй койгонуна даттанып, УКМКга арыз жазган.

УКМКнын маалыматына таянсак, учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Ал эми Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108-чакырымында жолдун жарымына бир кабат асфальт төшөлүп, жарымынын эски асфальты оюлуп алынган боюнча чаңдап турганын «Азаттыкка» жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG