Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:08

Кыргыз өкмөтү эл аралык сотто уттурду


Куттуу-Сай II кени.

Кыргыз өкмөтү эл аралык арбитраждык сотто утулуп, канадалык компанияга 24 миллион доллар доого жыгылды.

Өкмөттүн астындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун азыркы жетекчилиги менен мурдагысы бул ири суммадагы доого жыгылуунун кесепеттери үчүн жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жатат.

Өкмөт болсо доого жыккан эл аралык соттун чечимине каршы даттанарын билдирди.

Соттук өкүлчүлүк борбору «Stans Energy Corp» компаниясынын доо арызы боюнча "Эл аралык арбитраждык соттун чечими - кыргыз тарап доону автоматтык түрдө төлөшү керек билдирбейт" деген мааниде билдирүү таратты.

Инвестицияларды коргоо жана эл аралык соттук талаштар тармагындагы адистер, кыргыз өкмөтүнө бул доонун кесепети оор болорун эскертип, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн чабал эл аралык юридикалык компания жалданып калганын сындап чыгышты.

Жоопкерчиликти эч ким алгысы келбейт

Торонтодогу Эл аралык арбитраждык сот - Канаданын "Stans Energy Corp" жана «Kutesay Mining LLC» тоо-кен компанияларынын, Кеминдеги Куттуу-Сай II жана Калесай кен булактарынан сейрек кездешүүчү металл өндүрүп иштетүү лицензиясы жокко чыгарылган жагдай боюнча доону карап, чечим чыгарган.

Анда "Кыргыз өкмөтү лицензияны канадалык инвестордон мыйзамсыз алып койгон" деген негизде анын доосун канааттандырып, кыргыз өкмөтүн ага 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу "Bloomberg" эл аралык басылмасы жазып чыкты.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Аяз Баетов маалыматты ырастап, бирок бул үчүн жоопкерчиликти мурдагы жетекчиликке жүктөдү:

"Бул иш көп жылдан бери келе жаткан. Бирок соңку жарым жылдан бери соттук териштирүү боло элек болчу. Кийинки бир жыл аралыгында эч кандай сот отуруму өткөн эмес. Бул маселе боюнча акыркы сот жыйыны мына ошол Шамбетовдун учурунда болгон. Арбитрлер чечим кабыл алуунун астында тараптарды чакырып, кошумча далилдерди сурап, чогултпайт. Мурда болуп өткөн соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен эле чечим чыгарат. Акыркы жыйын Шамбетовдун учурунда болуп, бардык материалдар, аргументтер ошол учурда берилген. Анын убагында биздин позициябыз да аныкталып, кагаздар берилген. Анын баарын бир жыл бою арбитрлер карап чыгып, жакында чечим чыгарышты".

Бирок мындай дооматты өкмөттүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы директору Тимур Шамбетов четке какты. Ал Кыргызстан - Эл аралык арбитражда ири доого жыгылганы үчүн азыркы жетекчилик жооптуу экенин айтып, айыпты анын өзүнө оодарды:

"Мен иштеп турган мезгилде Эл аралык арбитраждарда бир дагы соттук жараянды уттурган эмеспиз. Анан мен былтыр кызматтан кеттим. Ошондон баштап, бул иште ким күнөөлүү болгонун билбейм. Албетте, "мен жакшы иштегем же биздин борбор менин учурумда мыкты иш алып барган" деп мактангым келбейт. Бирок бул расмий маалымат. Бизди сотко берген ошол эле Наделден кезинде биз соттон утуп, 2,5 млн. доллар өндүрүп алганбыз. Белоконду да соттон утуп, 300 миң евро өндүргөнбүз. Биздин учурда мына ошондой иш жүрүп жаткан. Азыр кандай болуп жатканын билбейм...".

"Stans Energy Corp" жана «Kutesay Mining LLC» тоо-кен компаниялары, "Кеминдеги Куттуу-Сай II жана Калесай кендерин иштетүү боюнча биздин лицензиябызды мыйзамсыз жокко чыгарган" деген негизде, кыргыз өкмөтүнөн 128 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Кыргыз өкмөтү жалдаган "King&Wood Mallessons LLP" юридикалык компаниясынын өкүлү Андрей Яковлев - "Арбитраждык сот канадалык компаниялардын негизги доосун четке кагып, кен иштетүүгө кеткен түз чыгымдарды жана соттук чыгымдын бир бөлүгүн гана төлөөгө милдеттендирди" - деп эсептейт. Анын айтымында, сот анын доосунун 6% гана канааттандырган.

Чабал коргонуу - чачылган кызыкчылык

Бирок эл аралык соттук талаштар боюнча адис Жоомарт Жолдошев өкмөт чабал юридикалык компанияга ишенип жүрүп, эл аралык соттордон уттуруп жатканын мисал келтирди:

Жоомарт Жолдошев.
Жоомарт Жолдошев.

"Кыргыз өкмөтү "Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык соттордо коргойт" деп жалдаган компаниянын юристтери аябай чабал экени көрүнүп калды. Мен билгенден ал юристтер дайыма эле жеңилип келе жатат. Эл аралык соттордон баш-аягы 200 млн. доллардын тегерегинде доого жыгылдык. Ошондуктан мен Аяз Баетовго "бул юридикалык компанияны алмаштырбайсыңарбы" деп бир нече жолу айткам. Анан аларды кармоого кеткен чыгымдын өзүн эле эсептеп чыкканда, бардык жагдай ачыкка чыгат. Анан айтып жатсаң деле бул маселеге кызыкпай жатышкан соң, айла жоктон бул жерде бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы бар го деген ой кетет экен. Мага жеткен маалыматтар боюнча мына ошол юристтерге соңку төрт жылда 14 млн. доллар акча кеткен".

24 млн. доллар доону ким төлөйт?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов Куттуу-Сай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын канадалык компаниядан алуу маселеси 2012-2013-жылдары парламентте чукул көтөрүлгөнүн эстеди. Анын айтымында, аталган лицензияны шашылып, мыйзамсыз жол менен жокко чыгарган өкмөт анын кесепеттери үчүн жооп берүүгө тийиш:

Исхак Пирматов.
Исхак Пирматов.

"Алар сотко бере албай тургандай кылып, макулдашууну жокко чыгарып, лицензиясын алса болмок. Биз бул боюнча убагында жаагыбыз карышып калганча кыйкырып, айтканбыз. "Лицензияны жокко чыгаргыла, бирок укуктук талаада, мыйзам чегинде чечкиле" дегенбиз. Анан ошол кезде популисттик ураан менен элге жакшы көрүнүш үчүн эле шашылыш иликтеп, анан лицензиясын жокко чыгарып коюш оңой да. Чийки бүтүп калган иш үчүн эртең жооп бериш керек экенин мына ошол кездеги өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү түшүнгүсү келген эмес. Жыйынтыгында эмне болду? Минтип ит болдук. 24 миллион долларды эми ким төлөйт? Ал акчаны мына ошол кезде чечим кабыл алган адамдардан өндүрүп алуу керек".

"Stans Energy Corp", “Кутессай майнинг” компаниялары Кеминдин Ак-Түз айылындагы Куттуу-Сай II жана Калесай кендерин иштетүүгө лицензияны 2009-жылы алган. 2012-жылы ал лицензиянын мөөнөтү узартылган. Бирок ал компания макулдашууну аткарбаганы үчүн лицензиясын жокко чыгаруу жагы Башкы прокуратурага тапшырылган.

Ал Бишкектин райондор аралык сотуна берип, 2013-жылы анын лицензиясы алынган. Кыргыз өкмөтүнүн бул чечимин "Stans Energy Corp" Эл аралык арбитраждык сотко териштирүүгө берип, кыргыз өкмөтүнө 128 млн. доллар доо койгон.

Мурдатан берки изилдөө иштеринин жыйынтыгында, бул кенде күмүш, висмут, молибден, коргошун жана бериллий сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдардын 50 миң тоннадан көбүрөөк запасы бар экени аныкталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (39)

XS
SM
MD
LG