Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Кабаев: Сейрек кездешкен металлдарга байбыз


Кыргызстанда өзгөчө сейрек кездешчү металлдын 20дан ашуун түрү бар. Бул тууралуу Минералдык сырьелор институтунун директору Өмүркул Кабаев айтты.

“Азаттык”: Кыргызстанда Менделеевдин жадыбалындагы бардык элементтер бар деп айтылат. Ошол чынбы?

Өмүркул Кабаев: Чын, Кыргызстан кен байлыкка бай. 16 миң кен жана минерал чыккан очок бар. Алардын ичинде Союз учурунан бери он чакты гана жер иштемиш болуп атат. Ирилери алтын боюнча Кумтөр, сурма боюнча Айдаркен, Кадамжай иштеп атат. Андан сырткары Чүйдө Куттесай-1-2-3 деген бар. Алардын бирөө да Союз тарагандан бери иштебей турат.

“Азаттык”: Кыргызстанда алтын, коло, күмүштөн башка кандай металлдар бар экенин көптөрү биле бербейт. Сейрек жана өтө сейрек кездешүүчү элементтер кайсылар, алардын кайсынысы бар?

Өмүркул Кабаев: Сейрек кездешүүчү металлдар көп. Сурма, жез, вольфрам, молибден дегендер сейрек кездешүүчүлөргө кире берет. Ал эми өтө сейрек кездешүүчүлөр башка топ. Кыргызстанда ушул топко кирген, Куттесайдан чыккан 19дан 22ге чейин элемент бар. Анын мурда 15ке жакынын чыгарып турушкан. Бул элементтер Куттесайдан башка жакта жок.

Сейрек кездешүүчү металлдар өзүнчө далилдерди кез-кезде гана пайда кылат, көбүнчө башка кендерге комплекс болуп кошулуп, кайра иштетүүдө андан бөлүнүп алынат. Ал эми өтө сейрек кездешүүчүлөр – бул жаратылыштын белгилүү бир шартында пайда болот, көп кору жок.

“Азаттык”: Кыргызстанда өтө сейрек кездешүүчү элементтердин кору канча? Учурда Жапония, Кытай инвесторлору буга кызыгып жаткан экен.

Өмүркул Кабаев: Куттесай-1-2-3тө запасы чоң. Бирок курамы төмөн, 0,3%. Запасы Союз учурунда Мамлекеттик запас боюнча комитети тарабынан кабыл алынган. Негизинен кору бар. Бирок бизде жеңил жана оор сейрек кездешчү элементтер деп комплекстүү болуп атат. Экөөнү бирге иштетсе, бирге чыгарса болот. Ошонусу менен баалуу. Ал эми кайсы жерде бар экени инвесторлорго ачык эле маалымат.

“Азаттык: Кыргызстанда запасы канча?

Өмүркул Кабаев: Кыргызстанда эгер жылына 250 миң тоннадан алып турганда 56 жылга жете турган запасы бар. Азыр эми технология өскөнүнө байланыштуу миллиондоп алса болот. Эгер ошондой алынса, бир эле жерден 15-18 жылга жете турган запасы бар.

“Азаттык”: Кыргызстан ушул менен таанылып, өнүгүп кетсе болобу?

Өмүркул Кабаев: Албетте. Бир гана Кыргызстан эмес, Англия, Германия, Америка бүт өнүккөн мамлекеттер кендин негизинде өнүгүшкөн. Азыр деле ошонун арты менен өнүгүп жатышат.

“Азаттык”: Азыр техниканын заманы. Бул сейрек кездешчү металлдар эмнелерге колдонулат?

Өмүркул Кабаев: Булар жалпысынан электрондук, космостук, компьютердик өндүрүшкө колдонулат. Учак жасоодо бүт тетиктер ошонун негизинде жасалат.

“Азаттык”: Сланец газы деген түшүнүк чыкты. Бул газды алмаштырат деген талкуулар жүрүүдө. Кыргызстанда бул боюнча жагдай кандай?

Өмүркул Кабаев: Ал жөнүндө азыр Орто Азия топурабай эле койсо болот. Себеби бул Эстонияда жакшы өнүккөн. Кыргызстанда андай сланец жок. Бар деп айтышат, бирок ал өндүрүш же башка жагына кирбейт, запасы жок. Белгилери бар болгон менен чоң эмес.
XS
SM
MD
LG