Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 8-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 20:31

Бишкек абасы эң булганыч шаарларга кошулду


Бишкектин Чоң-Арык жактан көрүнүшү.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча өткөн ишемби күнү Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири болду.

Шаардын абасын кантип тазарта алабыз? Абаны булгабай турган кандай жылытуу энергиясын колдонууга болот?

«Арай көз чарай» талкуусуна Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Расул Жусупов, жаштардын «Мувгрин» экологиялык кыймылынын мүчөсү Адил Аденов жана «Кирсев» уюмунун энергияны каржылоо программасынын инженери Жаныбек Кулумбетов катышты.

«Азаттык»: - АКШ элчилиги бар бардык өлкөлөрдө орноткон «Airnow» жабдуусу дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун абанын тазалыгына көз салып турат экен. Ошол жабдуу көрсөткөн маалыматка караганда, Бишкек абасы өтө булганган шаарлардын катарына кирип калды. Абанын тазалыгына көз салып жаткан «Мувгрин» уюму буга чейин эле үйдү жылытуу мезгили башталгандан бери Бишкектин абасы булганып, үстүн ыш баса баштады деп билдирген болчу. Адил мырза, чын эле аба от жагылгандан баштап булгана баштадыбы же дагы башка себептер барбы?

Адил Аденов.
Адил Аденов.

Адил Аденов: - Буга чейин абал мынчалык кейиштүү эмес эле. Акыркы бир жумадан бери абанын тазалыгы кескин начарлап, тиешелүү көрсөткүч 5-6 эсе төмөндөп кетти. Буга жеке үй ээлери сапаты начар көмүр жана ар кандай жаман заттардан жасалган таштандыларды жагып жатканы башкы себеп. Алар үйдү жылыткан менен абаны кирдетүүчү заттарды бөлүп чыгарышат.

Башка өлкөлөрдө болсо абанын сапатын көзөмөлдөө катуу жүргүзүлөт. Ага негиз берген мыйзамдары да күчтүү. Автоунааларга, завод-фабрикаларга зыяндуу заттарды чыпкалап калчу жабдууларды сөзсүз орнотулушуна көзөмөл да катуу. Мен таштанды жайдагы абаны беткап кийип алып текшерип жүргөндө ал жердеги абанын кирдиги биз өлчөй турган ченемден бир нече эсе ашып кетип, текшерүүчү аппараттын жебеси токтоп калды. Бул абдан коркунучтуу.

Ал эми ошол таштандынын айланасында жашаган адамдар эч кандай беткапсыз эле таштандыларды чукулап, бир нерселерди чогултуп жүрүшөт. Алар эртеби-кечпи, баары бир ооруга чалдыгаары турган иш да! Бирок аны этибарга алган эч ким жок.

«Азаттык»: - Расул мырза, былтыр да Бишкектин абасы аябай булганып, кара ыш каптап калды деген маселе Жогорку Кеңеште да катуу талкууланды эле. Бир жыл ичинде абалды оңдоо үчүн кандайдыр бир чаралар көрүлдүбү? Быйыл да абал жакшы эмес турбайбы...

Расул Жусупов: - Ооба, былтыр абаны булгаган аракеттерге барган тараптарга карата мыйзамдык-ченемдик актылардын негизинде бир топ чара көрүлгөн. Анын ичинде мончосуна автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жаккандарга, автоунаасынан түтүн чыккандарга жана өндүрүшүнөн зыяндуу заттар чыгарган ишканаларга эскертүү берилген. Биздин инспекция текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде ишканаларды шаардын сыртына чыгаруу боюнча сунуштарды берип жатабыз. Жүк ташуучу машинелер шаарга кирбей, айланып өтүүчү жол менен жүрсүн деп сунуш киргизип жатабыз. Бирок баарын аткартууга инспекциянын укугу жок.

«Азаттык»: - Анда эмне үчүн абал жакшырган жери жок?

Расул Жусупов.
Расул Жусупов.

Расул Жусупов: - Анткени, мындай абал бир же бир нече адамга, ишканага байланыштуу маселе эмес. Аны жалпылап караш керек. Мисалы, Бишкектин төмөн жагында жайгашкан таштанды жайда 20 жылдан бери топтолгон акыр-чикирлер дайыма өрттөнүп, түтөп турат. Мына ошол жактан абага аябай зыяндуу заттар тарап жатат.

«Азаттык»: - Жаныбек мырза, өткөн жылы парламентте «Бишкекти эмне себептен ыш каптап калды?» деген суроого эколог Эмил Шүкүров атаган беш себептин бири «ЖЭБден чыккан түтүн жана жеке үйлөрдү көмүр, тезек, отун менен жылытуу» деген эле. Сиз иштеген уюм Кыргызстан үчүн экологияга зыяны жок жылытуунун кандай жолдорун сунуш кылып жатат?

Жаныбек Кулумбетов: - Бул Бишкек гана эмес, дүйнө элин да ойлонткон көйгөй. Бирок акыркы жылдары Бишкекте чоң мүшкүлгө айланып баратат. Анткени сапатсыз көмүр жагуу, акыр-чикирлерди, жалбырактарды өрттөө, ошондой эле айрым ишканалардын экологиялык талаптарды аткарбагандыгы ушундай көрүнүшкө дуушар кылып жатат. Аларды иретке келтирип, мыйзам талабына ылайык иштетүү аракети да жөнгө салынган жок.

Ал эми үйлөрдү жылытыш үчүн сапатсыз отун жаккандан көрө жылытуунун зыянсыз жолдорун сунуш кылган уюмдар көп. Алардын бири - Европа банкынын Туруктуу энергияны каржылоо программасы 2013-жылдан бери иштеп келе жатат. Эгер үй сыртынан толугу менен жылууланган болсо 10 тонна көмүрдүн ордуна 5 тонна жагып жылытса болот жана абага бөлүнүп чыгып жаткан зыяндуу заттардын көлөмүн да 50% азайтса болот. Андан тышкары Бишкекти шамалдатып турган Түштүк дарбаза жактагы бак-дарактардын көбү кыйылып, кабат-кабат үйлөр менен тосулуп баратат. Демек, шаарды өстүрүүнүн башкы планы бузулуп жатат. Андан тышкары бак-дарактардын сугарылышын камсыздоочу арыктар да жабылып, бак-дарактар куурап жатат. Бул азыр өтө актуалдуу маселе. Муну иретке салыш үчүн бирдиктүү план-программа түзүп, аны бардык мекемелер, ишканалар, жеке адамдар да аткарышы зарыл болуп турат.

Жаныбек Кулумбетов.
Жаныбек Кулумбетов.

Ошондой эле үйдү жылытуунун табигый жолдорун пайдаланууга өтүү зарыл. Мисалы, Корея Сеул шаарындагы бир миллион жеке үй менен коомдук жайларды күндүн нуру менен жылытууга өткөрүп жатат. Бизде да ушундай ыкмага өткөрсө болот. Совет доорунда эле күндүн энергиясы менен үйдү жылытуучу жабдуулар Улуттук илимдер академиясында жасалган. Чабандар үчүн атайын үйлөр да жасалган. Биздин окумуштуулар өздөрү ойлоп тапкан күн батареяларын жасоо ыкмасын Германияга сатып, алар ошол жактан жасалып жатат. Бирок эл арасында маалымат жок. Демек, бул багытта демилге көтөргөн тараптарга өкмөттүк деңгээлде жеңилдик берүү менен ишке ашыруу зарыл деген ойдомун.

«Азаттык»: - Адил мырза, сиз иштеген жаштардын экологиялык кыймылы абаны булгаган көрүнүштөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоону талап кылып президентке чейин кайрылып жүрөсүздөр. Бирок айлана-чөйрөнү коркунучтуу таштандылардан сактоо аракети жакшылап жолго коюлган жери жок. Буга эмне себеп? Кыргыз элинин мүнөзүнө таандык кенебестик себеп болуп жатабы же жөн эле кайдыгерлик, түшүнбөстүк өбөлгө берип жатабы?

Адил Аденов: - Биздин байкашыбызча адамдар абанын кирдешинин кесепети өтө оор экендигин түшүнбөй жатышат. Мисалы, таза эмес аба ар кандай ооруларды пайда кылат. Азыр аллергия болгон, жүрөгү, өпкөсү ооруган адамдар аябай көбөйдү. Анын бир себеби - абанын кирдиги. Себеби, таза эмес аба биринчи кезекте балдар менен карылардын ден соолугуна терс таасир этет. Аны түшүнбөй жатышат.

«Азаттык»: - Расул мырза, совет доорунда Бишкекти өнүктүрүүнүн башкы планын түзүшкөн архитекторлордун бири Галина Кондучалова-Лихтер бир жолку интервьюсунда «Бишкек 15-20 жылдан кийин мончодогу бууланчу жайдай абалга келет» деп билдирди эле. «Себеби шаарды шамалдатып туруш үчүн атайын ачык калтырылган 4-5 тараптуу чоң көчөлөр тосулуп, көп кабаттуу үйлөр бири-бирине өтө жакын курулуп жатыптыр» деп айткан. Сиз иштеген инспекция эмне үчүн ушул көп кабаттуу жайларды, үйлөрдү курууда техникалык-гигиеналык талаптарды аткарууга көз салбай жатасыздар?

Расул Жусупов: - Курулуштардын бардыгы Архитектура кызматынын уруксаты менен жүргүзүлөт. Биздин инспекция аткарылышына гана көз салат. Ар бир завод Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен макулдашып, бир жылда абага бөлүп чыгаруу ченеми боюнча лицензия алат. Биз алардан чыккан зыяндуу заттарды текшерип, эскертүү берүүгө гана укуктуубуз.

«Азаттык»: - Демек, быйыл да Бишкектин абасы жакшы эмес экен. Эгер ар кимге жана ар кандай жагдайга шылтап, кайдыгер болбой бүгүнтөн тарта аракет көрүлбөсө тоолор курчаган Бишкектин экологиялык абалы өтө кооптуу болору турган иш. Ошондуктан бардык мекеме-уюмдар жана ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле кылып, абаны тазартууга аракет көрүшү зарыл деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG