Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Ат аягын талыткан Ноокат жолу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат району аркылуу өткөн бөлүгү ат жүрсө аягы сына турган абалга келип, көп жылдан бери оңдолбой жергиликтүү элдин нааразылыгын жаратты.

2017-жылы августта Транспорт министрлиги бул жолду оңдоого тендер жарыялаган. Тендерден уткан компания учурда жолду оңдоонун алгачкы жумуштарын баштады.

Оңдогон сайын бузулган жол

Оштон Баткенге чейинки жол 1960-жылдары Айдаркен аймагынан казылып алынган сымапты ташуу үчүн курулуп, 1971-жылдары жолго асфальт төшөлгөн экен. Элүү жылда тамтыгы чыккан жолдун абалын айткан ноокаттыктардын үнү бийликке жетпей келет.

Ош-Баткен аралыгында жеңил машинеси менен адам ташып жан баккан Алым Кармабаев буларды айтты:

Алым Кармабаев
Алым Кармабаев

«Көз боёмочулук кылып жатышат. Жолго төшөгөн асфальт майдаланып жатат. Шагыл менен жамайт. Мисалы, Караванга чейинки жол жарабай калган. Эл нааразы болуп жатат. Жол ойдогудай эмес».

Ноокаттагы №37 жол тейлөө ишканасы аймактагы 435 чакырым жолдун жыртыгын жамап, улам оңдоп турат. Анын ичинен Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районунун аймагынан өткөн 45 чакырым аралыгын тейлөө ушул ишкананын мойнунда.

Эмне үчүн жол көп жылдан бери оңолбой жатканын №37 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Чиркеш Сактанов мындайча түшүндүрдү:

Чиркеш Сактанов
Чиркеш Сактанов

«Жол эскирип, өзүнүн мөөнөтүн өтөп бүткөн. Элүү жылдан бери капиталдык ремонт жасалган эмес. Биздин ишкана эки жерди оңдоду. Күзүндө жолду толук оңдоо иштери башталат. Жаңыдан оңдоло турган жолго каражат кетирүүнү туура көргөн жокпуз. Биз азыр каражат сарптап оңдогонубуз менен, аны күзүндө сыйрып алып салышат».

№37 жол тейлөө ишканасынын карамагында эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү жолдордон сырткары 11 көпүрө бар. Алардын бири, Ноокаттын Көк Жар айылындагы Абшыр-Сай көпүрөсү 2015-жылы пайдаланууга жараксыз деп табылган. №37 жол тейлөө ишканасы өткөн жылы Абшыр-Сай көпүрөсүн айланып өтүүчү жол салып, асфальт төшөгөн. Жергиликтүү эл унаа салыгын төлөп жатса да жолдун абалы оңолбой жатканына нааразы.

«Чоңдор ушул жолдон бир жолу биздикиндей машина менен өтүп көрүшсүнчү, ошондо билишет. Жол тандабастарды айдап өтүп кетишет, эч нерсени байкабай калышат. Бул жолдо жүргөнгө болбойт. Тиричилик үчүн эптеп пайдаланабыз. Шагылга асфальтты аралаштырып жамап коюшат. Ал үч айга жетпей жок болот. Чоңдор келгенде шашып оңдой калышат».

Президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусундагы иш cапары учурунда Ноокаттагы №37 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду ылай, топурак менен жамап жаткан видео интернетке жарыяланып кеткен.

Шагыл менен жамалган жол
Шагыл менен жамалган жол

Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Чиркеш Сактанов жол оңдоо технологиясы боюнча, чуңкурларды убактылуу шагыл менен жамап турууга боло турганын айтты.

«Шагыл менен толтуруп болсо да абалды жакшыртып, жол кырсыгынын алдын алып жатабыз. Жаан жаабай турса эле шагыл менен жамап турсак болот. Жаанда шагыл чыгып кетет. Кайра эле жамап турабыз. Аны чоңдордун аймакка келиши менен байланыштырбаш керек. Мындан сырткары айылдардын ички жолдорун өзүнчө технология менен салып жатабыз. Калыңдыгы 6 сантиметр болгон жол салабыз. Жолдун негизин бекемдеп курсак көпкө чыдайт. Айылда жүк ташыган унаалар аз. Мындай жолдун бир чакырымына 5 млн. сом сарпталат».

Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат аймагынан өткөн 45 чакырым аралыгын оңдоо үчүн Транспорт министрлиги тендер өткөргөн. Тендерди жапониялык JICA уюму утуп чыккан. Учурда аталган уюм жолду оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн долбоор түзүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG