Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Бишкектин архитектуралык көркүн бузбайлы


«Аккула» ат майданынын сырты.
«Аккула» ат майданынын сырты.

Италиядагы атактуу Пиза мунарасы 1319-жылы курулуп бүткөн. Бийиктиги 57 метрлик мунара бүгүн өз огунан 3° 54' жантайып калган. Ошого карабай, атактуу мунара жети кылымдан бери кулабай турат.

Ал эми Кыргызстандын борбору Бишкекте жарым кылымдык имараттар пайдаланууга жарасыз же кооптуу деп табылууда. Андай бүтүмдүн негизинде тарыхый архитектуралык объектилерди жок кылуу төбөлсүздүк жылдары ордолуу шаарда өтө күч алды.

Бул «саамалыкка» бүгүнкү өкмөт да өз салымын кошту. Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-сентябрда кол койгон токтомго ылайык, «Ак кула» ат майданынын дарбаза-аркасы жана көрүүчүлөр отурчу зонасы кыйратылып, көптөгөн тарыхый окуялардын күбөсү жер менен жексен болот. Бишкек шаары дагы бир кайталангыс архитектуралык имаратынан ажырайт.

Эгерде маселеге мыйзамдык жактан карасак, тарыхый объектини жок кылууга толук негиз бардай. Себеби, былтыр ноябрда Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин адистери аталган имаратты изилдеп чыгып, сейсмологиялык талапка жооп бербейт, авариялык абалда, объектини реставрациялоо жана реконструкциялоо мүмкүн эмес деп бүтүм чыгарышкан.

(Ат майдан туңгуч президент А. Акаевдин тушунда, тагыраак айтканда, 1990-жылдардын этегинде мыйзамсыз түрдө акционердик менчикке өтүп кетип, Бишкек мэриясына 2018-жылы гана кайтарылган. Ал аралыкта имарат каралбай калганын Мамархитектуранын берген баасы тастыктайт).

Андан мурда же 2019-жылы 16-июлда ат майданын калыбына келтирүү (регенерациялоо) боюнча конкурс жарыяланган. Сынактын жыйынтыгы 18-октябрда чыгарылып, Алымбек Абдраимовдун тобу иштеп чыккан долбоор жеңүүчү деп табылганын Бишкек мэриясы маалымдаган.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түзгөн мекеме аралык комиссия быйыл 3-мартта «Аккула» ипподромун тарыхый да, илимий да, көркөмдүк да баалуулугу жок деп тапкан. Анын негизинде ипподром тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарылып, 1947-жылы архитектор В. Носовдун долбоору боюнча курулган имаратты сүздүрүүгө жол кенен ачылган эле.

Ушундай эле жол менен Бишкектин темир жол вокзалынын бет маңдайында 1960-жылы курулган «Ала-Тоо» мейманканасы, Эркиндик (мурдагы Дзержинский) бульварынын четинде 1974-жылы курулган «Пишпек» мейманканасы талкаланган.

Бир кезде республикада эң мыкты деп эсептелген «Ала-Тоо» мейманканасынын ордуна кымбат баалуу көп кабаттуу турак үй курулса, андан алда канча заманбап деп эсептелген «Пишпек» мейманканасынын ордуна «Orion» мейманканасы жана бизнес-борбор заңкаят.

«Аккула» ипподромун, «Ала-Тоо» жана «Пишпек» мейманканаларын жексен кылгандай эле жол менен борбор шаардын ортосундагы дагы бир архитектуралык эстелик – «Нарын» рестораны кыйсыпыр кылынды. Ал жерге 20 кабаттуу мейманкана түшмөкчү.

Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарынын 1967-жылдагы көрүнүшү.
Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарынын 1967-жылдагы көрүнүшү.

Бул тизмеге дагы бир тарыхый, маданий, архитектуралык эстеликти кошпосок болбойт. Ал - 1951-жылы курулган «Ысык-Көл» кинотеатры. Кинотеатрда Кыргызстанда биринчи болуп «Светофор», «Өспүрүм жана светофор», «Болочок жоокер» деген киноклубдар түзүлүп, «Кино жана мезгил» деген кинолекторий иштечү. Анын баары бүгүн жок. «Ысык-Көл» кинотеатры сүрдүрүлүп, ал жерге Борбордук мечит курулган.

Ал эми Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу турак үй капталында мармар эстелик тактайчалары болгонуна карабай, тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен көздү жуумп туруп чыгарылган. Бул үй жаңылбасам өткөн кылымдын орто ченинде курулган болчу.

Эшиги бульвардын четки аллеясына түз чыккан жана шаардын турак жай архитектурасынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бул үйдүн ордуна пулдуулар үчүн көп кабаттуу там түшкөн.

Өйдөдө саналган имараттарды куруш үчүн калаанын архитектуралык жана маданий тарыхы менен тыгыз байланышкан классикалык имараттарды большевиктерчесинен кыйратып жок кылуу сөзсүз зарыл беле? Бул имараттар үчүн башка ылайыктуу жер жок беле?

Шаар бийлиги курулуш саясатын ушу жолой менен жүргүзсө, келечекте башка да тарыхый архитектуралык эстеликтерди кыйратып жок кылбайт деп ким кепилдик берет?

Чолпон-Ата шаары менен Бактуу-Долоноту айылынын ортосундагы «Раппопорт аллеясы», Мамлекеттик тарых музейиндеги көөнө мумия да жогоруда айтылгандай эле айла-амалдар менен жок кылынып, бүгүн алардын изи табылбай калбадыбы?!

Шаарлар менен кыштактардын архитектуралык келбети, жүзү, образы жана чөйрөсү бир күндө эле калыптанбайт. Шаардын тарыхый архитектуралык келбетин бир муун эмес, көптөгөн муундун жаратман эмгегинин жана чыгармачылык изденүүсүнүн натыйжасында калыптандырат. Эски имараттар акырындап тарыхый эстеликке, эл сыймыктанчу, жаңы муундун эстетикалык табитин тарбиялоочу архитектуралык көркөм дөөлөткө айланат. Туристтерди кызыктырчу тарыхый мураска, казынага киреше алып келчү көркөм архитектуралык баалуулук болуп чыгат.

Муну эгемен өлкөнүн курулуш саясатын көзөмөлдөгөн кызматтар, өлкөнүн Маданият министрлиги, мамлекет башындагылар көз жаздымда калтырганын ордолуу Бишкектин жогоруда айтылган мисалдары айкын көрсөтүүдө.

Мындай калпыстыктарга жер-жерлерде жол бербөө жана тарыхый, архитектуралык, маданий эстеликтерди аздектеп сактоо кыргыз өкмөтүнө катар курулуш компанияларынын, жергиликтүү бийлик органдарынын да милдети болууга тийиш.

Көп муундар тарабынан калыптанган шаардын тарыхый-архитектуралык келбетин бузуу эмес, келбетин сактоо, насилине чоң доо кетирбей жакшыртуу, жаңы имараттар менен байытуу биздин да милдетибиз эмеспи!

Ал милдетти аткарыш үчүн Бишкек, Ош, Каракол, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад, Өзгөн жана башка шаарлардын, ал түгүл кээ бир кыштактардын тарыхый бөлүгүн жана тарыхый архитектуралык эстеликтерин сактоо максатында өнүгүүнүн башкы планын иштеп чыгыш керек. Аны иштеп чыгууга архитекторлор, тарыхчылар, искусство таануучулар, археологдор, геологдор, экологдор, экономисттер, инженерлер катышуусу зарыл.

Менин оюмча, бул маанилүү ишти жетектөө жана көзөмөлдөө үчүн көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй Тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөнү жөндүү.

Белгилүү тилчи, маданият таануучу Дмитрий Лихачёв айткандай, эстутум – өткөндү унутпай мээде сактоо эле эмес, эстутум - түбөлүктүүлүк жөнүндө ойлоо. Ошондуктан өткөн муундун жана ата-бабаларыбыздын эмгеги менен жаралган тарыхый архитектуралык дөөлөттөр түбөлүктүүлүк үчүн сакталууга тийиш.

Айтмакчы, бир жума мурда, 7-сентябрда Бишкек мэриясы жаңы ат майданын долбоорлоого жаңы конкурс жарыялады. Эми былтыркы долбоор эмне болот? Ага кеткен чыгым күлдөй талаага себилдиби? Же сынак жаңылыш жарыяландыбы?

Бул суроолордун жообун Бишкек мээриясы гана билет.

XS
SM
MD
LG