Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Бүтөрү менен бүлүнгөн парктар


Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы ыйгарылган парктын бузулган тротуары. Сүрөт Владимир Цайга таандык.
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы ыйгарылган парктын бузулган тротуары. Сүрөт Владимир Цайга таандык.

48 миллион сом жумшалып, 7-майда президент барып ачкан Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги жана анын аты коюлган парк бузула баштаганы тууралуу видеолор социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты.

Бишкектин мэриясы кайсы бир адамдар эстеликти атайын эле бузушканын айтып, аны оңдогонун билдирди. Шаар тургундары май айынын башында ачылган парк июнга жетпей бузула баштаганына нааразы болуп, анын чала бүткөнүн айтышууда.

Жарандык активист Владимир Цай парк жакшы жерге жайгашканын, бирок аны курууда көп мүчүлүштүктөр кеткенин айтты:

Владимир Цай.
Владимир Цай.

«Парк өзү абдан жакшы жерге курулган. Ичи чоң, бактары чоң, жолдору көп. Машыгуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ал эми орнотулган эстелик боюнча айта турган болсок, ал тепкич сыяктуу орнотулуп, анын үстүнө жөн эле чыгып кетсең болот. Жаш балдар анын үстүнө чыгып ойноп жатышканын да айтышууда. Анан эстеликтеги пластиктен жасалган жазуулар түшүп калыптыр. Ал жазуулар скотч менен чапталган экен. Асфальт төшөлгөн жол да оюлуп турат. Бул паркты 9-майга карата ачууга аракет кылып, толук жасап үлгүрбөй, анан убактылуу эле жасап коюшканын айтышууда. Эми аны түшүнүп турабыз. Кийин ал жазууну алмашыптыр. Андай жазууну жарым саатта жасаса болот. Ал эми таманташтардын түшүп кетиши иштин чала болгонун көрсөтөт. Алар аны «жүк ташуучу машине киргенден кийин ушундай чуңкур болду» деп жатат. Тротуардын кээ бир жерин карасаң жамгыр жааганда суу толуп калат. Демек, ал да чала жасалган. Ошону билип туруп эмне себептен оор техникасы бар автоунааларды парктын ичине киргизишет? Урнаны отургучтардын жанына койбой, парктын борбордук бөлүгүнө гана пластиктен жасап коюшуптур. Даараткана болсо соода борборлорундагыдай. Мындай даараткана парктарга туура келбейт, аны бат эле талкалашат».

Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин жана баатырдын ысмы берилген жаңы парктын ачылышы 7-майда өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышкан.

Сооронбай Жээнбеков Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюп жаткан учуру. 7-май, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюп жаткан учуру. 7-май, 2020-жыл.

Ал арада Бишкек мэриясы паркта орнотулган селкинчектердин бирөөнү белгисиз адамдар жулуп кетишкени, Түлөбердиевдин эстелигинин астындагы жазууларды бузганы боюнча билдирүү тараткан.

Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова бул боюнча мындай деди:

Гуля Алмамбетова.
Гуля Алмамбетова.

«Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында жакшы эмес окуялар болду. Түн ичинде келип бирөөлөр атайын талкалоо иштерин жасады. Түшүп калган тамгаларды карап көрсөк, ал атайын эле балка менен жулунган. Жөн турса эч нерсе болбойт болчу. Анткени ал тамгалар атайын технология менен жасалган. Ал алюкобонд же латунь менен жасалат. Атайын жулуп салганына карабай ал жазуу гавро ташы менен кайра калыбына келтирилди. Бул парктын курулушуна шаардык бюджеттен 48 миллион сом каржыланган. Айкелдин өзү 2,5 миллион сом болгон. Шаар тургундарына бардык шартты түзүүгө багытталган иштер дагы эле уланууда».

Гуля Алмамбетова сейил бакта вандализмдин алдын алыш үчүн 48 камера орнотулганын айтып, шаар тургундарын сейил бакка аяр мамиле кылууга чакырды. Учурда эстеликтин жазууларын бузуп салган белгисиз адамдар изделип жатканын да кошумчалады.

Бишкекте парк ачылып, көп өтпөй эле бузула баштаганы биринчи окуя эмес. Былтыр 80 миллион сом каражат сарпталып, 30-августа ачылган «Ынтымак» сейил багындагы жасалгалар да көп өтпөй сынып калган. Айрым жарандар парктагы чөптөн жасалган жаныбарлардын үстүнө чыгып алганы тартылган видеолор Интернетке тараган.

Шаар өнүктүрүү боюнча адис Атай Самыйбек парктарды курууда социалдык, экологиялык жана экономикалык талдоо жүргүзүлбөй жатканын белгиледи:

Атай Самыйбек.
Атай Самыйбек.

«Социалдык жана экономикалык талдоо жүргүзүлүшү керек эле. Парк биринчи кезекте элге кызмат кылат. Паркка баргандын баары эле бүлдүргүч эмес. Эл ичинде вандалдар бар экенин унутпаш керек. Ошондуктан антивандалдык нерселер жасалышы керек. Аябай аяр мамиле кылуучу буюмдарды жасап коюшат. Андай нерселерди үйүнө жасаса болот. Ал эми коомдук жайларда, парктарда андай бат сына турган буюмдарды орнотуу туура эмес. Азыр кандай коомдо жашап жатабыз, маданиятыбыз кандай - ушунун баарын талдагандан кийин гана долбоорлорду ишке ашырыш керек. Андан сырткары бизде датага байланган система да бар. «Сөзсүз 31-августта, 9-майда ачылышы керек» деп эле буйрук берип коюшуп, шашып, чала жасап коюшат. Бизде «кабыл алуу актысы» деген бар. Комиссия түзүлүп, автордук көзөмөл жүрүшү керек. Сапатын карашат. Тилекке каршы, бизде архитектура, жашылдандыруу жаатында система аябай эле аксап жатат. Бул мэриянын ичинде эле эмес, жалпы Кыргызстан боюнча ушундай маселе бар».

Адис андан сырткары коомдук жайлардагы вандализм жаштарга түшүндүрүү иштеринин жоктугунан болорун да айта кетти.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сагынов парктын ачылышында мүчүлүштүктөр бар экенин моюнга алып, шаардык кеңештин отурумунда бул маселени көтөрө турганын «Азаттыкка» билдирди:

«Албетте, парктын Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата ачылышы - абдан жакшы көрүнүш. Ушул датага бүтүрөлү деп мэрия аябай аракет кылды. Бул жерде жаман нерсе көргөн жокмун. Парктардын көптүгү шаар тургундары үчүн абдан жакшы. Ал эми анын сапаты - башка маселе. Албетте, эстеликтин тамгаларын скотч менен чаптап койгону уят. Бир жумага жетпей түшүп калып жатса, эл албетте, нааразы болот да. Чындыгында эптеп-септеп жасалганы көрүнүп турат. Эми биз бул маселени шаардык кеңеште көтөрүп, бюджеттик комиссия карап чыгат».

Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы ыйгарылган парктын аянты 10 гектарды түзөт. Паркта эс алуучулар үчүн 150 отургуч орнотулуп, узундугу 1660 метр болгон велосипед жолу, балдар аянтчалары курулган. Парктын ачылыш аземинде мэр Азиз Суракматов Бишкекте дагы беш парк курулуп жатканын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG