Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:23

Балбалдарды сактоо демилгеси көтөрүлдү


Кара-Кужур жайлоосундагы балбал таш. (Жаңыл Жусупжандын сүрөтү).

Кыргызстанда балбал таштарды мамлекеттик каттоого алуу Талас облусуна жетти. Буга чейин Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы балбалдар каттоодон өткөн.

Адистердин айтымында, көпчүлүк балбал таштар сыртка ташылып кеткен. Ошол эле учурда мындай баалуу экспонаттарды менчиктеп алган көрүнүштөр да кездешет. Өкмөт таш айкелдерди сактоодо коомчулуктан колдоо күтөт.

Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, бир кезде балбал таштар Борбор Азия чөлкөмүнүн ичинен айрыкча Кыргызстандын аймагында өтө көп болгон.

Тилекке каршы, табылгыс тарыхый эстеликтер акыркы кылымдарда аёосуз талоонго учурап, жыл өткөн сайын азайып баратканы айтылып келет.

Таанымал археолог Кубатбек Табалдыев балбал таштарды сактоо демилгесин көтөрүп жүргөн адистердин бири.

"Балбал таштардын маданий тарыхыбыз үчүн мааниси чоң. Булар түздөн-түз биздин 60-70инчи бабаларыбыздын жүзү чагылдырылган баалуу эстеликтер. Бирок анын биздин тарыхка түздөн түз тиешеси бар экени эске алынбай, XX кылымда алардын көбү жок болуп кетти. Мисалы XIX кылымдын акырында 1880-жылдары Кеминде бир эле күндө жетимиштен ашык балбал таш табылган. Азыр аларды кездештирүүгө мүмкүн эмес”, - дейт Табалдыев.

Адис мындай тарыхый баалуулуктарды сактоо, коргоо үчүн коомчулуктун жардамы керек экенин айтып, балбал таштарга ар бир жаран аяр мамиле кылууга тийиш деп эсептейт.

Адистер тарых илиминде Кыргызстандан табылган буркан таштар - байыркы жана орто кылымдарга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө койгон таш айкелдер экен деп белгилеген.

Археолог Бакыт Аманбаева кийинки мезгилде баалуу эстеликтерге жапайы мамиле жасалып, сыртка ташылып кеткени аз келгенсип эми аны жеке менчик короо-жайларга да орнотуу күч алганын кеп кылды.

Азыр эстелик таштардын так эсеби жок. Мен бул тууралуу так билем. Биздин тизмени да карап көрсөң болот. Менимче азыр 540тай эстелик катталып турса керек. Анын үч жүзү археологиялык, калганы совет дооруна караштуу эстеликтер. Азыр андай эстеликтерди көтөрүп кетип короо-жайына же кайсы бир имараттын жанына коюп алмай модага айланды. Балбалдар көрүстөнгө коюлган эстелик да”.

​Аманбаеванын айтымында, бүгүн балбалдарды кээ бир ресторандардын, кафелердин, мейманкана, атургай өзүн дөөлөттүүмүн деп эсептеген кээ бир таанымал инсандардын короосунан да көрүүгө болот.​

Мисалы, буга чейин социалдык тармактардын бирине мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн короосунда турган балбал таштын сүрөтү жарыяланып, тарыхый эстеликтердин баркын билген коомчулук өкүлдөрүнүн талкуусуна түшкөн.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо бөлүмү 2018-жылдан тарта балбал таштарды каттоо башталганын айтат. Долбоорго ылайык иш Бишкек шаарында жүрүп, быйыл Талас облусуна өттү. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Чынарбек Жолдошев маалымат берди.

“Балбал таштардын так санын аныктоо максатында атайын программа түзүп, каражат бөлүп иш жүргүзүп атабыз. Алгач Бишкек шаарында иш жүргүзүп, жыйынтыгында эки жүздөн ашык балбал бар экенин аныктадык. Ал эми быйыл Талас облусундагы балбал таштарды каттоону баштап турабыз. Калган облустар болсо акча тартышыгына байланыштуу кийикин жылдарга калып атат".

Жолдошевдин айтымында, бул долбоордо кайсы бир маданий мекемелер же жеке менчик имараттар кооздук үчүн өз короосуна коюп алган балбал таштар тууралуу да атайын жол-жобо каралган. Тактап айтканда, мындай учурда кожоюн өкмөткө ал тарыхый эстеликти түбөлүк сактоо кепилдигин берүүгө милдеткер.

Адистердин божомолунда учурда Кыргызстандын аймагында алты жүзгө жакын балбал таш бар. Маданият министрлиги коомчулуктан каралбай калган же кимдир бирөөлөр жеке менчиги катары пайдаланып жүргөн балбал таштар тууралуу маалымат берүүнү өтүнөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG