Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:24

Улуу кыргыз дөөлөтү - технологиянын да, өндүрүштүн да өрүшүнүн доору


Профессор Юлий Худяков.

Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы тууралуу орус илимпозу, археолог, кыргыз таануучу, профессор Юлий Сергеевич Худяков менен маек.

Орусиялык белгилүү окумуштуу Юлий Сергеевич Худяков Энесай кыргыздарынын аскердик өнөрү жана курал-жарактары тууралуу тарыхый изилдөөлөрдүн автору. Кыргыз таануу жаатындагы мыкты эмгектердин катарында алардын айрымдары Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө басылып чыккан.

Илимий иштер боюнча Кыргызстанга келген окумуштууну Бекташ Шамшиев кулжа (июнь) айынын 23үндө кепке тарткан.

“Азаттык”: Юлий Сергеевич, байыркы кыргыз тарыхын изилдөө иштери, мен бул жерде Улуу Кыргыз дөөлөтү, 9-кылым, ага чейинки жана андан кийинки мезгилди эске алып жатам, ушул темага кызыгуу кийинки кездери азайып кеткен жокпу?

Худяков: Андай деле эмес, кызыгуу күчтүү, көп изилдешүүдө. Айрыкча Кыргыз каганаты, Улуу Кыргыз дөөлөтү (Кыргызское великодержавие) тууралуу, дагы башка темалар.

Менин илимий изилдөөм үчүн ошол мезгилдеги кыргыздардын аскер иштери, ушул тема көбүрөөк кызыктырат. Эмне үчүн буга кызыгып калганымдын себеби деле жөнөкөй - байыркы кыргыздардын эстеликтеринде темир буюмдар жакшы сакталган. Өзгөчө жебелер, жаңы эле колдон чыккандай жалтылдайт, жапжаңы куралдай. Албетте, арасында дат басып калгандары да кездешет.

Эмне үчүн кыргыздарды изилдеп калдым? Алгач илимий усулун иштеп чыктым, типологиялык, формалдык жана башкаларын түзүп чыктым. Себеп дегенде, кыргыздар сөөктү өрттөшкөн, чоролорду да ошентишкен. Алардын калдыктары бийик дөбөлөргө коюлган. Алар менен кошо көмүлгөн темир буюмдары жакшы сакталган. Арасында курал-жарактары да бар, үзөңгү, курлар, темирден жасалган буюмдар сакталып калган.

“Азаттык”: Сиз бул темага Кыргызстанда энесайлык доор деген мезгилге тыюу салынган учурда кайрылгансыз. Бул темага кызыгып калышыңыз эмнеге байланыштуу болуп калды, кандай илимий кызыкчылык бар эле?

Худяков: Тыюу салуунун мага тиешеси жок эле. Себеп дегенде, мен Шиберде (Сибирде), Новосибирскидеги илимий мекемелер уюштурган казууларга катышып калдым. Хакасия менен Тувадагы казууларга катыштым. Тоолуу Алтайда да кыргыздардын кызыктуу эстеликтери бар. Эстеликтер сакталган дөбө Диган өрөөнүндө жайгашкан.

Биз кийин, пост-советтик доордо казуу улантып жатканда Кыргызстанда чоң маараке өтүп жаткан. “Манастын”1000 жылдыгынын урматына менин эмгегимди да баалашыптыр.

Ал эми байыркы Кыргыз дөөлөтүнө кайрылуу советтик бир учурларда колдоого алынбай келгендигин мен кийинчерээк угуп калдым. Бирок андай тоскоолдукка карабай, кыргыз жаштарынын, интеллигенция өкүлдөрүнүн бул темага кызыгуусу күчөп бараткан экен.

Тыюу салынган ишке кызыгуу негизи эле күчтүү болот. Менин ишиме Т. Усубалиевдин ичи чыкпаганын кийин мага айтышты. А бирок анын бийлиги мага - алыскы шиберлик илимпозго - эч кандай таасир көрсөтө алган жок.

“Азаттык”: Юлий Сергеевич, сиз чынында эле кызыктуу кезде бул темага кирдиңиз, жазган эмгектериңиз классикалык изилдөөлөр катарына кошулду. Учурунда кыргыз темасына кайрылган улуу окумуштуулардын, айталы, Бартольддун, Бернштам, Абрамзондун эмгектери кайсы бир кездери катуу сынга туш келип, баам сыртында калтырылып келди.

Туура, ал кез башка эле, азыркы эркиндик заманда байыркы кыргыз темасын изилдөө иштерине кенен жол ачылды, эч кандай тоскоол жок деп айтсак болобу? Илимий эмгекти чыгаруу, адистерге жеткирүү, маалымат алмашуу жагында мисалы?

Худяков: Азыр ал жагы жакшы эле. “Мурас” фонду илимий эмгектердин чыгышына колдоо көрсөтүүдө. Кыргызстанда кызыгуу күчтүү. Байыркы кыргыз тарыхына арналган эмгектердин чыгып жатышы ага кызыгуунун күчтүү экенин көрсөтүп турат. Адамдар кызыгып, сатып алып окушуп жатышат. Фонд өтүмдүү китептерди чыгарууда.

Ал эми конкрет темага келсек, бул өзү кыргыз тарыхын дагы бир жарым миң жылга тереңдетет. Кыргыздар жашаган кенен мейкиндикти өз ичине алат. Азыр башка өлкө деп тарыхтын бир бөлүгүн кесип коё албайсың да.

Анан да бул темага кызыгуунун Кыргызстанда күчөп баратышы дагы бир маселеге байланыштуу. Мунун баары жалгыз кыргызга эле эмес, байыркы түрк, монгол, жалпы эле көчмөндөр тарыхына да кирип кетет. Себеп дегенде, кыргыз тарыхы көчмөндөр тарыхы менен тутумдаш, жалпы цивилизацияга кошулары анык го. Менимче, тарыхты ушундай кеңири контекстте кароо туура. Бул жерде кеңири проблемаларды камтыган китептердин чыгып жатышын белгилей кетүү керек.

“Азаттык”: Сиз кыйла жылдардан бери маанилүү бир проблеманы кыргыздардын аскердик жарак-жабдыктарын изилдеп келатасыз. Көчмөн калктардын башка биринин ушундай тарыхын изилдөө мүмкүнчүлүгүңүз деле болгондур, эмнеликтен кыргыз тарыхына, аскердик иштерине кызыгып калдыңыз?

Улуу Кыргыз дөөлөтү дегенде башкаларды басып алуу, аскердик ийгиликтер гана эмес, бул деген - ушул мамлекетте технологиянын, өндүрүштүн өнүгүшү.
Юлий Худяков

Худяков: Кыргыздардын аскердик куралдарын тандап алышымдын бир себеби алардын жакшы сакталгандыгына байланыштуу болгонун жогоруда айттым. Мына ушул темир буюмдарга кызыгып, изилдөөнү баштадым. Алгач илимий усулдарын иштеп чыктым. Типологиялык, формалдуу классификацияга бөлүштүрүп, айырмачылыктарын аныктадым.

Түрдүк жана типологиялык көп түрдүүлүк темир буюмдарда жакшы сакталган. Улуу Кыргыз дөөлөтү дегенде башкаларды басып алуу, аскердик ийгиликтер гана эмес, бул деген - ушул мамлекетте технологиянын, өндүрүштүн өнүгүшү.

Аскердик курал-жарактар, айрыкча темир жебе. Алардын аябай көп түрү 9 – 10-кылымдарга туура келет. Башка элдерде деле өзгөчөлүү дүйнө бар, бирок да кыргыздарда ал өзгөчө көп түрдүүлүккө жетишкен. Бул кыязы, кыргыздардын уйгурларга каршы ийгиликтүү аскердик жүрүштөрүнө байланыштуу болуш керек.

“Азаттык”: Сиз байыркы кыргыз цивилизациясынын учурдагы изилдениш абалын салыштыра аласыз. Улуу Кыргыз дөөлөтүн изилдөө иши жалаң кыргызстандыктарда эле эмес, орусиялык окумуштуулар арасында да кыйла жандана баштаганын айта аласызбы?

Худяков: Көчмөндөр цивилизациясы тууралуу көп жазылып, арбын которулууда. Чет элдик окумуштуулардын эмгектери орус тилине которулуп чыгууда. Туура, жалгыз эле кыргыз аскер курал-жарактары эмес, башка көчмөн калктардын тарыхына кызыгуу кийинки жылдары кыйла күчөдү. Мунун өзү, ар кыл көз караштардын болуп турганы жакшы. Анын үстүнө азыр эч бир тыюу салынган тема жок.

“Азаттык”: Бир кезде Түштүк Шиберде калып калган кыргыздар тууралуу кызуу талаш-тартыштар жүргөн. Энесай менен Алтайда калган кыргыздар, айталы, ал жердеги хакастар - кыргызбы же кыргыз эмеспи деген суроо жаатында көп талаш жүргөн.

Худяков: Алтайлыктардын, хакастардын, тывалардын арасында энесайлык кыргыздардын тикелей урпактары бар. Кыргыз уруулары бар. Бирок да бул этностордун башка бир бөлүгү башка элдердин да тукумдарыбыз дешет.

Көйгөй мында эмнеде? Бул элдердин курамына ар кыл уруулар киришкен. Кыргыздардын арасына деле ар кыл уруулар киришпедиби. Уруу-уруктардан курулган эл улут болушат. Ал жердеги жаштар арасында өткөнгө, кыргыз тамырын иликтөөгө кызыккандар көп. Мага ушул жерден шиберлик жаштар сайт ачып, өз тегин сүрүштүрүп, кыргыз темасына кызыгып жатышканын айтышты.

“Азаттык”: Айрым бир демилгелүү адистердин аракетин эске албаганда, кийинки жылдары археологиялык казуулар дээрлик токтоп калды десек болобу? Албетте, Кубат Табылдиев, Кадича Ташбаева, Бакыт Аманбаевалардын ж.б. аракети менен азыноолок иштер жасалууда. Бул - аз, илимге бөлүнчү акча археология тармагына жетпей жатат. Бул эми Кыргызстандагы абал. Орусияда жагдай кандай?

Худяков: Бул жерде археолог Орозбек Солтобаев жана башкалар да иштеп жатат. Орусия жөнүндө айтсам, проблема бардык жерде бар. Бизде оңой эмес акчаны талап кылчу дүйнөлүк футбол мелдештери өтүп атпайбы, каражаттар ошол жакка кетти. Көйгөй Орусияда мурда деле бар эле.

1990-жылдардын башында да экспедиция уюштуруу, анын каржысын чечүү кыйын болчу. Анткен менен кайсы бир каражаттар табылууда. Менин үмүтүм эле - бу утурумдук кыйынчылыктар артта калат го деген ой.

Археология, анын үстүнө, маданий мураска тийешеси бар илим. Археологиянын кендирин кесип аткандар Орусияда, бул жерде, башка жактарда да “ыймансыз көркоолор” (“черные копатели”) болууда. Темир издегичтер менен ал кишилер тарыхый эстеликтерди талкалашып, баалуу эстеликтерди уурданып базарга алып чыгып сатышат, көбүнчө чет элдиктерге пулдап жиберишет. Тарыхый контекстинен ажыраган эстеликтер жок болот. Мына ушул - чоң көйгөй.

Шиберде баалуу табылга заттар көп. Иран, согду күмүштөрү, идиш-аяктар, көп ченемдүү композициялар, абдан баалуу буюмдар, көркөмдүк жагынан келишкен эстеликтер. Алар Шиберде көп, себеби бул баалуу буюмдарды баалуу терилерге алмаштырышкан. Ирандын өзүндө жок. Бирок ирандык күмүш Шибердин суук жерлерине чейин жеткен. Азыр андай табылгаларды уурдап-сатуу күчөөдө, бул - өкүнтчү жагдай.

“Азаттык”: Эми кеп соңунда илимге кызыккан жаштарга эмне деп айтар элеңиз?

Худяков: Эмне айтам, алдыга койгон максатка тынбай умтулуу керек. Улуу муун өкүлдөрү колунан келишинче илимди алдыга жылдырышты, эми анын келечеги жаштардын колунда. Илимдин бардык тармагынын, - алардын ичинде археологиянын да, - келечеги жаштарга көз каранды.

“Азаттык”: Юлий Сергеевич, кызыктуу кебиңиз үчүн Сизге алкыш!

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG